ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ
Эмне үчүн башкалар менен да достошушум керек?
«Жакын досторум менен эле жүрө берген жагат. Башкалар менен достошуу кыйынга турат» (Алан).
«Саналуу эле досторум бар. Башка эч ким менен деле достошкум келбейт. Тааныбагандар менен оңой эле сүйлөшүп, аралашып кете албайм» (Саара).
Сен да Алан менен Саараныкындай ойдосуңбу? Чектелүү эле адамдар менен дос болуп, башкалар менен достошуу кыйынга турабы?
Эгер ошондой болсо, анда бул макала сен үчүн.
Топтошуп жүрүүнүн көйгөйлөрү
Дайыма чогуу жүргөн жакын досторуңдун болгону жакшы. Жакын досторуң болсо, өзүңдү керектүү сезесиң. Алар сени кемчиликтериңе карабай, кандай болсоң, ошол бойдон жакшы көрүшөт.
«Жакшы көргөн досторуң менен чогуу жүргөн аябай сонун. Жаш кезде алардан бөлүнгүң келбейт» (Карен, 19 жашта).
Билесиңби? Иса пайгамбардын 12 элчиси анын көп досторунун арасында болгон. Бирок Иса алардын ичинен Петир, Жакып жана Жакан менен аябай жакын болгон (Марк 9:2; Лука 8:51).
Саналуу эле бирөөлөр менен дос болуп, башкаларга аралашпай жүрө берүү көйгөйлөрдү туудурат. Мисалы:
Жакшы дос боло турган бирөөлөргө каймана эшикти жаап койгон болосуң.
«Өзүңө окшош бирөөлөр менен эле дос болуп жүрө берсең, көп жакшы нерседен кур калып, жакшы адамдар менен таанышпай каласың» (Эван, 21 жашта).
Кыйынсынып жүргөн бирөөдөй көрүнүп калышың мүмкүн.
«Дайыма эле бирөөлөр менен дос болуп жүрө берсең, башка эч ким менен сүйлөшкүң келбегендей түр көрсөтөсүң» (Саара, 17 жашта).
Башкаларды басынта башташың ыктымал.
«Өзүңчө жүргөндө эч кимди басынтпашың деле мүмкүн. Бирок топ кишинин ушундай кылганынын эч жаман жери жоктой көрүнүп, атүгүл жага башташы ыктымал» (Жеймс, 17 жашта).
Топтошуп жүргөн бирөөлөргө кошулам деп баарын кылууга даяр болгонуң көйгөйлөрдү пайда кылышы мүмкүн.
«Дайыма чогуу жүргөн жакын достордун арасынан бирөө эле жаман болсо, бүтүндөй топ туура эмес иш кылып коюшу мүмкүн» (Мартина, 17 жашта).
Эмне кылсаң болот?
Баалаган нерселериң жөнүндө ой жүгүрт.
«Жашоодо мен үчүн эмнелер баалуу? Ошолорго ылайык жашаймбы? Досторум аларга ылайык жашаганга жардам береби же артка тартабы? Андай достор менен мамилемди сактап калганга бүт күчүмдү жумшаймбы?» — деп ойлонуп көр.
Ыйык Китептеги принцип: «Жаман чөйрө жакшы адаттарды бузат» (1 Корунттуктар 15:33).
«Досторуң сен баалаган нерселерди баалабаса, өзүң эч качан кылбай турган иштерди кылып коёсуң» (Эллен, 14 жашта).
Жашооңдо эмне биринчи орунда турат?
«Досторум менен аябай ынак мамиледе болгондуктан өзүм карманган принциптерди бузбаймбы? Досторумдун бири туура эмес иш кылса, эмне кылам?» — деп ойлонуп көр.
Ыйык Китептеги принцип: «Мен жакшы көргөндөрүмдүн баарын ашкерелейм» (Аян 3:19).
«Досторуңдун бири туура эмес иш кылса, ага болгон берилгендигиң сыналат. Анын кылганын башкаларга айтуу чыккынчылыктай көрүнүшү мүмкүн» (Мелани, 22 жашта).
Башкалар менен дос бол.
«Мен жакшы билбеген бирөөлөр менен да дос болуунун кандай пайдасы бар?» — деп ойлонуп көр.
Ыйык Китептеги принцип: «Өзүңөрдүн эле эмес, башкалардын да кызыкчылыктарын ойлогула» (Филипиликтер 2:4).
«Башкалар көп кошпогон балдардын үйүндөгү жашоосу оор болушу мүмкүн. Жакыныраак тааныша келгенде алардын сонун балдар экенин байкайсың» (Брайан, 19 жашта).
Жыйынтык. Дайыма чогуу жүргөн жакын достордун болгону жаман эмес. Ошол эле учурда жүрөгүңдү кенен ачып, башкалар менен да дос бол. Мунун көп пайдасы бар. Ыйык Китепте: «Башкалардын суусунун кандырган адамдын өзүнүн да суусуну канат»,— деп жазылган (Накыл сөздөр 11:25).