Мазмунун көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ АЯТТАРДЫН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ

Галатиялыктар 6:9. «Жакшылык кылып жатып багынбайлы»

Галатиялыктар 6:9. «Жакшылык кылып жатып багынбайлы»

 «Жакшылык кылып жатып багынбайлы, анткени алсырап эле калбасак, убагы келгенде оруп алабыз» (Галатиялыктар 6:9, «Жаңы дүйнө котормосу»).

 «Жакшылык кылып жатып кейибейли, анткени алсырап калбасак, өз учурунда жыйнап алабыз» (Галатиялыктар 6:9, «Үмүт нуру» котормосу).

Галатиялыктар 6:9дун мааниси

 Элчи Пабыл Исанын жолдоочуларын Кудайдын көз алдында эмне туура болсо, ошону кыла бергенге түрткү берген. Эгер ошентишсе, Кудай аларга сыйлык берерине бекем ишене алышмак.

 «Багынбайлы». Бул сөздү «чарчабайлы» деп да которсо болот. Түпнускадагы тилде бул сөз «көңүл чөгөрбөө» же «шыктанууну жоготпоо» деген да маанини бериши мүмкүн. Элчи Пабыл «багынбайлы» деген сөздү өзүнө да тиешелүү кылып айткан. Муну менен анын да көңүлү чөккөн учурлары болгонун айткысы келген (Римдиктер 7:21—24).

 «Жакшылык». Бул сөз өз ичине Исанын жолдоочулары Кудайга кылган кызматында кылышы керек болгон бардык жакшы иштерди камтыйт. Ошондой эле бул ишенимдештерибизге жана башкаларга кам көрүшүбүз керектигин да билдирет (Галатиялыктар 6:10).

 «Алсырап эле калбасак, убагы келгенде оруп алабыз». Пабыл окурмандарына бир нерсени айткысы келген: дыйканга эмгегинин үзүрүн көрүш үчүн күткөнгө туура келгендей эле, алар да жакшылыгынын акыбетин көрүш үчүн күтүшү керек болчу. «Оруп алабыз» деп айтуу менен Пабыл бул аятты 7-аятта айтылган негизги чындык менен байланыштырган. Ал жакта: «Адам эмнени сепсе, ошону орот»,— деп жазылган. Башкача айтканда, Исанын жолдоочусу Кудайдын көз алдында жакшы деп эсептелген иштерди кылса, чоң сыйлык алат. Анын ичинде түбөлүк өмүргө ээ болот (Римдиктер 2:6, 7; Галатиялыктар 6:8).

Галатиялыктар 6:9дун контексти

 Элчи Пабыл бул катын Галатияда жашаган Исанын жолдоочуларына болжолу б.з. 50—52-жылдары жазган. Ал өздөрүн Исанын жолдоочусумун деп атап, бирок Иса жөнүндөгү чындыкты бурмалагандардан жыйналышты коргогусу келген (Галатиялыктар 1:6, 7). Ал жалган окутуучулар Исанын жолдоочулары Кудай Муса аркылуу байыркы Ысрайыл элине берген Мыйзамына карманышы керек деп талашып-тартышкан (Галатиялыктар 2:15, 16). Пабыл Мыйзам өзүнүн максатына жеткенин жана Исанын жолдоочуларына мындан ары ага баш ийүүнүн зарылдыгы жок экенин түшүндүргөн (Римдиктер 10:4; Галатиялыктар 3:23—25).

 Пабылдын Исанын жолдоочуларына жакшылык кыла бериши керектигин айтканы алардын Муса жазган Мыйзамга карманышы керектигин билдирген эмес. Тескерисинче, ал аларды «Машаяктын мыйзамын» аткарганга үндөгөн. Башкача айтканда, Иса үйрөткөндөй, башкаларга жакшылык кылышы керектигин айткан (Галатиялыктар 6:2; Матай 7:12; Жакан 13:34).

 Галатиялыктар китеби тууралуу жалпы маалымат алыш үчүн бул видеону көргүлө.