Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

JW.ORG САЙТЫ

Башка тилдеги материалдарды издөө

Башка тилдеги материалдарды издөө

Эгер кайсы бир тилди үйрөнүп жатсаңар же бөтөн тилде сүйлөгөн кимдир бирөө менен jw.org сайтындагы маалыматты бөлүшкүңөр келсе, ошол тилдеги материалдарды табыш үчүн төмөндөгү үч ыкманын бирин колдонуп көргүлө.

 Сайттын тилин өзгөртүү

jw.org сайтындагы тилдердин тизмесин көрүү үчүн Тилдер дегенди басыңыз.

Тизмедеги ар бир тилдин сол тарабында төмөндөгүдөй белгилер бар:

  • Сайт бул тилге толугу менен же жарым-жартылай которулган. Сайттын тилин өзгөртүү үчүн ал тилдин аталышын тандаңыз.

  • Сайт бул тилге азырынча которула элек. Бирок бул тилге которулган адабияттарды жүктөп алууга болот. Адабияттарды көрүү үчүн тизмеден ошол тилдин аталышын тандаңыз.

  • Бул баскыч жаңдоо тилин билдирет. Жаңдоо тилинде маалымат көбүнчө видео түрүндө кездешет.

    Жаңдоо тилдериндеги адабияттардын гана тизмеси чыгышы үчүн, Жаңдоо тилдерин гана көрсөт дегенди белгилеп коюңуз.

Тизмеде жүздөгөн тилдер бар болгондуктан, керектүү тилди оңой табуу үчүн төмөндөгү ыкмалардын бирин колдонуп көрүңүз:

  • Керектүү тилди тандаңыз. Тизменин баш жагында акыркы жолу сиз тандаган төрт тил көрсөтүлөт.

  • Тилдин аталышын жазыңыз. Сизге керектүү тилдин аталышынын бир нече тамгасын өзүңүздүн эне тилиңизде же ошол тилде жазыңыз. Мисалы, сайт кыргыз тилинде болсо, бирок аны англис тилине өзгөрткүңүз келип жатса, «англис» же «English» деп жазыңыз. Тамгалар терилген сайын, тизмедеги тилдер азайып, аталышында ошол тамгалар камтылган гана тилдер көрсөтүлөт.

 Веб-барагын башка тилде көрүү

1-ыкма: Бул ыкманы түрүлүп-жазыла турган тизмеде Тилди тандоо деген функциясы бар веб-барактарында колдонуңуз.

Кимдир бирөөгө окуп бергиңиз келген же аны менен бөлүшкүңүз келген макаланы табыңыз. Анан макаланы өзүңүз каалаган тилде көрүү үчүн түрүлүп-жазыла турган Тилди тандоо деген тизмеден ошол тилди тандаңыз. (Эгер Тилди тандоо деген жерде сиз тандаган тил жок болсо, бул ошол макаланын азырынча ал тилге которула элек экенин билдирет.)

Жардам: Эгер Тилди тандоо деген тизмедеги кайсы бир тилдин сол тарабында кулакчындын (наушник) сүрөтү турса, бул ошол тилдеги материалдардын аудиожаздыруусу бар экенин билдирет.

Эгер кайсы бир макаланы көрүш үчүн Тилди тандоо деген тизмеден ошол макаланын тилин тандасаңыз, макала гана ошол тилде көрсөтүлүп, сайт баштапкы тилде эле кала берет.

2-ыкма: Эгер сиз окуп жаткан макала камтылган веб-барагында Тилди тандоо деген функция жок болсо, сайттын тилин керектүү тилге өзгөртүү үчүн Тилдер деген баскычты басыңыз. Эгер сиз тандаган тилде ошол макала бар болсо, ал көрсөтүлөт. Ал эми жок болсо, тандалган тилдеги сайттын башкы бети көрсөтүлөт.

 Башка тилдеги адабияттарды издөө

Адегенде КИТЕПКАНА деген жерди ачыңыз. Анан Тилдер деген жерден керектүү тилди тандап, Издөө дегенди басыңыз.

Ал жакта жүздөгөн тилдер бар болгондуктан, түрүлүп-жазыла турган Тилдер деген тизмени басып, керектүү тилдин аталышын терсеңиз, оңоюраак табасыз.

Эгер сиз тандаган тилде адабияттардын түрү көп болсо, КИТЕПКАНА деген бетте алардын саналуу гана түрлөрү көрсөтүлөт. Өзүңүз тандаган тилдеги адабияттардын баарын көрүш үчүн адабияттардын белгилүү бир түрү көрсөтүлгөн бөлүкчөнү ачыңыз. (Мисалы, КИТЕПТЕР ЖАНА КИТЕПЧЕЛЕР же ЖУРНАЛДАР.) Адабияттардын керектүү түрүн таап, бассаңыз, ичиндеги адабияттардын тизмеси ачылат.

Эгер сиз тандаган тилде адабияттар жок болсо, анда ошол тилдеги адабияттарды камтыган шилтемелер чыгат.