2018-ЖЫЛ, 21-ДЕКАБРЬ
ШРИ-ЛАНКА
Шри-Ланкада биринчи жолу атайын жыйын өткөрүлдү
Жети өлкөдөн келген миңдеген Жахабанын Күбөлөрү ишенимдештери менен Шри-Ланканын тарыхында биринчи жолу өткөрүлгөн атайын жыйынга чогулган. «Кайраттуу болгула!» деп аталган ал жыйын 2018-жылдын 6-июлунан 8-июлуна чейин өлкөнүн борбор калаасы Коломбодогу Сугатадаса улуттук спорт комплексинде өткөрүлгөн. Ага катышкандардын жогорку саны 14 121ге жеткен. Жыйындын урунттуу жерлерин айта турган болсок, катышуучулар Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү айткан баяндамаларды угушкан, буга чейин болуп көрбөгөндөй көп сандаган адамдар чөмүлгөн жана жергиликтүү бир туугандар 3 500дөй делегатка меймандостук көрсөтүшкөн.
2017-жылдын сентябрь айында Шри-Ланкадагы жыйналыштарга кийинки жылы атайын жыйын өткөрүлөрү кулактандырылган. Ошондон тартып жыйынга даярдык көрүлө баштаган. Жыйын өткөрүүгө байланыштуу көптөгөн иш-чараларды уюштуруу керек болгондон тышкары, стадионду оңдоп-түзөөгө, жууп-тазалоого байланыштуу бир топ иштерди жүргүзүү талап кылынган. Ал иштерге сырдоо, таштандыларды чыгаруу, сынган отургучтарды оңдоо, жолдорду бүтөө кирген. Жыйынга үч жума калганда жүздөгөн Жахабанын Күбөлөрү келип, ошол иштерге көмөк көрсөтүшкөн. Коопсуздук кызматкерлеринин бири ишенимдештерибиз кыска убакыттын ичинде бүтүргөн ошол жумуштарды аткарыш үчүн тейлөө кызматкерлерине төрт жылдай убакыт талап кылынмактыгын айткан.
Делегаттар жыйындагы рухий программадан рахат алгандан тышкары, Шри-Ланканын кооз жерлерин көрүп, маданияты менен таанышышкан. Кечки программадагы улуттук ыр-бийлер, анын ичинде жаш ишенимдештерибиз аткарган Падышалык ырлары көрүүчүлөргө эстен кеткис таасир калтырган.
Шри-Ланкадагы филиалдын өкүлү Эшли Фердинандс мындай деп ой бөлүшкөн: «Бул атайын жыйын өлкөбүздөгү бир туугандар үчүн чындап эле чоң белек болду. Көптөгөн делегаттарга меймандостук көрсөтө алганыбызды зор сыймык катары эсептейбиз. Ушул жыйындын жакшы өтүшүнө салым кошкон ыктыярчылардын баарына чоң рахмат айтабыз. Албетте, биринчи кезекте бардык жеткилең белектердин атасы болгон Жахабага миң мертебе ыраазыбыз» (Жакып 1:17).
Жыйын төрт тилде: англис (бул жерде көрсөтүлгөндөй), сингал, тамил жана шри-ланка жаңдоо тилинде өткөрүлдү.
Жыйындын соңку баяндамаларын Энтони Моррис бир тууган айтты.
Жыйында чөмүлгөндөрдүн жогорку саны 273кө жетти.
Бир туугандар жергиликтүү филиалда басма сөз жыйынын өткөрүп, ага 40тан ашуун журналист катышты. Аларга экскурсия өткөрүп, филиал менен тааныштырышты.
Журналисттерге маалымат берген өкүл Шри-Ланкадагы эки чоң жаңылык борборуна дил маек берип жатат.
2018-жылдын январында 700дөн ашуун бир тууган жыйынга даярдык көрүүгө окутуп-үйрөтүлүү үчүн Коломбого чогулду.
Ыктыярчылар жыйын өтө турган жайдагы көптөгөн сынган отургучтарды оңдошту.
Жыйын өткөн Коломбо шаарына жакын жайгашкан бир канча Падышалык залында «Таанышуу» программалары өтүп, делегаттар жергиликтүү бир туугандар менен жакыныраак таанышышты.
Жергиликтүү бир туугандар Шри-Ланканын түрлүү ыр-бийлерин аткарып беришти. Бул ишенимдештерибиз классикалык тамил бийин аткарып жатышат.
Жаш ишенимдештерибиз «Жахабанын чакырыгы: „Уулум, акылдуу бол“» деген ырды ырдап жатышат.
Делегаттар чайдын кантип жасала турганын көрүүдө.
Жыйын аяктаганда, делегаттар жергиликтүү ишенимдештерин канчалык жакшы көрөрүн көрсөтүштү.