1-ДЕКАБРЬ, 2021
КЫРГЫЗСТАН
Кыргызстандын соту Жахабанын Күбөлөрүнүн 13 адабиятына тыюу салганы жатат
2021-жылдын 2-декабрында Бишкектеги Биринчи май райондук соту Башкы прокуратуранын Жахабанын Күбөлөрүнүн 13 адабиятын экстремисттик деп табуу боюнча доосун канаттандыруудан баш тартты. Башкы прокурор бул иштин мүмкүн болушунча тез каралышын көздөгөндүктөн, ишенимдештерибиздин тийиштүү документтер менен таанышканга жетиштүү убактысы болбой калган. Ошентсе да жактоочуларыбыз Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания), ошондой эле Кыргызстандагы Жахабанын Күбөлөрүнүн диний борбору тарабынан даярдалган түшүндүрмө иретиндеги каршы пикирлерди сотко бериле турган документтерге кошконго жетишкен. Сот ал документтер менен таанышып чыккан соң, сотко чейинки мыйзамда белгиленген тартиптин ачыктан-ачык бузулганын билдирип, жабуу боюнча токтом чыгарган. Айыптоочу тарап 10 күндүн ичинде соттун чечимине каршы доо арыз менен кайрыла алат.
2021-жылдын 2-декабрында, бейшембиде, Бишкектеги Биринчи май райондук соту Жахабанын Күбөлөрүнүн 13 адабиятын экстремисттик деп жарыялашы мүмкүн. Бул иштин документтерине караганда, бийликтегилер Орусияны туураганы жатат. Андыктан алар адабияттарга тыюу салып эле тим болбошу ыктымал. Себеби Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Кыргыз Республикасынын башкы прокуроруно жолдогон катында: «Бул диний уюмдун адабияттарына тыюу салынсын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында ал уюмдун иш жүргүзүшүнө толугу менен тыюу салуу маселеси каралсын»,— деген көрсөтмө берилген.