2017-ЖЫЛ, 30-ЯНВАРЬ
КОЛУМБИЯ
Колумбиядагы Жахабанын Күбөлөрү Котормочулардын ассоциациясы тарабынан сыйланды
БОГОТА (Колумбия). Колумбиядагы Котормочулардын, гид-котормочулардын жана жаңдоо тилине которгон котормочулардын ассоциациясы жана башка эки жергиликтүү ассоциация 2016-жылдын 7—9-октябрында өткөрүлгөн улуттук конференцияда Жахабанын Күбөлөрүнө жаңдоо тилиндеги материалдары үчүн сыйлык ыйгарды. Кулагы укпаган жана көзү көрбөгөндөргө жардам берген, жаңдоо тилине которгон котормочулар, гид-котормочулар үчүн уюштурулган мындай улуттук конференция Колумбияда биринчи жолу өткөрүлдү.
«Диний мазмундагы материалдарды чыгарууга бүт күчүн жумшап жатышканы жана Колумбиядагы кулагы укпаган кишилерге жакшы таасир эткен иши» үчүн сыйлык ыйгаруу максатында Жахабанын Күбөлөрүн конференцияга чакырышкан. Бул иш-чараны уюштургандардын бири Кофе-Аксиздеги Котормочулардын, гид-котормочулардын жана жаңдоо тилине которгон котормочулардын ассоциациясынын президенти Рикардо Валенсиа Лопес Жахабанын Күбөлөрү «кантип которуу керектигин талдап-талкуулоодо үлгү катары колдонулган материалдарды даярдоо ишине жана бул кесиптин өркүндөп-өнүгүшүнө зор салым кошкону» үчүн чакырылганын айтты.
Конференция учурунда Жахабанын Күбөлөрү которуу ишин кантип аткарарын көрсөтүп беришти. Бул баарына абдан жаккандыктан, конференцияны уюштурган комитет Жахабанын Күбөлөрүнө дагы кошумча сыйлык ыйгарууну туура көрдү.
Конференцияга катышкан, графика жана аудиовизуалдык иштер боюнча дизайнер Кристиан Давид Валенсиа: «Диний уюмдун билим берүү боюнча ушундай мыкты планы болору оюма келген эмес»,— деген. Жахабанын Күбөлөрүнүн кылган иши үчүн акы албай турганын эске алганда, бул өзгөчө көңүлгө аларлык.
Колумбиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн өкүлү Уилсон Торрес мындай дейт: «Биз жергебиздеги кулагы укпагандар жана начар уккандар үчүн адабияттарыбызды 2000-жылдан бери которуп келебиз. Веб-сайтыбызда эле чоңдор, өспүрүмдөр жана балдар үчүн колумбия жаңдоо тилинде 400дөн ашуун тасмалар бар. Биз жаңдоо тилиндеги тасмаларды, Ыйык Китепке негизделген башка адабияттарыбыздай эле, мындан ары да бекер чыгара бермекчибиз».
Дүйнө жүзү боюнча Жахабанын Күбөлөрүнүн адабияттары 88 жаңдоо тилине которулуп, таратылууда. Мындан тышкары, Жахабанын Күбөлөрү жаңдоо тилдери үчүн JW Library программасын чыгарышкан. Аны колдонгондор эне тилиндеги jw.org сайтынан тасмаларды оңой эле көчүрүп алышат, ыңгайлуу кылып жайгаштырып, каалаган маалда көрө алышат.
Байланышуу:
Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел: +1-845-524-3000
Колумбия, Уилсон Торрес, тел: +57-1-8911530