2018-ЖЫЛ, 15-ФЕВРАЛЬ
АРМЕНИЯ
Арменияда абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандардын укугу сыйланышына эмнелер себеп болгон?
Адам укуктары боюнча Европа Соту (АУЕС) жакында эле абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткан жаш уландардын укугунун сыйланышына дагы көбүрөөк өбөлгө түзгөн чечим кабыл алган. АУЕС 2017-жылдын 12-октябрында «Адян жана башкалар Арменияга каршы» деген ишти карап жатканда ушундай уландарга сунуштоого мүмкүн болгон альтернативалык кызматтын түрүнө байланыштуу прецедент жараткан.
Көптөгөн жылдар бою АУЕС абийири жол бербегендиктен аскердик кызматтан баш тарткандардын укугун колдобой келген. Кесепетинде көптөр куугунтукталып, түрмөгө камалган. Бирок 2011-жылы «Баятян Арменияга каршы» деген иш каралганда, Европа Соту абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандардын укугу адамдын негизги укугу катары корголушу керек деген чечим чыгарган. Адяндын иши боюнча АУЕСтин жакында эле чыгарылган чечиминде абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандардын чындап жарандык кызмат болуп эсептелген альтернативалык кызматты өтөөгө укугу бар экени жана алар жазага тартылбашы керектиги айтылган.
Арменияда абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандардын укугунун корголушуна эмнелер себеп болгону баяндалган бул кыскача билдирүүдөн Баятяндын, Адяндын жана башкалардын иши боюнча АУЕСтин алардын пайдасына чыгарган чечимдери абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандарга өкмөттүн кылган мамилесинин өзгөрүшүнө чоң таасир бергенин көрүүгө болот.
Армения өкмөтү АЖКны киргизүүгө убада берип, бирок сөзүнө турган эмес
Альтернативалык кызмат эмес, жазалоо чарасы. 2001-жылы Армения мамлекети Европа Кеңешине кошулганда Европа стандарттарына ылайык келген альтернативалык жарандык кызмат (АЖК) тууралуу мыйзамды кабыл алууга милдеттендирилген. Ал мыйзамга ылайык, альтернативалык жарандык кызмат аскердик бийликтин көзөмөлү алдында болбошу жана аны өтөө мөөнөтү жаза катары эсептелбеши керек болчу. Ошондой эле Армения өкмөтү абийири жол бербегендиктен аскердик кызматты өтөөдөн баш тарткандарга мунапыс жарыялоого макулдугун берген a. Бирок Жахабанын Күбөсү болгон жана абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткан Ваан Баятянды аскерге чакыруу менен сөзүнө турбаганын көрсөткөн. Аскердик кызматты өтөөдөн баш тарткандыктан жана Арменияда альтернативалык жарандык кызмат киргизилбегендиктен, 2002-жылы Баятян күнөөлүү деп табылып, кесилип кеткен. 2003-жылы Баятян АУЕСке доо арыз менен кайрылган. Доо арызда Армения өкмөтүнүн анын абийир жана дин тутуу эркиндигине кепилдик берген укугун бузганы, түрмөгө камоо жазасына тартканы жазылган.
Ылайык келбеген альтернативалык кызмат жана жазага тартуу. 2004-жылы Армения альтернативалык жарандык кызматка байланыштуу мыйзам кабыл алган. Ошондон кийин бир нече Жахабанын Күбөсү аскердик кызматтын ордуна альтернативалык кызматты өтөөгө макул болушкан. Алар кызматтын ушул түрүн өтөй баштаганда ал программа жарандык бийликтин эмес, аскердик бийликтин көзөмөлү алдында экени айкын болгон. Ошол себептен Жахабанын Күбөлөрү тийиштүү органдарга билдиргенден кийин альтернативалык жарандык кызматты өтөөнү токтотушкан. Ушундай кылганы үчүн аларды камакка алып, куугунтуктап, айрымдарын кесип да жиберишкен. 2006-жылдын май айында абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткан Айк Хачатрян жана башка 18 Жахабанын Күбөсү өкмөт аларды мыйзамсыз түрдө куугунтуктап b, укуктарын тебелеп жатканын билдирип, АУЕСке доо арыз менен кайрылышкан.
Жылдар бою эч кандай жылыш болгон эмес. Көптөгөн жылдар бою Армения өкмөтү АЖКга байланыштуу мыйзамды жакшыртуу үчүн эч кандай кадамдарды жасабай келген. Жахабанын Күбөлөрү АЖКны өтөөдөн баш тартып келишкен, ал эми Армения өкмөтү аларды түрмөгө камай берген. АЖКга байланыштуу мыйзам кабыл алынган 2004-жылдан баштап, ал мыйзам жакшырганга чейин, 2013-жылга чейин, 317 улан түрмөгө камалып, 24 айдан 36 айга чейин эркинен ажыратылган.
Ошол убакыт аралыгында АУЕСте бул маселени чечүү жолдору карала баштаган. 2009-жылы АУЕС Баятян мырзанын аскердик кызматтан баш тартууга болгон укугу Европа конвенциясынын абийир жана дин тутуу эркиндигине кепилдик берген 9-беренеси боюнча корголушу керектиги жазылган доо арызын караган. Бирок АУЕС өзүн ондогон жылдардан бери келаткан жол-жоболоруна карманууга милдеттүү деп эсептеген. Ошондуктан абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандардын укугун коргоор-коргобосун ар бир өлкө өзү чечиши керек деген көз карашка карманган. Эгер өлкө алардын укугун коргобоону чечсе, анда Европа конвенциясынын 9-беренеси аскердик кызматтан баш тарткандарды куугунтуктан коргоого карата колдонулмак эмес. Мындай көз караш абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандарга байланыштуу эл аралык мыйзамдарга шайкеш келбегендиктен, Баятян мырзанын жактоочулары ишти кайра кароону өтүнүп, АУЕСтин Чоң Палатасына доо арыз менен кайрылышкан.
Жакшы өзгөрүү. Баятян мырзанын иши АУЕСтин Чоң Палатасында кайра каралгандан кийин, бул маселеде чукул бурулуш болгон. 2011-жылдын 7-июлунда АУЕС биринчи жолу абийири жол бербегендердин укугу Европа конвенциясынын 9-беренеси боюнча корголушу керектигин так-айкын билдирген. АУЕС Конвенциянын «дайыма өрчүп, жакшырып турган укуктук тирүү шайман» экенин жана ал өзгөрүп турган мыйзамдарга ылайык колдонулушу керектигин баса белгилеген. Мунун натыйжасында «Европада жана андан сырткаркы башка өлкөлөрдө каралып жаткан маселеге байланыштуу бирдиктүү көз карашка кармануу» мүмкүн болмок. Чоң Палатанын чечими Европадагы абийиринен улам аскер кызматынан баш тарткандардын укугун бекиткенден тышкары, Армения өкмөтүн ошондой жарандарына чыныгы альтернативалык кызматты өтөөгө мүмкүнчүлүк берүүгө милдеттендирген.
«Аскердик кызматты өтөө парзын аткара албоого кимдир бирөөнүн ал парызды аткаруу милдети менен терең, чын ниеттен ишенген диний жана башка көз карашынын ортосундагы чечилгис карама-каршылык себеп болсо, бул ынанымдуу, олуттуу, ырааттуу жана маанилүү көз караш болуп эсептелгендиктен, ага 9-беренеде берилген кепилдиктин түздөн-түз тиешеси бар». (АУЕСтин Чоң Палатасынын 2011-жылы №23459/03 арыздын негизинде «Баятян Арменияга каршы» деген иш боюнча чыгарган чечими, 110-абз.).
Армения АЖКга байланыштуу мыйзамын жакшыртууда
Чыныгы альтернативалык жарандык кызмат маселеси дагы деле чечилбей келет. 2011-жылы жайында армениялык төрт Жахабанын Күбөсү, алардын ичинде Артур Адян аскердик бийликтин көзөмөлү алдында болгон АЖКны өтөөдөн баш тартканы үчүн күнөөлүү деп табылып, кесилип кетишкен. Алар Армения өкмөтү укуктарын тебелеп жатканын, тагыраак айтканда, өкмөт 2004-жылы кабыл алган альтернативалык кызмат Европанын стандарттарына жооп бербей турганын жана алардын абийирине каршы келерин билдирип, АУЕСке доо арыз менен кайрылган.
Альтернативалык кызматты өтөө программасы аскердик бийликтин көзөмөлү алдында. 2012-жылдын 27-ноябрында АУЕС альтернативалык кызмат жарандык бийликтин алдында эмес, аскердик бийликтин алдында болгону үчүн АЖКны өтөөдөн баш тарткан 19 Жахабанын Күбөсүнө тиешелүү болгон «Хачатрян жана башкалар Арменияга каршы» деген иш боюнча чечим чыгарган. АУЕСтин ошол чечиминде Жахабанын Күбөлөрүнүн куугунтукталганы жана түрмөгө камалганы мыйзамды бузгандыкка жатары баса белгиленген. Доо арыз менен кайрылгандар АЖК жарандык бийликтин алдында эмес, аскердик бийликтин алдында экенин айтышса да, Сот Хачатряндын иши боюнча чечим чыгарып жатканда ушул нерсени эске алган эмес.
Чыныгы альтернативалык кызмат. 2013-жылы жайында Армения өкмөтү, 2000-жылы убада бергендей, АЖКга байланыштуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген. 2013-жылдын октябрына чейин Арменияда түрмөдө отурган Жахабанын Күбөлөрүнүн көбү бошотулган. Бирок жаза мөөнөтү бүтөрүнө аз калган айрым Жахабанын Күбөлөрү аягына чейин эле отурууну чечишкен. Ошондон бери абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандарга Армения өкмөтү АЖКны сунуштап келет.
АУЕСтин ушул маселеге байланыштуу мыйзамдары да жакшырууда
АУЕСте каралган эки иштен — Баятян менен Хачатряндын ишинен — кийин абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тартуу негизги адам укуктарына кирери жана жарандарынын ошол укугун Армения өкмөтү сыйлашы керектиги айкын болгон. Бирок АУЕС АЖК аскердик бийликтин көзөмөлү алдында болбошу керек деген чечим чыгарган эмес.
Мыйзамдагы мындай карама-каршылык АУЕС 2017-жылдын 12-октябрында «Адян жана башкалар Арменияга каршы» деген иш боюнча чечим чыгарганда жоюлган. Адяндын ишине байланыштуу АУЕСтин чечиминде аскер кызматынан баш тартуу укугу мыйзам боюнча корголгондуктан, Армения өкмөтүнөн, Европадагы стандарттарга ылайык, абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандарга альтернативалык кызматтын аларга ылайык келген түрүн сунуш кылуу талап кылынган. АЖК программасы аскер бийлигинин көзөмөлү алдында болбошу жана жазалоо чарасы катары колдонулбашы керектиги да баса белгиленген. АУЕС Армения өкмөтүн мыйзамдагы мүчүлүштүктүн айынан жазага тартылган жарандарына компенсация төлөп берүүгө милдеттендирген.
«Сот билдиргендей, эгер өкмөткө альтернативалык кызматтын түрүн иштеп чыгууга жана киргизүүгө мүмкүнчүлүк берилсе, бирок ал мыйзам боюнча да, иш жүзүндө да жарандык кызматтын түрүнө кирбесе жана опузалоо же жазалоо чарасы катары колдонулса, анда Конвенциянын 9-беренеси кепилдик берген абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тартуу укугу жөн эле ишке ашпаган нерсе болуп калмак» (АУЕСтин 2017-жылы №75604/11 жана №21759/15 арыздардын негизинде «Адян жана башкалар Арменияга каршы» деген иш боюнча чыгарган чечими, 67-абз.).
Маселенин чечилиши
2018-жылдын январына чейин Армениядагы 161 Жахабанын Күбөсү АЖКны өтөп бүттү жана учурда 105и кызматтын ушул түрүн өтөп жатат. Жахабанын Күбөлөрү да, бийликтегилер да бул программанын жакшы натыйжа берип жатканын көрүп, ыраазы болуп жатышат. Программа коомго пайда алып келүүдө жана альтернативалык жарандык кызматты өтөөнү суранган жарандарга ылайык келет. Ошондой эле Арменияда узак убактан бери келаткан адам укуктарына байланыштуу маселе да чечилди.
Армениядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн кызыкчылыгын коргогон жактоочулардын бири Андре Карбонно ушул маселени чечип бергени үчүн өкмөткө ыраазычылыгын билдирген. Ал мындай деген: «АУЕСтин Арменияга каршы чыгарган чечимдерин эске алсак, 2011-жылы Баятяндын иши карала баштагандан бери жагдай кыйла жакшырды. Хачатрян менен Адяндын иши боюнча чыгарылган чечимдер альтернативалык кызмат аскер бийлигинин көзөмөлү алдында болбошу керек деген маселенин чечилишине өбөлгө түздү. Абийири жол бербегендерге ылайык келген альтернативалык кызмат программасы киргизиле элек башка өлкөлөр Армения өкмөтүнөн үлгү алып, коомго да пайда алып келе турган, ошондой жарандарга да ылайык келе турган программаны иштеп чыгат деп үмүттөнөбүз».
|
АЖК жок |
АЖК — жазалоо чарасы |
АЖКга укугу бар, бирок ишке киргизиле элек |
---|---|---|---|
Азербайжан |
|
|
X |
Белорус |
|
X |
|
Эритрея |
X |
|
|
Литва |
X c |
|
|
Сингапур |
X |
|
|
Түштүк Корея |
X |
|
|
Тажикстан |
|
|
X |
Түркия |
X |
|
|
Түркмөнстан |
X |
|
|
Жагдайдын өрчүшү
2017-жыл, 12-октябрь
АУЕС «Адян жана башкалар Арменияга каршы» деген иш боюнча чечим чыгарган.
2014-жыл, январь
Күчүнө кирген АЖК программасына Жахабанын Күбөлөрү катыша баштаган.
2013-жыл, 12-ноябрь
20 жылдан ашуун убакыттын ичинде биринчи жолу абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткан бир да Жахабанын Күбөсү түрмөгө камалган эмес.
2013-жыл, 8-июнь
Армения АЖКга байланыштуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген. Ал мыйзам 2013-жылы октябрда күчүнө кирген.
2012-жыл, 27-ноябрь
АУЕС «Хачатрян жана башкалар Арменияга каршы» деген иш боюнча чечим чыгарган.
2012-жыл, 10-январь
АУЕС Баятяндын ишине байланыштуу чечим чыгаргандан кийин «Бухаратян Арменияга каршы» жана «Цатурян Арменияга каршы» деген иштер боюнча чечим чыгарып жатканда Армения өкмөтү Жахабанын Күбөлөрүн түрмөгө камап, 9-беренени бузганын билдирген.
2011-жыл, 7-июль
АУЕСтин Чоң Палатасы «Баятян Арменияга каршы» деген иш боюнча чечим чыгарып жатканда Армения өкмөтү абийир эркиндигине кепилдик берген укукту, Европа конвенциясынын 9-беренесинин 16-1-пунктун, бузганы аныкталган.
2009-жыл, 27-октябрь
АУЕС «Баятян Арменияга каршы» деген ишти карап, Европа конвенциясынын 9-беренеси абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандарга карата колдонулбайт деген чечим чыгарган. Иш андан ары АУЕСтин Чоң Палатасына өткөрүлгөн.
2004-жыл
Армения аскер бийлигинин көзөмөлү алдындагы АЖКга байланыштуу мыйзам кабыл алган.
2001-жыл
Армения АЖКга байланыштуу мыйзам кабыл алууга милдеттенме алган.
a Европа Кеңешинин парламенттик ассамблеясынын №221/2000-пикиринде Арменияга Европа Кеңешинин мүчөсү болушу үчүн бир шартты аткарууну сунуштаган. Ага ылайык, «Армения төмөнкүдөй милдеттенмелерди алат... Европа Кеңешине киргенден кийин үч жылдын ичинде, Европадагы стандарттарга ылайык, альтернативалык жарандык кызматка байланыштуу мыйзам кабыл алышы керек. Ошондой эле ошол эле убакыт аралыгында абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандыктан түрмөгө камалган же жаза батальонуна жөнөтүлгөн жарандардын баарына мунапыс жарыялап, альтернативалык жарандык кызматка байланыштуу мыйзам күчүнө киргенден кийин аларга курал көтөрбөгөн кызматтын түрүн же альтернативалык жарандык кызматты өтөөгө мүмкүнчүлүк бериши керек».
b Армениянын 19 Жахабанын Күбөсүн куугунтуктап, түрмөгө камаганы мыйзамды бузгандыкка жаткан, себеби 2005-жылы аларга айып коюлганда, Арменияда альтернативалык кызматты өтөөдөн баш тартуу кылмыш болуп эсептелет деген мыйзам жок болчу.
c Литвада «альтернативалык улуттук коргоо кызматы» аскердик бийликтин көзөмөлү жана башкаруусу алдында.