2019-ЖЫЛ, 10-СЕНТЯБРЬ
ЖАПОНИЯ
Жапонияда сел жүрдү
2019-жылдын 28-августунда Жапониянын Кюсю деген аймагында нөшөрлөп жааган жаандан улам көп жерлерде сел жүрдү. Дарыялар жээгинен чыгып кеткендиктен жана жер көчкү жүрүү коркунучу бар болгондуктан, 800 000ден ашуун кишини башка жакка көчүрүүгө туура келген. Жапониядагы филиал 82 жарчынын башка жакка көчүрүлгөнүн билдирди. Акыркы билдирүүгө ылайык, жалпысынан бир туугандардын 40 үйү зыянга учурап, бир Падышалык залы анча-мынча жабыркаган.
Филиал жабыр тарткан жарчыларга кам көрүш үчүн Кырсык болгондо жардам берүү комитетин уюштурду. Райондук көзөмөлчүлөр жергиликтүү аксакалдар жана жарчылар менен бирге зыян тарткан ишенимдештерибизди зарыл нерселер менен камсыз кылып, рухий жактан бекемдешүүдө. Биз сүйүүсүнөн улам ишенимдештерине жардамга келген көптөгөн бир туугандарыбызга абдан ыраазыбыз (2 Корунттуктар 8:4).