Мазмунун көрсөтүү

Анын каттарына ыраазы болушкан

Анын каттарына ыраазы болушкан

 Брук Кошмо Штаттарда жашайт. Ал — Жахабанын Күбөсү. COVID-19 пандемиясынын учурунда жакшы кабарды кат аркылуу тараткан. Бирок бир жарым жыл өткөндөн кийин анын көңүлү чөгө баштаган. Анткени ошол убактын ичинде бир эле киши катына жооп кайтарган. Болгондо да ал «мага экинчи жазба» деген. Брук: «Каттарымдын эч кимге пайдасы тийбесе, анда эмнеге жазып жатам?» — деп ойлонгон.

 Убакыттын өтүшү менен Ким, Бруктун ишенимдеши, өзү иштеген банктан бир кардар менен сүйлөшүп калат. Ал Кимге бир Жахабанын Күбөсүнөн колго жазылган кат алганын айтат. Ошентип экөө сүйлөшүп отуруп, Ким ал катты Брук жазганын билип калат. Кийинки жумада ал кардар банкка кайра келет. Ким менен сүйлөшүп жатып: «Жыйналышка катышсам болобу?» — деп сурайт. Ошол кезде жыйналыштар видеобайланыш аркылуу өткөрүлчү.

 Ошондон көп өтпөй Дэвид, башка Жахабанын Күбөсү, Брукка: «Мени менен иштеген бир киши сенден кат алыптыр»,— деп айтып калат. Ал кишини каттын кол менен жазылганы абдан таасирленткендиктен: «Көптөр башкаларга ушинтип көңүл бурса кана!» — дептир. Дэвид мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай ага кабар айтып, адабият алып келип бере аларын айткан. Кесиптеши макул болгон.

 Жахабанын Күбөлөрү өздөрү сепкен чындыктын үрөнү өнүп чыгарын өздөрү деле билбеши мүмкүн (Насаатчы 11:5, 6). Брук ушул окуялардан кийин жакшы кабар айтуу ишине кошкон салымы канчалык баалуу экенине дагы бир жолу ынанган (1 Корунттуктар 3:6).