Мазмунун көрсөтүү

Камактагылардын үлгүсү

Камактагылардын үлгүсү

 Бир киши Эритреядан Норвегияга 2011-жылы качкын катары барган. Ага Жахабанын Күбөлөрү жолукканда, ал Жахабанын Күбөлөрүнө өз мекенинде жүргөндө кезиккенин айтып берген. Ал аскерде кызмат кылып жүргөн кезде ишеними үчүн түрмөгө камалган Жахабанын Күбөлөрүнүн катаал мамиле кылынганына карабай аскердик кызматтан баш тартканын көргөнүн айтып берген.

 Күтүлбөгөн жерден ал киши өзү камакка алынган экен. Ал жерден 1994-жылдан бери ишеними үчүн түрмөдө отурган Паулос Ияссу, Негеде Теклемариам жана Исаак Могос деген үч Жахабанын Күбөсүн жолуктуруптур.

 Ал киши түрмөдө жүргөндө Жахабанын Күбөлөрүнүн өздөрү окуткан нерселерге ылайык жашай турганын өз көзү менен көрүптүр. Ошондой эле алардын чынчылдыгын жана камактагы башка кишилер менен тамак-ашын бөлүшкөнүн байкаган экен. Андан тышкары, Жахабанын Күбөлөрүнүн Ыйык Китепти күн сайын чогуу изилдешкенин, башкаларды да изилдөөгө чакырышканын көрүп жүрчү экен. Ал киши аларга ишенимден баш тартам деген документке кол койсо эркиндикке чыгары сунушталганда, макул болбогонун да айтып берген.

 Булар жүрөгү таза ал кишиге күчтүү таасир эткендиктен, Норвегияга көчүп баргандан кийин эмне үчүн Жахабанын Күбөлөрүнүн ишеними бекем экенин билгиси келип жүрүптүр. Ошондуктан Жахабанын Күбөлөрү жолукканда, алар менен Ыйык Китепти изилдөөгө дароо макул болуп, жолугушууларга бара баштаптыр.

 Ошентип, ал 2018-жылдын сентябрында чөмүлүп, Жахабанын Күбөсү болгон. Учурда ар бир мүмкүнчүлүктү колдонуп, Эритреядан, Судандан келген адамдарды Ыйык Китепти изилдөөгө жана Кудайга бекем ишеним өрчүтүүгө үндөөдө.