Бермет шаарда өткөн жарманкеде «Кудайдын адамдарга берген белеги» көрсөтүлдү
Румыниядагы ири шаарлардын бири болгон Клуж-Напока «Бермет шаар» деп белгилүү. Ал шаарда 2016-жылдын 20—24-апрелде «Гаудеамус» деп аталган китеп жарманкеси өткөн. Ал жарманкеде Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китеп адамдын адеп-ахлактуу болушуна, Кудай менен болгон мамилесин бекемдешине канчалык жардам берерин айтып, анын баалуулугун баса белгилешкен. Жахабанын Күбөлөрү китеп текчелерин коюп, Ыйык Китепке негизделген адабияттарга, тасмаларга, Ыйык Китепке кызыккан миңдеген кишилер менен сүйлөшө алышкан.
Жарманкеге ар кайсы мектептерден мугалимдер менен окуучулар да келишкен. Мугалимдер окуучуларын Жахабанын Күбөлөрү турган жерге ээрчитип келип, алардын адабияттарын, тасмаларын көрүшкөн. Окуучуларга, өзгөчө, «Жахаба Кудай менен дос бол» деген мультфильм аябай жаккан. Көбү «Ыйык китептик аңгемелер» деген китеп менен «Балдарыңарды үйрөткүлө» деген китепчени алышкан. Окуучуларга көз салууга жооптуу болгон бир аял кесиптешине: «Балдарга бул мультфильмдин бүт сериясын көрсөтүш үчүн, веб-сайттын дарегин [www.isa4310.com] жазып алыш керек экен»,— деп айткан.
Өспүрүм курактагы окуучулар болсо жандандырылган сүрөттөрдү кызыгып көрүшкөн. Көпчүлүгүнө «Сүйүп калдыңбы же ашык болуп калдыңбы?», «Социалдык тармактарды колдонууда акыл-эстүү бол», «Бейбаш балдарга мушташпай эле каршы тур» деген жандандырылган сүрөттөр аябай жаккан.
Православие чиркөөсүнүн дин кызматчысы жубайы менен бир нече жолу келип, Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосун», китепчелерди алып кетишкен. Дин кызматчы «Ыйык Китептеги сөздөрдүн индексине» жана котормочулардын көптөгөн ишеничтүү булактарды колдонушканына аябай таң калганын айткан. Ал Жахабанын Күбөлөрүнө телефон номурун берип, Ыйык Китеп жөнүндө сүйлөшүп туруш үчүн байланышып тургула деп суранган.
Анын жубайы болсо jw.org веб-сайтынан балдарга байланыштуу маалыматты кантип тапса болорун сураган. Ага сайтыбыздагы «Балдар» деген бөлүктү көрсөтүп беришкен. Анан ал «Чынчыл бол» деген мультфильмди көрүп, аябай жактырган. Веб-сайттын ушул жана башка өзгөчөлүктөрүн көргөндөн кийин анын жолдошу: «Бул Кудайдын адамдарга берген белеги турбайбы»,— деген.