Эфестиктерге 3:1—21
3 Ошентип, мен, Пабыл, башка элдерден болгон силерге жардам бергеним үчүн, Машаяк Исанын жолдоочусу болгонум үчүн түрмөдө отурам...+
2 Албетте, силер менин силерге Кудайдын ырайымына ээ болгонго жардам бериш үчүн дайындалганымды,+
3 ошондой эле, буга чейин кыскача жазганымдай, Кудай мага ыйык сырын ачып бергенин уккансыңар.
4 Ошон үчүн жазып жаткандарымды окуганыңарда Машаяк жөнүндөгү ыйык сырды+ түшүнөрүмдү баамдайсыңар.
5 Ал сыр мурунку муундарга азыркыдай ачылып берилген эмес. Азыр болсо Кудай аны өзү тандап алган* элчилери менен пайгамбарларына ыйык руху аркылуу айкын ачып берди.+
6 Ал сыр мындай: башка элдердин арасынан жакшы кабарды* кабыл алып, Машаяк Исанын жолдоочусу болгондор биз менен чогуу Иса менен мурасташ болушат жана бир денени түзүшөт,+ ошондой эле Кудай бизге убада кылган нерселерди алар да алышат.
7 Кудайдын белегинин — улуу ырайымынын — аркасында мен силерге ошол ыйык сырды түшүндүрүп бергенге дайындалдым*. Ал ырайым мага Кудайдын күчү аркылуу көрсөтүлдү.+
8 Боордошторубуздун* ичинен эч нерсеге татыбасам да*,+ Кудай ырайым кылып,+ мени Машаяк берген эсеп жеткис* байлыктар жөнүндө башка элдерге жакшы кабар айтканга,
9 бардыгын жараткан Кудайдын эзелтеден бери жашырып келген ыйык сырын+ кандайча ачып берип, ишке ашырып жатканын баарына жарыялаганга дайындады.
10 Кудай муну өзүнүн миң кырдуу акылмандыгын азыр асман чөйрөсүндөгү өкмөттөр менен бийликтер* жыйналыш аркылуу+ билиши үчүн кылды.+
11 Бул Кудайдын Мырзабыз Иса Машаякка байланышкан түбөлүктүү ой-ниетине ылайык болду.+
12 Биз Машаякка ишенгендиктен коркпой сүйлөй алабыз*, ал аркылуу Кудайга бекем ишенип кайрыла алабыз.+
13 Ошондуктан силер үчүн азап тартып жатканыма кайгырбашыңарды суранам, анткени азап тартканымдын аркасында даңкка бөлөнөсүңөр.+
14 Мына ошо себептен Атабыздын алдында тизе бүгүп, тиленем.
15 Себеби ал — асман менен жердеги ар бир үй-бүлөнүн жаратканы*.
16 Мен андан — зор даңкка бөлөнгөн Кудайдан — өзүнүн ыйык руху аркылуу жан дүйнөңөргө кубат беришин,+
17 ишенимиңерден улам жүрөгүңөрдө Машаяк жашап, сүйүү өкүм сүрүшүн+ сурап тиленем. Терең тамырлап,+ бекем пайдубалдын үстүндө турсаңар экен.+
18 Ошондо бардык боордошторуңар* менен бирге Кудайга байланышкан нерселердин кеңдигин, узундугун, бийиктигин, тереңдигин толук түшүнө аласыңар,
19 Машаяктын билимден жогору турган сүйүүсү+ кандай экенин билесиңер. Мунун аркасында болсо Кудайдын бардык сапаттарына* ээ болосуңар.
20 Кудай бизге таасир этип жаткан күчү аркылуу+ биз сураган же ойлогон нерселердин баарынан алда канча көптү кыла алат.+
21 Ошондуктан ал жыйналыш аркылуу жана Машаяк Иса аркылуу муундан муунга, түбөлүктөн түбөлүккө даңкталсын. Оомийн*.
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «ыйык».
^ Же: «ыйык сырдын кызматчысы болуп калдым».
^ Сөзмө-сөз: «Ыйыктардын».
^ Же: «эң төмөн турганынан төмөн турсам да».
^ Сөзмө-сөз: «изилденгис».
^ Сыягы, периштелер жөнүндө айтылып жатат.
^ Же: «бизде сөз эркиндиги бар».
^ Же: «ар бир үй-бүлөгө өзү ат койгон».
^ Сөзмө-сөз: «ыйыктар».
^ Сөзмө-сөз: «Кудайдын толуктугуна».