Эзра 3:1—13

  • Курмандык жайы кайра курулуп, курмандыктар чалынат (1—6)

  • Ибадаткана кайра курула баштайт (7—9)

  • Ибадаткананын пайдубалы тургузулат (10—13)

3  Жетинчи айда+ ысрайылдыктар өз шаарларында жашап калган убакта бүт эл Иерусалимге бир кишидей чогулду. 2  Чыныгы Кудайдын кишиси Мусанын Мыйзамында жазылгандай,+ бүтүндөй өрттөлчү курмандыктар чалынышы үчүн, Жеосадактын уулу Жешуя+ менен башка дин кызматчылар, ошондой эле Шалтиелдин+ уулу Зоробабыл+ менен бир туугандары Ысрайылдын Кудайына арнап курмандык жайын курушту. 3  Алар айлана-тегеректеги элдерден коркконуна+ карабастан курмандык жайын мурунку ордуна кайра куруп, Жахабага арнап бүтүндөй өрттөлчү курмандыктарды: эртең менен жана кечинде чалынчу бүтүндөй өрттөлчү курмандыктарды чала башташты.+ 4  Андан кийин, Мыйзамда жазылгандай, Алачык майрамын* өткөрүштү.+ Майрам убагында, күнүгө бүтүндөй өрттөлчү курмандыктан канча чалынышы керек болсо, күн сайын ошончодон чалышты.+ 5  Ошондон тартып дайыма чалынчу бүтүндөй өрттөлчү курмандыктарды+ жана ай жаңырганда,+ Жахабага арналган ыйык майрамдарда+ чалынчу бүтүндөй өрттөлчү курмандыктарды чала башташты. Ошондой эле ар бири Жахабага арнап өз ыктыяры менен тартуу+ алып келе баштады. 6  Ошентип, Жахабанын ибадатканасынын пайдубалы тургузула элек болсо да, алар жетинчи айдын биринчи күнүнөн+ баштап Жахабага арнап бүтүндөй өрттөлчү курмандыктарды чала башташты. 7  Эл таш кескендер+ менен усталарга+ акча төлөп турду. Ошондой эле Персиянын падышасы Корештин+ уруксаты менен Лебанондон* деңиз аркылуу Жапага бал карагай жөнөтүп турганы үчүн сидондуктар менен тирликтерге тамак-аш, суусундук, май берип турду.+ 8  Иерусалимдеги чыныгы Кудайдын ибадатканасына кайтып келишкенден кийин экинчи жылдын экинчи айында Шалтиелдин уулу Зоробабыл, Жеосадактын уулу Жешуя жана башка жүйүттөр — дин кызматчылар менен лебилер, ошондой эле туткундан чыгып, Иерусалимге кайтып келгендердин+ баары — ишке киришти. Алар Жахабанын ибадатканасындагы иштерди көзөмөлдөп турганга жыйырма жаштан жогорку лебилерди дайындашты. 9  Ошондуктан Жүйүттүн* тукумдары: Жешуя менен анын уулдары жана бир туугандары, Кадмиел менен анын уулдары биригип, чыныгы Кудайдын ибадатканасында иштегендерди көзөмөлдөп турушту. Алар менен чогуу лебилерден болгон Хенадаттын+ тукумдары менен алардын уулдары жана бир туугандары да көзөмөлдөп турушту. 10  Куруучулар Жахабанын ибадатканасынын пайдубалын тургузуп бүткөндө,+ дин кызматчылар өздөрүнүн кийимдерин кийип, сурнайларын алып,+ Асаптын тукумдарынан болгон лебилер болсо жез табактарын* алып, Жахабаны даңкташ үчүн Ысрайылдын падышасы Дөөтү бекиткен тартип боюнча турушту.+ 11  Анан кезектешип: «...анткени ал мээримдүү*, анын Ысрайылга көрсөткөн сүйүүсү түбөлүктүү»,+— деп Жахабаны даңктап ырдап,+ ыраазычылык билдиришти. Эл болсо Жахабанын ибадатканасынын пайдубалы тургузулганы үчүн Жахабаны үнүн бийик чыгарып даңктады. 12  Ошондо ибадаткананын пайдубалынын тургузулуп жатканын көрүп, мурунку ибадаткананы көргөн карылардын көптөрү:+ дин кызматчылар, лебилер, урук башчылары катуу ыйлашты, ал эми башкалары кубанганынан жер жаңырта кыйкырып жатышты.+ 13  Эл кубангандар менен ыйлагандардын үнүн ажырата албай калды. Алар ушунчалык катуу кыйкыргандыктан, үндөрү тээ алыска чейин угулуп жатты.

Шилтемелер

Ливандан.
Эзра 2:40та «Одабия», Некемия 7:43тө «Одеба».
Музыкалык аспап.
Сөзмө-сөз: «жакшы».