Ышая 55:1—13
55 Суусагандар,+ баарыңар суу алганы келгиле!+
Акчасы жоктор, келгиле, алгыла да жегиле!
Келгиле, шарап менен сүттү+ акча төлөбөй эле бекер алгыла.+
2 Нан деп айтканга болбой турган нерсе үчүн эмнеге акча төлөп жатасыңар?
Мээнет кылып тапканыңарды* эмнеге курсакты тойгузбаган нерсеге коротуп жатасыңар?
Мени кунт коюп уккула, тамактын жакшысын жегиле,+Ошондо чындап эле тамактын мыктысын жеп, рахаттанасыңар.+
3 Кулак кагып, мага келгиле.+
Уккула, ошондо аман болосуңар.
Дөөтүнү туруктуу сүйүүмө бөлөйм деген убадама ылайык,+Силер менен түбөлүк келишим түзөм.+
Ал убадам сөзсүз аткарылат*.
4 Мына, мен аны элдерге күбө+ кылдым,Аларга жол башчы,+ башкаруучу+ кылып бердим.
5 «Сен* өзүң билбеген элди чакырасың*,Сени тааныбаган элдин арасынан чыккандар да Жахаба Кудайың үчүн,+Ысрайылдын Ыйыгы үчүн сага чуркап келишет,Анткени ал сенин даңкыңды чыгарат.+
6 Тапканга мүмкүнчүлүк барда Жахабаны издегиле*.+
Ал жакын турганда, аны чакыргыла.+
7 Ыймансыз жаман жолунан кайтсын,+Кара ниет кыянаттык ойлогонун таштасын;Жахабага кайрылып келсин, ал ага ырайым кылат,+Кудайыбызга кайрылып келсин, ал айкөлдүк менен кечирет».+
8 «Себеби менин ойлогон оюм силердикиндей эмес,+Менин иштерим да силердикиндей эмес,— дейт Жахаба.—
9 Анткени асман жерден канчалык бийик болсо,Менин кылган иштерим силердин иштериңерден,Ойлогон ойлорум силердин оюңардан ошончолук бийик.+
10 Асмандан жааган жаан менен кар жерди сугарып,Аны өсүмдүк өнүп чыккыдай, түшүм бергидей кылмайын,Дыйканга үрөн, элге нан бергидей кылмайын асманга кайтпайт.
11 Менин оозуман чыккан сөз да ушундай.+
Ал мага курулай кайтып келбейт,+Мен эмнени кааласам*, ошону сөзсүз аткарат,+Эмнеге жиберсем, ошону сөзсүз ишке ашырат.
12 Элим, силер кубанып чыгып,+Үйүңөргө аман-эсен кайтып барасыңар.+
Тоолор менен адырлар сүйүнүп тосуп алып, шаттана үн салышат,+Талаадагы бак-дарактардын баары алакан чабышат.+
13 Тикенектүү бадалдын ордуна арча,+Чалкандын ордуна мирт дарагы өсүп чыгат.
Мунун баары менин атагымды, Жахабанын атагын, чыгарат,+Мен жөнүндө эч качан өчпөй турган белги болот».
Шилтемелер
^ Же: «Кара жанды карч уруп тапкан акчаңарды».
^ Же: «ишеничтүү».
^ 5—7-аяттардагы сөздөр, сыягы, Ышая пайгамбардыкы.
^ Ысрайыл элине карата айтылып жатат.
^ Же: «Жахабага кайрылып келгиле».
^ Же: «эмнени ниет кылсам».