Чыгуу 20:1—26
20 Андан кийин Кудай мындай деди:+
2 «Мен Жахабамын, силерди Мисирден, кул болуп жүргөн жерден, алып чыккан Кудайыңармын.+
3 Менден башка кудайларыңар болбосун.+
4 Асмандагы, жердеги же суудагы нерселердин сөлөкөтүн же түспөлүн жасабагыла*.+
5 Аларга табынбагыла да, кызмат кылбагыла,+ анткени мен Жахаба Кудайыңармын, толук берилгендикти талап кылган Кудаймын.+ Мени жек көргөндөрдүн күнөөлөрүнүн кесепетин уулдарына, неберелери менен чөбөрөлөрүнө чейин тарттырам.
6 Ал эми мени сүйгөндөрдүн, осуяттарымды сактагандардын+ миңинчи муунуна чейин мээримимди төгөм*.
7 Жахаба Кудайыңардын ысмын жөнү жок* атабагыла,+ анткени Жахаба анын ысмын жөнү жок атагандарды жазасыз калтырбайт.+
8 Дем алыш күндү ыйык тутуш керектигин унутпагыла.+
9 Ошондуктан алты күн иштеп,+ бардык иштериңерди кылгыла.
10 Ал эми жетинчи күн — Жахаба Кудайыңарга арналган дем алыш күн. Өзүңөр да, уулуңар да, кызыңар да, кулуңар да, күңүңөр да, малыңар да, араңарда жашаган бөтөн жерлик да, эч ким эч кандай иш кылбасын.+
11 Анткени Жахаба алты күндүн ичинде асман менен жерди, деңизди жана алардагынын баарын жаратып бүтүп, жетинчи күнү эс ала баштаган.+ Ошондуктан Жахаба дем алыш күнгө батасын берип, аны ыйык деп жарыялаган.
12 Жахаба Кудайыңар бере турган жерде өмүрүңөр узун болушу үчүн,+ ата-энеңерди сыйлагыла.+
13 Киши өлтүрбөгүлө.+
14 Ойноштук кылбагыла.+
15 Уурдабагыла.+
16 Бирөөгө каршы күбөгө өтүп, жалаа жаппагыла.+
17 Башка бирөөнүн үйүнө көз артпагыла. Аялына,+ кулуна, күңүнө, букасына, эшегине, эч нерсесине көз артпагыла».+
18 Алыста турган бүт эл күндүн күркүрөгөнүн, мүйүз сурнайдын үнүн угуп, чагылгандын чартылдаганын, тоонун түтөгөнүн көрүп турду. Алар ушулардын баарын угуп-көрүп, коркконунан титиреп алыста тура беришти.+
19 Анан Мусага: «Биз менен сен сүйлөш, сени угалы. Биз менен Кудай сүйлөшпөсүн, болбосо өлүп калабыз»,— дешти.+
20 Ошондо Муса: «Коркпогула, анткени чыныгы Кудай силерди сынаш үчүн,+ андан дайыма коркуп, күнөө кылбашыңар үчүн түшүп келди»,— деди.+
21 Эл дагы эле алыста турду. Муса болсо чыныгы Кудай турган жерге, кара булутка, жакын барды.+
22 Жахаба Мусага мындай деди: «Ысрайыл элине мындай де: „Кудай мындай дейт: “Силерге асмандан сүйлөгөнүмө өз көзүңөр менен күбө болдуңар.+
23 Күмүштөн же алтындан кудайларды жасабагыла. Менден бөлөк кудайларыңар болбосун.+
24 Мага топурактан курмандык жайын куруп, анын үстүнө бүтүндөй өрттөлчү курмандыктар менен тынчтык курмандыктарын*, майда малыңар менен бодо малыңардан алып келген курмандыктарды чалгыла. Ысмымды эстетип туруш үчүн өзүм тандаган жердин баарында ушундай кылгыла,+ ошондо силерге келип, батамды берем.
25 Эгер курмандык жайын таштан кура турган болсоңор, жылмаланган таштан курбагыла.+ Анткени ташты кескич менен жылмаласаңар, арам болуп калат.
26 Уяттуу жериңер көрүнүп калбашы үчүн, курмандык жайына тепкич жасабагыла”“.
Шилтемелер
^ Б. а. жыгачтан, таштан, металлдан же чоподон жасабашы керек болчу.
^ Сөзмө-сөз: «туруктуу сүйүүмдү көрсөтө берем».
^ Же: «жалган нерсеге байланыштырып; тийиштүү урмат көрсөтпөй».