Накыл сөздөр 25:1—28

  • Купуя сөздү сактай билүү (9)

  • «Өз учурунда айтылган сөз» (11)

  • «Жакыныңдын үйүнө көп бара бербе» (17)

  • Душмандын жүрөгүн жибитүү (21, 22)

  • Жакшы кабар сергиткен муздак суудай (25)

25  Булар да Жүйүттүн падышасы Хискиянын+ кишилери көчүрүп жазган* Сулаймандын накыл сөздөрү.+  2  Кудай ишти жашыруун сактагандыктан даңкталат,Ал эми падышалар ишти жакшылап изилдегендиктен+ даңкталат.  3  Асман кандай бийик, жердин түбү кандай терең болсо,Падышалардын жүрөгү да ошондой изилденгис.  4  Күмүштөн кошундуну бөлүп ташта,Ошондо күмүш таптаза болуп калат.+  5  Падышанын жанындагы ыймансызды кетир,Ошондо анын тактысы адилдик менен бекемделет.+  6  Падышанын алдында өзүңө урмат-сый ыйгарба,+Атактуулардын арасынан орун алба.+  7  Падышанын сени аттуу-баштуу кишинин алдында кемсинткенине караганда,Сага: «Кел, бул жакка өт»,— деп айтканы жакшы.+  8  Бирөө менен соттошконго шашпа,Болбосо кийин ал айыбыңды ачса, эмне кыласың?+  9  Аны менен болгон талашыңды териштир,+Бирок купуя айткан сөзүн башкага айтпа*.+ 10  Болбосо уккан киши сени уятка калтырат,Жамандап айткан сөздөрүңдү да артка кайрый албай каласың. 11  Өз учурунда айтылган сөзКүмүш идиштеги алтын алмадай.+ 12  Алтын сөйкө менен таза алтындан жасалган жасалга кандай болсо,Акылдуунун ашкерелегени да уккан кулакка ошондой.+ 13  Оруп-жыюу маалында кардын салкын илеби кандай болсо,Ишеничтүү кабарчы да аны жибергендер үчүн ошондой,Анткени ал мырзасынын жанын сергитет.+ 14  Эч качан бербей турган белеги менен мактанган кишиЖаансыз булут менен кургак шамалдай.+ 15  Чыдамдуу болуп башчыны да ийге келтирсе болот,Жумшак тил сөөктү сындырат.+ 16  Бал тапсаң, канча керек болсо, ошончо гана же,Анткени өтө көп жесең, кусасың.+ 17  Жакыныңдын үйүнө көп бара бербе,Болбосо ал тажап, сени жек көрүп калышы мүмкүн. 18  Ким жакынына каршы күбөгө өтүп, жалаа жапса,+Ал союлдай, кылычтай, курч жебедей. 19  Сынган тиш менен аксаган бут кандай болсо,Кыйын кезеңде ишеничтүү эмес кишиге* таянуу да ошондой. 20  Кайгылуу жүрөккө ыр ырдаган киши+Күн суукта кийимин чечкен кишиге,Шакарга* кычкыл шарап куйганга окшош. 21  Душманың ачка болсо, жегенге нан бер;Суусап турса, ичкенге суу бер.+ 22  Ошондо анын жүрөгүн жибитесиң*,+Жахаба болсо сага сыйлык берет. 23  Түндүктөн соккон шамал нөшөр жаадырат,Ушак сөз каарды кайнатат.+ 24  Урушчаак* аял менен бир үйдө жашагандан көрө,Үйдүн чатырынын бир бурчунда жашаган артык.+ 25  Чарчап-чаалыккан жанга муздак суу кандай болсо,Алыскы жерден келген жакшы кабар да ошондой.+ 26  Ыймансыздын таасирине алдырган адил кишиЫлайланган булакка, суусу кирдеп калган кудукка окшош. 27  Балды өтө көп жеген жакшы эмес,+Адамдын өзүнө даңк издегени да жакшы эмес.+ 28  Талкаланган, дубалы жок шаар кандай болсо,Өзүн башкара албаган киши да ошондой.+

Шилтемелер

Же: «көчүрүп жазган жана бир жыйнак кылып чогулткан».
Же: «башкалардын сырын ачпа».
Же балким: «жалганчыга».
Же: «Содага».
Сөзмө-сөз: «башына чок үйөсүң».
Же: «Наалый берген».