Забур 67:1—7
Жетекчиге. Кыл аспаптардын коштоосунда аткарылат. Ыр.
67 Оо, Кудай, бизге ырайым кылып, батаңды бересиң,Бизге ыраазы болосуң.+ (Села)
2 Жер жүзү сенин жолуңду билиши үчүн,+Куткаруучу экениңди бүт элдер билиши үчүн ошентесиң.+
3 Оо, Кудай, элдер сени даңазаласын,Бардык элдер даңктасын.
4 Элдер кубансын, шаттана кыйкырсын,+Анткени сен элдерге акыйкат сот жүргүзөсүң,+Жер жүзүндөгү элдерди жетектейсиң. (Села)
5 Оо, Кудай, элдер сени даңазаласын,Бардык элдер даңктасын.
6 Жер өз жемишин берет,+Кудай, биздин Кудай, бизге батасын берет.+
7 Кудай бизге батасын берет,Жердин учу-кыйырында жашагандардын баары андан коркот*.+
Шилтемелер
^ Же: «аны урматтап-сыйлайт».