Забур 64:1—10
-
Тымызын кол салгандардан коргонуч
-
«Кудай аларды жебе менен атат» (7)
-
Жетекчиге. Дөөтүнүн ыры.
64 Оо, Кудай, жалынып-жалбарганымда уга көр,+Мени коркутуп-үркүткөн душмандан сактай көр.
2 Мага каршы жең ичинен сүйлөшкөн ыймансыздардан,+Кыянаттык кылгандардын тобунан корго.
3 Алар тилин кылычтай курчутуп,Заар сөздөрүн жебедей мээлеп турушат.
4 Айыпсызды жашыруун жайларынан атыш үчүн мээлешет,Аны байкатпай туруп атышат, коркушпайт.
5 Жаман оюнан кайтышпайт*,Кантип тымызын тузак тартышты кеп кылышат,«Ким көрмөк эле?» — дешет.+
6 Дагы кантип жамандык кылсак деп ойлошот,Жашыруун түрдө амал ойлонуштурушат,+Алардын оюнда эмне бар экенин билбейсиң.
7 Бирок Кудай аларды жебе менен атат,+Алар күтүлбөгөн жерден жарадар болушат.
8 Тилинин айынан кыйрашат,+Карап тургандардын баары башын чайкайт.
9 Ошондо бардык адамдар коркуп,Кудайдын иштери тууралуу жар салышат,Анын иштеринин маңызын аңдашат.+
10 Адил адам Жахабанын иштерине кубанат, аны баш маана кылат,+Жүрөгү тазалардын баары шаттанат*.