Забур 41:1—13

  • Ооруп жаткан адамдын Кудайдан тиленгени

    • Кудай ооруп жаткан адамга кам көрөт (3)

    • Жакын кишинин сатып кетиши (9)

Жетекчиге. Дөөтүнүн ыры. 41  Бей-бечарага жардам берген киши бактылуу,+Кыйынчылык күнү Жахаба аны куткарат.  2  Жахаба аны коргойт, аман алып калат;Ал жер үстүндө бактылуу деп аталат.+ Сен аны душмандарынын колуна эч качан салып бербейсиң.+  3  Ал төшөктө ооруп жатканда, Жахаба колдойт;+Ооруп жатканында, сен ага кам көрөсүң.  4  Мен: «Оо, Жахаба, мага ырайым кыл.+ Сага каршы күнөө кылдым,+ мени айыктыра көр»,+— дедим.  5  Душмандарым мен жөнүндө суук сөздөрдү айтып: «Бул деги качан өлөт, аты качан өчөт?» — деп жатышат.  6  Кимдир бирөөсү мени көргөнү келсе, анткорлонуп сүйлөйт,Мени кеп кылыш үчүн жаман нерселерди аңдып отурат,Сыртка чыгары менен, ошону элге жаят.  7  Мени жек көргөндөрдүн баары өз ара шыбырашып жатышат;Мага жамандык ойлоп:  8  «Муну чоң балээ басты,Минтип жатып калды, эми турбайт»,— деп жатышат.+  9  Атүгүл жакын досум болгон, мен ишенип келген,+Мени менен чогуу бир дасторкондон нан жеп жүргөн киши да мага каршы чыкты.+ 10  Оо, Жахаба, мага ырайым кыл, мени тургуз,Аларга тиешесин берейин. 11  Душманым мени жеңип кубанбаса,Сага жагарымды ушундан билем.+ 12  Мени кынтыксыз болгонум үчүн колдоп келесиң,+Көз алдыңда түбөлүккө тургудай кыласың.+ 13  Ысрайылдын Кудайы ЖахабаТүбөлүктөн түбөлүккө даңкталсын.+ Оомийн*, оомийн!

Шилтемелер