Забур 3:1—8

  • Коркунучка карабай Кудайга таянуу

    • «Душмандарым эмнеге мынча көбөйдү?» (1)

    • «Жахаба,.. куткаруучу сенсиң» (8)

Дөөтүнүн Абышалом+ деген уулунан качып жүргөн убакта жазган ыры. 3  Оо, Жахаба, душмандарым эмнеге мынча көбөйдү?+ Эмнеге мага ушунча көп киши каршы чыгып жатат?+  2  Көптөр мен жөнүндө: «Кудай аны куткарбайт»,— деп жатышат.+ (Села)*  3  Бирок сен, Жахаба, менин калканымсың,+Сен менин даңкымсың,+ башымды өйдө көтөрөсүң.+  4  Үнүмдү бийик чыгарып, Жахабаны жардамга чакырам,Ошондо ал мага ыйык тоосунан жооп берет.+ (Села)  5  Мен болсо тынч жатып, тынч уктайм,Ойгонгондо да эч нерседен коркпойм,Себеби мени Жахаба колдоп турат.+  6  Он миңдегендер туш тарабыман курчап,Мага каршы чыгышса да, алардан коркпойм.+  7  Оо, Жахаба, ордуңан тур! Оо, Кудайым, мени куткара көр!+ Сен бүт душмандарымды тумшукка урасың;Ыймансыздардын тишин талкалайсың.+  8  Жахаба, элиңди куткаруучу сенсиң.+ Элиңе батаңды төгөсүң. (Села)

Шилтемелер