Забур 28:1—9

  • Забурчунун тилеги кабыл болот

    • «Жахаба — күч-кубатым, калканым» (7)

Дөөтүнүн ыры. 28  Оо, Жахаба, Аска-зоом,+Сенден жардам сурап жалбарып жатам. Үнүмдү укпай койбо. Эгер унчукпай койсоң,Көргө түшкөндөрдөй болуп калам.+  2  Ыйык жайыңдын төркү бөлмөсүн көздөй колумду сунуп,Жардамга чакырып жалбарганымда уга көр.+  3  Мени ыймансыздар менен, кыянаттык кылгандар менен кошо жок кыла көрбө,+Алар жакындары менен досторго окшоп сүйлөшөт, бирок жүрөктөрү жамандыкка толгон.+  4  Аларга кылган иштерине,Жасаган жамандыгына жараша тиешесин бер.+ Колу менен кылгандары үчүн,Жамандыгы үчүн жазала.+  5  Алар Жахабанын иштерине,Анын колунан бүткөн нерселерге көңүл бурушпайт.+ Кудай аларды ойрон кылат, колдобойт.  6  Жахаба даңкталсын, анткени жардам сурап зарлаганымды укту.  7  Жахаба — күч-кубатым,+ калканым.+ Бүт жүрөгүм менен ага таянам.+ Андан жардам алгандыктан, жүрөгүм шаттанат,Аны даңазалап ырдайм.  8  Жахаба — өз элинин күч-кубаты,Ал чеп сыяктуу өзүнүн тандаганын* куткарат.+  9  Элиңди куткар, өз энчиңе батаңды бер,+Аларды койчудай болуп кайтарып, түбөлүккө колуңа көтөрүп жүр.+

Шилтемелер

Же: «майланганын».