Забур 14:1—7

  • Акылсыз киши

    • «Жахаба жок» (1)

    • «Жакшылык кылган бир да киши жок» (3)

Жетекчиге. Дөөтүнүн ыры. 14  Акылсыз киши ичинен: «Жахаба жок»,— дейт.+ Андай кишилер бузуку, жийиркеничтүү иштерди кылышат;Жакшылык кылган бир да киши жок.+  2  Бирок арасында Жахабаны издеген, түшүнүгү бар бирөө бар бекен деп,Жахаба адам баласына асмандан көз салып турат.+  3  Алардын баары жолдон адашкан,+Баары бирдей бузулган. Жакшылык кылган бир да киши жок,Бирөө да жок.  4  Эмне, күнөөкөрлөрдүн бири да эч нерсе түшүнбөйбү? Алар элимди нан жегендей эле жеп-жутуп жатышат. Алар Жахабадан тиленишпейт.  5  Бирок аларды чоң коркунуч басат,+Себеби Жахаба адил кишилердин* тарабында.  6  Ыймансыздар, силер бечаранын оюн ойрон кылгыңар келет,Бирок анын баш маанасы — Жахаба.+  7  Ысрайылга Сиондон куткарылуу келсе кана!+ Жахаба туткунда жүргөн элин кайтарып келгенде,Жакыптын урпактары сүйүнсүн, Ысрайылдын урпактары кубансын!

Шилтемелер

Же: «адилдердин муунунун».