Забур 136:1—26
136 Жахабага ыраазычылык билдиргиле, анткени ал мээримдүү*;+Анын сүйүүсү* түбөлүктүү.+
2 Башка кудайлардын баарынан жогору турган Кудайга ыраазычылык билдиргиле,+Себеби анын сүйүүсү түбөлүктүү.
3 Теңирлердин Теңирине ыраазычылык билдиргиле,Себеби анын сүйүүсү түбөлүктүү.
4 Ал гана улуу иштерди жасайт,+Себеби анын сүйүүсү түбөлүктүү.+
5 Ал асманды чебердик* менен жараткан,+Себеби анын сүйүүсү түбөлүктүү.
6 Жерди суулардын үстүнө орноткон,+Себеби анын сүйүүсү түбөлүктүү.
7 Асмандагы чоң чырактарды жараткан,+Себеби анын сүйүүсү түбөлүктүү.
8 Күндүз башкарсын деп, күндү жараткан,+Себеби анын сүйүүсү түбөлүктүү.
9 Түнкүсүн башкарсын деп, ай менен жылдыздарды жараткан,+Себеби анын сүйүүсү түбөлүктүү.
10 Мисирдеги тундарды кырган,+Себеби анын сүйүүсү түбөлүктүү.
11 Ысрайылдыктарды Мисирден алып чыккан,+Себеби анын сүйүүсү түбөлүктүү.
12 Аларды кудуреттүү күчү менен алып чыккан,+Себеби анын сүйүүсү түбөлүктүү.
13 Кызыл деңизди экиге бөлгөн,+Себеби анын сүйүүсү түбөлүктүү.
14 Ысрайылды деңиздин ортосунан өткөргөн,+Себеби анын сүйүүсү түбөлүктүү.
15 Фараон менен аскерлерин Кызыл деңизге чөктүргөн,+Себеби анын сүйүүсү түбөлүктүү.
16 Өз элин чөлдө жетектеп жүргөн,+Себеби анын сүйүүсү түбөлүктүү.
17 Улуу падышаларды ойрон кылган,+Себеби анын сүйүүсү түбөлүктүү.
18 Кубаттуу падышаларды өлтүргөн,Себеби анын сүйүүсү түбөлүктүү.
19 Аморлуктардын падышасы Сихонду+ өлтүргөн,Себеби анын сүйүүсү түбөлүктүү.
20 Башандын падышасы Окту өлтүргөн,+Себеби анын сүйүүсү түбөлүктүү.
21 Алардын жерин элине мураска берген,+Себеби анын сүйүүсү түбөлүктүү.
22 Кызматчыларына, ысрайылдыктарга, мураска берген,Себеби анын сүйүүсү түбөлүктүү.
23 Кайгыга малынганыбызда* бизди эстеген,+Себеби анын сүйүүсү түбөлүктүү.+
24 Душмандарыбыздан куткарып турган,+Себеби анын сүйүүсү түбөлүктүү.
25 Ал тирүү жандын баарына азык берет,+Себеби анын сүйүүсү түбөлүктүү.
26 Асмандын Эгедери болгон Кудайга ыраазычылык билдиргиле,Себеби анын сүйүүсү түбөлүктүү.
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «жакшы».
^ Же: «туруктуу сүйүүсү». Бул ушул забурдун бардык аяттарына тиешелүү.
^ Же: «акылмандык».
^ Же: «Басынтылганыбызда».