Забур 135:1—21

  • Жахты улуулугу үчүн даңктагыла

    • Мисирдеги жышаандар менен кереметтер (8, 9)

    • «Сенин ысмың түбөлүктүү» (13)

    • Жансыз буркандар (15—18)

135  Жахты даңктагыла! Жахабанын ысмын даңктагыла,Оо, Жахабанын кызматчылары, аны даңазалагыла,+  2  Жахабанын үйүндө,Кудайыбыздын үйүнүн короолорунда кызмат кылгандар, даңазалагыла.+  3  Жахты даңктагыла, анткени Жахаба мээримдүү*.+ Анын ысмын даңктап ырдагыла*, анткени бул жагымдуу.  4  Анткени Жах Жакыпты менчиги кылып,Ысрайылды өзгөчө эли* кылып тандап алган.+  5  Мен Жахабанын улуу экенин,Теңирибиздин башка кудайлардын баарынан жогору турарын жакшы билем.+  6  Жахаба эмнени кааласа,Ошонун баарын асман менен жерде,Деңиз менен суу туңгуюктарында ишке ашырат.+  7  Ал жердин учу-кыйырынан булуттарды* көтөрөт,Жамгыр жаап жатканда, чагылган чартылдатат*,Кампаларынан шамал чыгарат.+  8  Ал Мисирдин тун уулдарын да,Малынын төл башыларын да кырган.+  9  Оо, Мисир, ал сага, фараон менен анын бардык кызматчыларынаЖышаандарын, кереметтерин көрсөткөн.+ 10  Көптөгөн элдерди кырган,+Кубаттуу падышаларды өлтүргөн:+ 11  Аморлуктардын падышасы Сихонду,+Башандын падышасы Окту,+Канаандагы бүт падышалыктарды тыптыйпыл кылган. 12  Алардын жерин өз элине мураска,Ысрайыл элине мураска берген.+ 13  Оо, Жахаба, сенин ысмың түбөлүктүү,Оо, Жахаба, даңкың* муундан муунга өчпөйт.+ 14  Анткени Жахаба өз элин коргойт*,+Кызматчыларына боор ооруйт.+ 15  Ал эми башка элдердин буркандары алтын менен күмүштөн жасалган,Пенденин колунан жаралган.+ 16  Алардын оозу бар, бирок сүйлөбөйт,+Көзү бар, бирок көрбөйт, 17  Кулагы бар, бирок укпайт,Таноосунда деми жок.+ 18  Аларды жасагандар да,Аларга таянгандар да ошолордой болуп калат.+ 19  Оо, ысрайыл эли, Жахабаны алкагыла,Оо, Арундун урпактары, Жахабаны алкагыла. 20  Оо, Лебинин урпактары, Жахабаны алкагыла,+Жахабадан корккондор, Жахабаны алкагыла. 21  Иерусалимде жашаган+ ЖахабагаСиондон алкыш айтылсын.+ Жахты даңктагыла!+

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «жакшы».
Же: «күү аспап черткиле».
Же: «менчиги».
Же: «буу».
Же балким: «Жамгыр үчүн эшик ачат».
Же: «ысмың».
Же: «элине болушат».