Забур 121:1—8
Шаарга чыгып баратканда ырдалчу ыр.
121 Тоо тарапка көз чаптырып:+
«Мага жардам кайдан келет?» — дейм.
2 Мага жардам Жахабадан,+Асман менен жердин Жаратканынан келет.
3 Ал бутуңдун тайып кетишине* жол бербейт.+
Сени коргоп жүргөндүн өзү эч качан үргүлөбөйт.
4 Мына, Ысрайылдын КоргоочусуЭч качан үргүлөбөйт да, уктабайт.+
5 Жахаба сени коргоп жүрөт,Жахаба — оң жагыңдагы+ сен коргологон көлөкө.+
6 Күндүзү күндөн,+Түнкүсүн айдан зыян тартпайсың.+
7 Жахаба сени бардык зыяндан сактайт,+Жаныңды коргойт.+
8 Эмне кылсаң да, Жахаба сениАзыр да, келечекте да түбөлүккө коргойт.
Шилтемелер
^ Же: «Ал теңселишиңе».