Забур 11:1—7

  • Жахаба — баш маана

    • «Жахаба ыйык ибадатканасында» (4)

    • Кудай зордук-зомбулукту жакшы көргөндөрдү жек көрөт (5)

Жетекчиге. Дөөтүнүн ыры. 11  Жахаба — баш маанам.+ Анан кантип мага: «Бар, чымчыктай болуп тооңо учуп кет!» — деп жатасыңар?  2  Силер: «Мына, ыймансыздар жаасын ийип жатышат,Жүрөгү тазаларды караңгыда атыш үчүнЖаасына жебе тартып жатышат.  3  Адилеттиктин пайдубалы кыйраганда,Адил адам эмне кыла алат?» — дейсиңер.  4  Жахаба ыйык ибадатканасында.+ Жахабанын тактысы асманда.+ Ал адам баласын көрүп турат, курч көздөрү аларды байкап турат.+  5  Жахаба адил кишини да, ыймансызды да байкап турат;+Зордук-зомбулукту жакшы көргөндөрдү ал жек көрөт.+  6  Ал ыймансыздарга каргаша* жаадырат,Алардын үлүшү* от, күкүрт,+ куйкалаган шамал болот.  7  Себеби Жахаба адил,+ ал адил иштерди жакшы көрөт.+ Түз жүргөндөр анын ырайымына ээ болот*.+

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «тузак».
Сөзмө-сөз: «чөйчөктөгү үлүшү».
Же: «анын жүзүн көрөт».