Забур 109:1—31

  • Башына мүшкүл түшкөн кишинин Кудайдан тиленгени

    • «Көзөмөлчүлүк милдети башкага берилсин» (8)

    • Кудай жакырдын оң тарабында турат (31)

Жетекчиге. Дөөтүнүн ыры. 109  Оо, мен даңктаган Кудай,+ унчукпай койбо.  2  Анткени ыймансыз менен калпычы мага каршы сүйлөп жатат. Алар мен жөнүндө калп айтып жатышат.+  3  Мени жектеген сөздөрүн туш тараптан жаадырып,Мага жөн жерден эле сокку уруп жатышат.+  4  Алар сүйүүмө кастык менен жооп берип жатышат,+Мен болсо дагы эле Кудайдан тиленип жатам.  5  Кылган жакшылыгыма жамандык менен,+Сүйүүмө жек көрүү менен жооп берип жатышат.+  6  Душманымды соттогонго* ыймансызды дайында,Оң тарабында каршылашы* турсун.  7  Ал соттолгондо айыптуу* деп табылсын,Атүгүл Кудайдан тиленгени күнөө деп эсептелсин.+  8  Өмүрү кыска болсун,+Көзөмөлчүлүк милдети башкага берилсин.+  9  Балдары жетим,Аялы жесир калсын. 10  Балдары тентип, кайыр сурап калсын,Ураган үйлөрүнөн чыгып, тамак издеп калышсын. 11  Карыз берген киши анын бүт мүлкүн тартып алсын*,Тапкан-жыйганын бөтөн бирөөлөр талап кетсин. 12  Ага эч кимдин боору оорубасын*,Жетимдерине эч ким ырайым кылбасын. 13  Урпактары кырылып калсын,+Аты өчүп, кийинки муундагылар аларды билбей калсын. 14  Жахаба анын ата-бабаларынын кылмышын унутпасын,+Энесинин да күнөөсү өчүрүлбөсүн. 15  Алардын кылгандары дайыма Жахабанын эсинде болсун,Ал жер үстүнөн алардын атын өчүрсүн.+ 16  Анткени ал киши боор оору дегенди* унутуп койгон,+Кайра, эзилгенди, жакырды, көңүлү чөккөндү өлтүрүш үчүнАртынан сая түшкөн.+ 17  Бирөөнү каргаганды жакшы көргөндүктөн, өзүнө каргыш тийди,Бата бергиси келбегендиктен, өзү да бата алган жок. 18  Ал каргышты кийимдей кийди,Каргыштар ичине* суудай кирди,Сөөгүнө майдай сиңди. 19  Айткан каргыштары анын кийген кийиминдей,+Дайыма курчанган курундай болсун. 20  Мага каршы чыккандын,Мени жамандагандардын Жахабадан алган тиешеси — ушул.+ 21  Сен болсо, Эгедер Теңир Жахаба,Өз ысмың даңкталышы үчүн, мага жардам бере көр,+Мени куткар, анткени сенин сүйүүң* улуу.+ 22  Анткени мен бир байкушмун, жакырмын,+Жүрөгүм тилинип, жараланды.+ 23  Мен көлөкө сымал өтүп баратам,Мени чегирткедей күбүп салышты. 24  Орозо кармагандыктан тизелеримдин күчү кетти,Этим шылынып, соолуп баратам. 25  Аларга шылдың болдум,+Мени көргөндө башын чайкашат.+ 26  Оо, Жахаба Кудайым, мага жардам бере көр,Туруктуу сүйүүңдү көрсөтүп, мени сактай көр. 27  Оо, Жахаба, ошондо алар мени сен сактап калганыңды,Муну сен кылганыңды билишет. 28  Алар каргай беришсин, сен болсо батаңды бер. Алар мага каршы чыкканда уятка калышсын,Ал эми сенин кызматчың кубансын. 29  Мага каршы чыккандар кемсинтилсин,Маскаралыкты чапандай кийишсин.+ 30  Мен Жахабаны күйүп-жанып даңктайм,Калың элдин алдында даңазалайм.+ 31  Анткени ал жакырды айыптоочуларынан сакташ үчүнАнын оң тарабында турат.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «Анын үстүнөн».
Же: «айыптоочу».
Же: «ыймансыз».
Же: «Карыз берген алдым-жуттум кишилер бүт мүлкүнө тор жайсын».
Же: «туруктуу сүйүү көрсөтпөсүн».
Же: «туруктуу сүйүү көрсөтүүнү».
Же: «денесине».
Же: «туруктуу сүйүүң».