Жылнаама 1-китеп 5:1—26

  • Рубейиндин урпактары (1—10)

  • Гаттын урпактары (11—17)

  • Агрылыктар жеңилет (18—22)

  • Менашенин жарым уруусу (23—26)

5  Ысрайылдын тун уулу Рубейиндин+ урпактары төмөндө жазылды. Рубейин тун уулу болсо да, атасынын төшөгүн арамдап койгондуктан,+ туңгучтук укугу Ысрайылдын уулу Жусуптун+ уулдарына берилген. Ошондуктан ал санжырага тун уул катары жазылган эмес. 2  Ошондой эле Жүйүт+ бир туугандарынан мыкты, өйдө болсо да, урпактарынан жол башчы чыкса да,+ туңгучтук укук ага эмес, Жусупка берилген. 3  Ысрайылдын тун уулу Рубейиндин уулдары: Ханох, Палу, Кесрон, Карми.+ 4  Шемая Жоелдин уулу болгон. Шемаядан Гок, Гоктон Шимей төрөлгөн. 5  Шимейден Микей, Микейден Реай, Реайдан Баал төрөлгөн. 6  Баалдан Берак төрөлгөн. Аны Ашур* падышасы Тилгатпилнесер*+ туткундап кеткен. Берак Рубейин уруусундагылардын башчысы болгон. 7  Анын ата-теги боюнча үй-бүлөлөрү менен санжырага жазылган туугандары булар: Жиел башчы, Закарыя, 8  ошондой эле Жоелдин чөбүрөсү, Шеманын небереси, Азаздын уулу Бела. Бела урук-тукуму менен жашаган аймак Ароерден+ Небого жана Баал-Меонго+ чейин созулган. 9  Анын чыгыш тарабы Эфрат* дарыясына+ дейре созулган чөлгө чейин жеткен, анткени Гилат жеринде+ алардын малы абдан көбөйгөн. 10  Алар Шабулдун убагында агырлыктар менен согушуп, аларды жеңип алышкан. Анан Гилаттын чыгышындагы жерлеринин баарын ээлеп, алардын чатырларында жашап калышкан. 11  Гаттын урпактары алардын жанында, Башандын Салхага+ чейинки жерлеринде жашашкан. 12  Башанда алардын башчысы Жоел, андан кийинкиси Шапам болгон, Жанай менен Шапат да башчылык милдеттерди аткарышкан. 13  Алардын Микеил, Мешулам, Шеба, Жорай, Жакан, Зия, Эбер деген 7 тууганы болгон. 14  Алар Хуринин уулу Абыкайылдын уулдары болушкан. Хури Жароахтын, Жароах Гилаттын, Гилат Микеилдин, Микеил Жешишайдын, Жешишай Жахдонун, Жахдо Буздун уулу болгон. 15  Гунинин небереси, Абдиелдин уулу Аки урук башчысы болгон. 16  Алар Гилат+ менен Башан+ жеринде жана аларга караштуу шаарларда жашашкан. Ошондой эле Шарондогу жайыттардын баары чет-жакаларына чейин аларга караштуу болгон. 17  Алардын бардыгы Жүйүт падышасы Жотамдын+ жана Ысрайыл падышасы Жеробамдын*+ убагында санжырага киргизилген. 18  Рубейин уруусу менен Гат уруусунда жана Менашенин жарым уруусунда аскер кызматына жарактуу 44 760 киши болгон. Алар жаа, калкан, кылыч менен куралданган, согушканга дасыккан күчтүү жоокерлер болушкан. 19  Алар агрылыктар+ менен, Жетурдун, Напиштин,+ Нодаптын урпактары менен согушкан. 20  Согушуп жатканда Кудайга таянып,+ андан жардам сурашкандыктан, Кудай алардын жалынычын уккан. Ошондуктан агрылыктар менен алар тараптагылардын баарын жеңип алышкан. 21  Алардын бүт малын: 50 000 төөсүн, 250 000 коюн, 2 000 эшегин тартып алып, 100 000 кишисин туткундап алышкан. 22  Алар үчүн чыныгы Кудай өзү согушкандыктан, душмандарынын көбү өлгөн.+ Андан кийин алар душмандарынын жерин ээлеп, өздөрү туткундалып кеткенге чейин+ ошол жерде жашашкан. 23  Менашенин+ жарым уруусундагылар Башандан тартып Баал-Хермонго, Сенирге, Хермон тоосуна+ чейинки жерлерде жашашкан. Алардын саны көп болгон. 24  Алардын урук башчылары: Эпер, Иши, Элиел, Азриел, Жеремия, Одабия, Жахдиел. Булар мыкты жоокерлер, атактуу кишилер, урук башчылары болушкан. 25  Бирок алар ата-бабаларынын Кудайына каршы күнөө кылып, ал жок кылган элдердин кудайларына сыйына башташкан*.+ 26  Ошондо Ысрайылдын Кудайы Ашур падышасы Пулду, тактап айтканда, Тилгатпилнесерди+ аларга каршы козгоду.+ Ал Рубейин уруусу менен Гат уруусун жана Менаше уруусунун жарымын туткундап, Халакка, Хаборго, Харага, Гозан дарыясы+ тарапка алып кеткен. Алар ушу күнгө чейин ошол жакта жашашат.

Шилтемелер

Ассирия.
Же: «Тиглатпаласар».
Евфрат.
Б. а. Жеробам II.
Же: «кудайлары менен сойкулардай болуп ыпылас иш кыла башташкан». Бул алардын бөтөн жерликтердин кудайларына сыйынып, каймана мааниде сойкулук кылганын билдирет.