Жакыптын каты 4:1—17

  • Дүйнө менен дос болбогула (1—12)

    • Ибилиске каршы тургула (7)

    • Кудайга жакындагыла (8)

  • Кекирейип кеткенден сак болгула (13—17)

    • «Жахаба кааласа» (15)

4  Ортоңордогу чыр-чатактар, уруш-талаштар кайдан чыгат? Буга жүрөгүңөрдө күрөш жүргүзүп жаткан жаман каалоолорго жетеленгениңер себеп болуп жаткан жокпу?+ 2  Силер кайсы бир нерсени каалайсыңар, бирок каалаган нерсеңерге жетпей жатасыңар. Жек көрөсүңөр*, көз артасыңар, бирок көздөгөнүңөргө жетпей келесиңер. Урушуп-талашып, чатакташып келатасыңар.+ Кудайдан сурабагандыктан каалаганыңарга ээ боло албай жатасыңар. 3  Сурасаңар да, ала албай жатасыңар, анткени туура эмес ниет менен, жаман каалоолоруңарды канааттандырыш үчүн сурап жатасыңар. 4  Кудайдан баш тартып кеткендер*, бул дүйнө менен достошуу Кудайга душман болуу экенин билбейсиңерби? Андыктан ким бул дүйнө менен дос болгусу келсе, ал Кудайга душман болот.+ 5  Же Ыйык Жазмадагы: «Көз артканга жакын болгондуктан биз улам бир нерсени эңсей беребиз»,— деген сөздөр бекер айтылган деп ойлойсуңарбы?+ 6  Бирок Кудайдын улуу ырайымы бизге андай жакындыгыбызды жеңгенге жардам берет. Ошондуктан Ыйык Жазмада: «Кудай бой көтөргөндөргө каршы,+ ал эми момундарга ырайым кылат»,+— деп айтылат. 7  Ошон үчүн Кудайга баш ийгиле да,+ Ибилиске каршы тургула,+ ошондо ал силерден качат.+ 8  Кудайга жакындагыла, ошондо ал силерге жакындайт.+ Күнөөкөрлөр, жаман иштериңерден арылып, тазалангыла.+ Чечкинсиздер, жүрөгүңөрдү тазалагыла.+ 9  Кайгырып-капалангыла, ыйлагыла.+ Күлкүңөр ыйга, кубанычыңар кайгыга айлансын. 10  Жахабанын алдында момун болгула,+ ошондо ал силерди жогору көтөрөт.+ 11  Боордошторум, бири-бириңерди жамандаганыңарды токтоткула.+ Ким бир тууганын* жамандаса же айыптап-сындаса, ал Кудайдын мыйзамын жамандап, мыйзамды сындаган болот. Эгерде Кудайдын мыйзамын сындап жатсаң, анда аны аткаруучу болбой эле, сот болуп жатпайсыңбы. 12  Мыйзам чыгаруучу да, сот да жалгыз гана Кудай.+ Ал гана куткара да алат, жок кыла да алат.+ Анда жакыныңды айыптагыдай сен кимсиң?+ 13  «Бүгүн же эртең баланча шаарга барып, ал жерде бир жыл жүрөбүз да, соода-сатык кылып, акча таап келебиз»,— дегендер, эми силер кулак салгыла.+ 14  Силер эртең эмне болоруңарды билбейсиңер,+ анткени бир азга гана пайда болуп, кайра тарап кетчү бууга* окшошсуңар.+ 15  Анын ордуна: «Жахаба кааласа,+ аман болсок, муну же тигини кылабыз»,— дешиңер керек эле. 16  Бирок силер кекирейип, ооз көптүрө мактанып жатасыңар. Мындай мактанчаактык — жаман нерсе. 17  Демек, ким кандай кылса туура болорун билип туруп кылбаса, күнөө кылган болот.+

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «Киши өлтүрөсүңөр».
Сөзмө-сөз: «Ойноштук кылгандар». Бул Кудайга болгон берилгендигин сактабаган адамдарга карата айтылган.
Бул Кудайга чогуу сыйынып, бир динди туткан кишини билдирет.
Же: «туманга».