Жакыптын каты 2:1—26
2 Бир туугандарым, даңкка бөлөнгөн Мырзабыз Иса Машаякка ишенем деп коюп, бирөөлөрдү кадырлап, башкаларды басынтканыңар кандай?+
2 Жыйналышыңарга алтын шакектерди тагынып, кымбат баалуу кийим кийген бирөө менен кийими кир жарды бирөө келгенде,
3 кымбат баалуу кийимченин жакшы тосуп алып: «Бул жакка, төргө өтүңүз»,— десеңер, ал эми жардысына: «Сен туруп тур» же «Бут жагыма* отур»,— десеңер,+
4 анда бирин экинчисинен жогору коюп,+ адилетсиз чечим чыгарган соттой болуп жаткан жоксуңарбы?+
5 Сүйүктүү боордошторум, кулак салсаңар: Кудай ишенимге бай болушсун деп,+ аны сүйгөндөргө убада кылган Падышалыгынын мураскорлору болушсун деп,+ бул дүйнөдө жарды эсептелгендерди тандап алган эмес беле?
6 Силер болсо жардыны кемсинтип жатасыңар. Силерге кысым көрсөтүп,+ сотторго сүйрөп баргандар байлар эмеспи?
7 Силер кимге таандык болсоңор, ошонун даңктуу ысмына тил тийгизгендер да ошолор эмеспи?
8 Эгерде Ыйык Жазмадагы: «Башканы өзүңөрдү сүйгөндөй сүйгүлө»,+— деген Падышанын мыйзамын аткарып жатсаңар, анда жакшы.
9 Ал эми баарына тегиз карабай, бөлүп жатсаңар,+ анда күнөө кылып жатасыңар жана мыйзам силерди кылмышкер катары ашкерелеп* жатат.+
10 Себеби ким Мыйзамдын* баарын аткарып, бирок бир эле талабын бузса, бүт Мыйзамды бузган болот.+
11 Анткени: «Ойноштук кылбагыла»,+— деген Кудай: «Киши өлтүрбөгүлө»,+— деп да айткан. Ошондуктан ойноштук кылбаганың менен, киши өлтүрсөң, Мыйзамды бузган болосуң.
12 Силер адамдарды эркиндикке чыгара турган мыйзам боюнча соттоло тургандардансыңар, ошон үчүн сөзүңөр менен ишиңер ошого ылайык болсун.+
13 Анткени ким ырайым* кылбаса, соттолгондо ага да ырайым кылынбайт.+ Ырайым соттон жогору турат.
14 Бир туугандарым, эгер кимдир бирөө Кудайга ишенерин айтып, бирок аны иши менен көрсөтпөсө, андан эмне пайда?+ Андай ишеним аны куткара алабы?+
15 Эгер кайсы бир боордошуңардын киерге кийими жок болсо же күнүмдүк тамагы жетишсиз болсо,
16 араңардан бирөө ага: «Жакшы бар, жылуу кийин, курсагыңды тойгуз» — деп, бирок муктаж болгон нерсесин бербесе, андан эмне пайда?+
17 Ошо сыяктуу эле, ишсиз ишеним өлүк.+
18 Кимдир бирөө: «Сенин ишенимиң бар болсо, менин иштерим бар. Кылган жакшы иштериң жок болсо, мага ишенимиңди кантип көрсөтөсүң? Мен болсо сага ишенимимди жакшы иштерим менен көрсөтөм»,— дейттир.
19 Сен бир эле Кудай бар экенине ишенесиңби? Ишенсең, анда жакшы. Буга атүгүл жиндер да ишенишет, коркконунан калтырап-титиреп турушат.+
20 Акылсыз, ишеним иштер менен коштолбосо, пайдасыз экенин билбейсиңби?!
21 Бабабыз Ыбрайым иштеринин негизинде адил деп жарыяланган эмес беле? Кудай аны уулу Ыскакты курмандыкка чалыш үчүн курмандык жайына жаткыргандан кийин адил деп жарыялаган.+
22 Көрдүңбү, анын ишеними иштери менен коштолгон жана иштери аркылуу чындап эле ишеними бар экени айкын болгон*.+
23 Ошентип, Ыйык Жазмадагы: «Ыбрайым Жахабага ишенди, ошондуктан адил деп эсептелди»,+— деген сөздөр аткарылып, ал «Жахабанын досу» деп аталып калган.+
24 Көрдүңөрбү, адам ишениминин эле негизинде эмес, иштеринин негизинде адил деп эсептелет.
25 Сойку аял Рахап да чалгынчыларды* үйүнө киргизип, анан башка жол менен качып кеткенге жардам берип, иштеринин негизинде адил деп жарыяланган эмес беле?+
26 Ооба, дене демсиз* өлүк болгондой эле,+ ишсиз ишеним да өлүк.+
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «Бут койгучума».
^ Же: «айыптап».
^ Б. а. Муса пайгамбардын Мыйзамын.
^ Же: «кайрымдуулук».
^ Сөзмө-сөз: «ишеними жеткилеңдикке жеткен».
^ Сөзмө-сөз: «кабарчыларды».