Аян 7:1—17

  • 4 периштенин бүлгүнгө учурата турган 4 шамалды кармап турушу (1—3)

  • Мөөрлөнгөндөрдүн саны 144 000 (4—8)

  • Ак кийим кийген эбегейсиз көп адамдар (9—17)

7  Андан кийин жердин төрт бурчунда турган 4 периштени көрдүм. Жерге, деңизге, ошондой эле эч бир даракка эч кандай шамал сокпошу үчүн, алар жердин 4 шамалын бекем кармап турушуптур. 2  Анан күн чыгыштан көтөрүлүп, тирүү Кудайдын мөөрүн алып келаткан башка периштени көрдүм. Ал жер менен деңизге зыян келтиргенге бийлик берилген 4 периштеге: 3  «Биз Кудайыбыздын кулдарынын чекесине мөөр басып бүткөнгө чейин,+ жерге да, деңизге да, дарактарга да зыян келтирбегиле!»+ — деп кыйкырды. 4  Анан мен мөөрлөнгөндөрдүн саны 144 000+ экенин уктум. Алар Ысрайылдын ар бир уруусунан экен.+ 5  Жүйүт уруусунан мөөрлөнгөндөр 12 000 экен. Рубейин уруусунан 12 000,Гат уруусунан 12 000, 6  Ашыр уруусунан 12 000,Напталы уруусунан 12 000,Менаше+ уруусунан 12 000, 7  Шымон уруусунан 12 000,Леби уруусунан 12 000,Исахар уруусунан 12 000, 8  Забулун уруусунан 12 000,Жусуп уруусунан 12 000,Бенжемин уруусунан 12 000 экен. 9  Андан кийин эч ким санай албаган эбегейсиз көп адамдарды көрдүм. Ар бир элден, улуттан, уруудан чыккан, ар кандай тилдерде сүйлөгөн ал адамдар+ тактынын жана Козунун алдында узун ак кийим кийип турушуптур.+ Колдорунда курма дарагынын бутактары бар экен.+ 10  Алар: «Бизди тактыда отурган+ Кудайыбыз менен Козу куткарды»,+— деп ыраазы болуп кыйкырып жатышты. 11  Бардык периштелер тактынын, аксакалдардын+ жана 4 периштенин тегерегинде турушуптур. Алар тактынын алдына жүзтөмөндөп жыгылып, Кудайга сыйынып: 12  «Оомийн! Кудайыбызга түбөлүктөн түбөлүккө алкыш-даңк, акылмандык, урмат-сый, күч-кубат жана кудурет таандык болсун, ыраазычылык билдирилсин.+ Оомийн»,— деп жатышты. 13  Ошондо аксакалдардын бири менден: «Узун ак кийим кийген булар кимдер?+ Кайдан келишти?» — деп сурады. 14  Мен ошол замат: «Мырзам, муну сен билесиң да»,— дедим. Ал мындай деди: «Булар — улуу алааматтан+ аман өткөндөр. Булар кийимдерин Козунун канына жууп агартышкан.+ 15  Ошон үчүн Кудайдын тактысынын алдында туруп, анын ибадатканасында ага күнү-түнү ыйык кызмат кылып жатышат. Тактыда отурган Кудай+ булардын үстүнө чатырын жаят.+ 16  Булар мындан ары ачка болушпайт, суусашпайт, куйкалаган күндөн, эч кандай аптаптан кыйналышпайт.+ 17  Анткени буларды тактынын жанында* турган Козу+ кайтарып,+ өмүр суусунун башаттарына алып барат.+ Кудай булардын көз жашынын баарын аарчыйт».+

Шилтемелер

Же: «ортосунда».