Акай 2:1—23

  • Экинчи ибадаткана даңкка толот (1—9)

    • Кудай бардык элдерди солкулдатат (7)

    • Ибадатканага бардык элдердин асыл заттары келет (7)

  • Ибадаткананын кайра курулушу менен баталар төгүлөт (10—19)

    • Ыйыктык башка бир нерсеге өтүп кетпейт (10—14)

  • Зоробабылга айтылган кабар (20—23)

    • «Сен менин мөөр шакегимдей болосуң» (23)

2  Жетинчи айдын жыйырма биринчи күнү Жахаба Акай+ пайгамбар аркылуу мындай деди: 2  «Жүйүттүн башкаруучусу+ Шалтиел уулу Зоробабылдан,+ башкы дин кызматчы Жеосадак+ уулу Жашыядан+ жана калган элдин баарынан: 3  „Араңардан кимиңер бул үйдүн мурун канчалык кооз болгонун* көргөнсүңөр?+ Азыркы абалы жөнүндө эмне дейсиңер? Мурунку кооздугунан эч нерсе калбай калгандай көрүнгөн жокпу?“+ — деп сурап көр. 4  „Эми кайраттуу бол, Зоробабыл,— дейт Жахаба.— Кайраттуу бол, башкы дин кызматчы Жеосадак уулу Жашыя“. „Бүт эл, кайраттанып, ишке киришкиле“,+— дейт Жахаба. „Себеби мен силер менен болом,+— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба.— 5  Силерге Мисирден* чыкканыңарда берген убадамды,+ силерди дагы деле ыйык рухум* аркылуу жетектеп жатканымды* унутпагыла.+ Коркпогула“».+ 6  «Анткени асман аскерлеринин Кудайы Жахаба: „Жакын арада мен асман менен жерди, деңиз менен кургактыкты дагы бир жолу солкулдатам“,— дейт.+ 7  „Бардык элдерди солкулдатам, ошондо бул үйгө бардык элдердин асыл заттары келет,+ мен бул үйдү даңкка толтурам“,+— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба. 8  „Күмүш да, алтын да меники“,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба. 9  „Бул үйдүн даңкы мурунку үйдүн даңкынан алда канча ашып түшөт“,+— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба. „Бул жерге тынчтык орнотом“,+— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба». 10  Дарий падышанын башкаруусунун экинчи жылында, тогузунчу айдын жыйырма төртүнчү күнү Жахаба Акай+ пайгамбарга: 11  «Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: „Дин кызматчылардан мыйзам тууралуу:+ 12  “Кимдир бирөө ыйык этти кийиминин этегине салып баратканда, кийими нанга, суюк тамакка, шарапка же дагы башка тамак-ашка тийип кетсе, ал нерсе ыйык болуп калабы?” — деп сурап көр“»,— деди. Акай ошентип сураганда, дин кызматчылар: «Жок!» — деп жооп беришти. 13  Анан Акай: «Эгер өлүккө тийип арамдалып калган киши ушулардын кайсы бирине тийсечи? Ал нерсе арам болуп калабы?»+ — деп сурады. Дин кызматчылар: «Ооба, арам болуп калат»,— дешти. 14  Ошондо Акай мындай деди: «„Бул адамдар да, жалпы эл да менин көз алдымда ушундай,— дейт Жахаба,— алардын кылган иштери да ушундай. Тартууга алып келген нерселеринин баары арам“. 15  „Силерден суранам, бүгүндөн баштап баарыңар Жахабанын ибадатканасы кайра курула баштаганга чейинки убак тууралуу жакшылап ойлонуп көргүлө.+ 16  Ал кезде 20 кап эгин алам деп барган үймөктөн 10 эле кап алышчу, шарап сыккычтан 50 кумара шарап сузуп алганы барып, 20 кумара эле сузуп алышчу.+ 17  Ысык шамал соктуруп, мөндүр жаадырып, көк бастырып,+ кылган мээнетиңердин баарын текке кетирдим, силерди ошентип жазаладым, бирок эч кимиңер мага кайрылып келген жоксуңар“,— дейт Жахаба. 18  Ал: „Силерден суранам, Жахабанын ибадатканасынын пайдубалы тургузулган ушул күндөн, тогузунчу айдын жыйырма төртүнчү күнүнөн, баштап+ булар тууралуу жакшылап ойлонуп көргүлө: 19  кампаңарда* үрөн калдыбы?+ Жүзүм, анжир, анар, зайтун дарагы мөмө байладыбы? Бирок бүгүндөн баштап мен силерге батамды төгөм“,— деп да айтып жатат».+ 20  Ошол айдын жыйырма төртүнчү күнү Жахаба Акайга экинчи жолу кайрылып,+ мындай деди: 21  «Жүйүттүн башкаруучусу Зоробабылга мындай де: „Мен асман менен жерди солкулдатканы жатам.+ 22  Бардык падышалардын тактысын көңтөрүп, бүт элдердин күчүн кыйратам.+ Арабаларды да айдагандары менен кошо көңтөрүп салам. Аттар мүдүрүлүп, чабандестери кулайт, алар бири-бирин кылычтап өлтүрүшөт“».+ 23  «„Ошол күнү,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба,— Шалтиел+ уулу Зоробабыл,+ менин кызматчым, мен сени чакырам,— дейт Жахаба.— Сен менин мөөр шакегимдей* болосуң, анткени сени тандап алдым“,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба».

Шилтемелер

Же: «мурунку даңкын».
Египеттен.
Б. а. Кудайдын ыйык күчү.
Же балким: «силерди ыйык рухум аркылуу жетектеп жүргөнүмдү».
Же: «эгин сакталган ороолоруңарда».
Бул Жахабанын өз ой-ниетин аткарыш үчүн Зоробабылды колдоно берерин билдирген.