138-ыр
Сенин ысмың— Жахаба
Жүктөп алыңыз
-
Бүт баарын жараткан,
Чыныгы Кудай сенсиң.
Ааламдын Эгесисиң,
Ысымың — Жахаба.
Кошуп өз элиңе,
Ыйгардың чоң сыймыкты.
Жар салабыз даңкыңды,
Бардык улуттарга.
КАЙЫРМА
Жахаба, Жахаба,
Сендей жок ааламда.
Чексиз даңкка бөлөнгөнсүң,
Эгедер Теңирсиң.
Кудурет-күч сага таандык,
Муну баары билсин.
Жахаба, Жахаба,
Жалгыз Кудайсың сен гана.
-
Ыйык рухуң менен,
Шыктуу кыласың бизди.
Аткарасың эркиңди,
Ысымың — Жахаба.
Эл кылдың өзүңө,
Ысмың менен аталган.
Муну баалайбыз абдан,
Ыраазыбыз сага.
КАЙЫРМА
Жахаба, Жахаба,
Сендей жок ааламда.
Чексиз даңкка бөлөнгөнсүң,
Эгедер Теңирсиң.
Кудурет-күч сага таандык,
Муну баары билсин.
Жахаба, Жахаба,
Жалгыз Кудайсың сен гана.
(Кара: 2 Жылн. 6:14; Заб. 72:19; Ыш. 42:8)