Чың ден соолук. Кудайдын Падышалыгы эмнелерди ишке ашырат?
«COVID-19 пандемиясынын дүйнөлүк көйгөй болбой калганы, анын азыркы учурда адам баласынын ден соолугуна коркунуч туудурбайт дегенди билдирбейт... Кийинки жолу пандемия айттырбай келип калганда, биз даяр турушубуз керек» (Тедрос Аданом Гебреисус, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору, 22-май, 2023).
Көптөгөн адамдар COVID-19 пандемиясынын кесепетин тартып жатышат. Бул илдет алардын ден соолугуна жана акыл-эс саламаттыгына таасир этти. Эгер дагы бир пандемия боло турган болсо, өкмөттөр жана саламаттыкты сактоо уюмдары ага даярбы? Деги эле учурда болуп жаткан оору-дарттарды жеңе алабы?
Ыйык Китепте ден соолугубузга байланыштуу көйгөйлөрдү чече ала турган өкмөттүн орной турганы айтылган. Ал жерде: «Асман Кудайы... Падышалыкты [өкмөттү] орнотот»,— деп жазылган (Даниел 2:44). Ал өкмөттүн башкаруусу алдында «тургундардын бири да: „Ооруп жатам“,— дебейт» (Ышая 33:24). Ар бир кишинин ден соолугу жаш кезиндегидей чың болуп, күүлү-күчтүү болот (Аюп 33:25).