Ульрих Цвингли — чындыкты издеген киши
Бүгүн Кудай жөнүндө чындап билгиси келген кишилердин көбү өздөрү ишенген нерселер Ыйык Китепке ылайык келеби же жокпу, биле алышат. Бирок бул 16-кылымдын башында мүмкүн эмес болчу. Эмне үчүн? Анткени көптөрдө өздөрүнүн эне тилинде Ыйык Китеп жок болчу. Же бар болсо да, аны окуй алышчу эмес. Чиркөөгө баргандардын айрымдары гана чиркөө окуткан нерселер менен Ыйык Китепте айтылгандарды салыштыра алышкан. Ал эми чиркөөдөгү дин кызматчылар болсо бул жагынан эч кандай жардам беришчү эмес. «Христиан чиркөөлөрүнүн тарыхы» деген китепте: «Швейцариядагы чиркөө бузулуп кеткен. Диний кызматчылары караңгы, ырым-жырымга ишенген, адеп-ахлактык жактан бузулган болчу»,— деп жазылган («History of the Christian Church»).
Ушундай жагдай өкүм сүргөн мезгилде Ульрих Цвингли Ыйык Китептеги чындыкты казып изилдей баштаган. Ал эмнени тапкан? Өзү окуп-билгендерди башкаларга жеткириш үчүн эмнелерди кылган? Анын жашоосунан жана ишенген нерселеринен биз эмнени үйрөнө алабыз?
Цвинглинин алгачкы кадамдары
20 жаштарында Цвингли католик дин кызматчысы болом деп чечип алган. Ошол кезде дин кызматчы болгусу келген башка кишилердей эле, Цвингли Ыйык Китептин өзүн эмес, философияны, чиркөөнүн каада-салттарын жана «Чиркөө Аталарынын» жазгандарын окуп-изилдеши керек болгон.
Цвингли Ыйык Китептеги чындыкты кантип каза баштаган? Ал Швейцариянын Базель шаарындагы университетте окуп жүргөндө Томас Виттенбах деген кишинин дарстарын укканы барып турчу. Виттенбах чиркөөдөгү индульгенция системасына a каршы чыккан киши эле. Бир жазуучунун айтымында, Цвингли [Виттенбахтан] «Машаяк бир эле жолу өлүп, [бизди] күнөөдөн арылтканын» билген (1 Петир 3:18). Цвингли Исанын өз өмүрүн курмандыкка чалгандын аркасында күнөөлөрүбүз кечирилгенин түшүнгөндө чиркөө төбөлдөрүнүн окууларын четке каккан. Алар карапайым элди «акча берсеңер, күнөөлөрүңөрдү кечиребиз» деп окутушчу (Элчилер 8:20). Ошентсе да Цвингли окуусун уланта берген жана 22 жашка чыкканда католик чиркөөсүнүн пастору болгон.
Цвингли 20 жаштарында өз алдынча грек тилин үйрөнө баштаган. Анткени Ыйык Китептин «Жаңы Осуят» деп белгилүү болгон бөлүгүнүн түп нускасын түшүнгүсү келген. Ошондой эле ал Эразмдын эмгектерин изилдеген. Натыйжада, Ыйык Китепте жазылгандай, Кудай менен адамдардын ортосунда бир эле Арачы бар экенин, ал Иса экенин, түшүнгөн (1 Тиметей 2:5). Ошентип, католик чиркөөсүнүн Кудайга ыйыктар аркылуу гана жакындаса болот деген окуусуна шектене баштаган.
30 жаштарында Цвингли чындыкты мурункудан да тереңирээк каза баштаган. Бирок ошол эле учурда аскер дин кызматчысы болуп да кызмат кылган. Тагыраак айтканда, Италиянын аймагын көзөмөлгө алуу максатында жүргүзүлгөн Европадагы бир нече согушка катышкан. 1515-жылы Мариньянодо болгон салгылашууда католиктердин миңдеген башка католиктерди өлтүргөнүн өз көзү менен көргөн. Бир нече жылдан кийин Цвингли Грек Жазмаларындагы аяттардын көбүн кол менен көчүрүп чыккан, атүгүл аларды жаттап алган. 1519-жылы болсо Швейцариядагы саясий бийликтин чордону болгон Цюрих шаарында жашачу. Ал жактан Чиркөө Ыйык Китепке ылайык келбеген окууларын жайылтканын токтотушу керектигине көзү жеткен. Башкаларга да ушуну түшүнгөнгө жардам бериш үчүн ал эмне кылган?
«Эч ким буга чейин минтип окуткан эмес»
Цвингли эл Ыйык Китептеги чындыкты угары менен өздөрү туткан диндеги жалган нерселерди четке кагат деп ишенген. Ошондуктан Цюрихтеги беделдүү чиркөөгө дин кызматчы болуп дайындалары менен, өзү түзүп алган планга ылайык, элди таң калтырып кабар айта баштаган. Ал, өзүнүн планы боюнча, кылымдар бою чиркөөдөгү дин кызматчылар жаттап келген Латын китебин b окубайт болчу. Анын ордуна, Ыйык Китептин өзүнөн Инжилди бир да бөлүмүн калтырбай, башынан аягына чейин айтып бермек. Ошондой эле Ыйык Китепте жазылгандарды түшүндүрүүдө Чиркөө Аталарынын жазгандарын эмес, Ыйык Китептин өзүн эле колдонгон. Тагыраак айтканда, татаалыраак билдирүүлөрдү түшүнгөнгө оңоюраак болгон аяттардын жардамы менен түшүндүргөн (2 Тиметей 3:16).
Цвингли элди окутуп жатканда Ыйык Китепте жазылгандарды күнүмдүк жашоодо колдонсо болоруна басым жасаган. Ал элге андагы адеп-ахлак нормаларын үйрөткөн. Ошондой эле Исанын энеси Мариямга сыйынуу, ыйыктардан тиленүү, индульгенция сатуу жана дин кызматчылардын адеп-ахлаксыз ишке барганы туура эмес экенин ачык эле айткан. Эл муну кандай кабыл алган? Ал биринчи эле жолу эл алдына чыгып сүйлөгөндөн кийин, айрымдар: «Эч ким буга чейин минтип окуткан эмес»,— дешкен. Ал эми бир тарыхчы Цвинглинин айткандарына кулак төшөгөн католиктер жөнүндө: «Акылсыз, адеп-ахлаксыз дин кызматчылардын кылгандарына иренжип чиркөөдөн кетип калгандар кайрадан кайтып келишкен»,— деп жазган.
1522-жылы чиркөө төбөлдөрү элдин чиркөөгө каршы кылган иштерин токтотуш үчүн Цюрихтеги саясатчыларды өз тарабына өткөргөнгө аракет кылышкан. Натыйжада Цвингли чиркөөгө каршы чыккан киши деп айыпталган. Өзү ишенген нерселерге каршы иш кылгысы келбегендиктен ал католик чиркөөсүндө дин кызматчы болгондон баш тарткан.
Андан ары эмне кылган?
Ошентип, Цвингли дин кызматчы болбой калган. Бирок башкаларды өзү ишенген нерселерге ынандырыш үчүн аларды мурдагыдай эле жигердүүлүк менен окута берген. Бара-бара ал элдин арасында урмат-сыйга ээ боло берген. Керек болсо, Цюрихтеги саясатчылар да ага кулак кага башташкан. Алардын колдоосу менен Цвингли Цюрихте диний реформа жүргүзгөнгө аракет кылган. Алсак, 1523-жылы Цюрихтин сот жаатындагы бийлик өкүлдөрүн Ыйык Китепте жазылгандарга дал келбеген диний окууларга тыюу салыш керек дегенге ынандырган. 1524-жылы болсо аларды бурканга сыйынууну мыйзамсыз деп тапканга көндүргөн. Ошентип, жарандык соттор Ыйык Китепте жазылгандарды элге айткан кабарчылардын жана жумурай журттун колдоосу менен курмандык жайларды, буркандарды, сөлөкөттөрдү жана динге тиешеси бар буюм-тайымдарды жок кылышкан. «Цвингли — Кудайдын куралданган пайгамбары» деген китепте мындай деп жазылган: «Викингдердин диний үйлөрдү тоногонун эсепке албаганда, Батыш Чиркөөсү эч качан мынчалык талкаланып көргөн эмес» («Zwingli—God’s Armed Prophet»). 1525-жылы Цвинглинин таасири менен бийлик төбөлдөрү чиркөөнүн имараттарын оорукана кылышкан жана кечилдерге үйлөнгөнгө, турмушка чыкканга уруксат беришкен. Мындан тышкары, Мессаны Ыйык Китепте жазылгандарга ылайык жөнөкөй өткөрүлгөн аземге алмаштырууну сунуш кылган (1 Корунттуктар 11:23—25). Тарыхчылардын айтымында, Цвинглинин аракети менен Цюрихтеги диний жана саясий төбөлдөр биргеликте иш алып барышкан. Бул реформацияга жана жаңы протестанттык диндин түптөлүшүнө жол ачкан.
Цвинглинин Ыйык Китепти которгонго катышканы анын көрүнүктүү иштеринин бири болгон. 1520-жылдары ал окумуштуулардын тобу менен кызматташкан. Алар Ыйык Китеп жазылган түп нуска тилдер менен, еврей жана грек тилдери менен, иштешкен. Ошондой эле грек тилиндеги «Септуагинтаны» жана латын тилиндеги «Вульгатаны» колдонушкан. Алардын ыкмасы жөпжөнөкөй эле болгон. Ар бир аятты түп нускадан жана беделдүү башка котормолордон окушкан. Андан соң аяттын маанисин талкуулап, кандай бүтүмгө келишкенин жазып коюшкан. Алар ушундайча Кудайдын Сөзүн түшүндүрүп, которушкан. Натыйжада 1531-жылы 1 томдон турган Цюрих Ыйык Китеби жарык көргөн.
Цвинглинин ниети таза болсо да, башкалардын көз карашын сыйлабаган, ачуусу чукул киши болгон. Алсак, 1525-жылы ал бир сот ишине катышкан. Сотто Цвинглинин ымыркайларды чөмүлтүш керек деген көз карашына каршы чыккан анабаптисттердин иши каралган. Кийинчерээк соттор ымыркайларды чөмүлтүүгө каршы чыккандарды өлүм жазасына тартыш керек деген өкүм чыгарышкан. Ошондо Цвингли бул өтө эле аша чапкандык деп алардын чечимине каршы чыккан эмес. Андан тышкары, бийликтегилерди, эл жаңы ишенимди кабыл алышы үчүн, аларга каршы аскер күчүн колдонгонго үндөгөн. Бирок Швейцариянын кээ бир аймагындагылар католик динине бекем кармангандыктан бул реформага каршы чыгышкан. Кесепетинде жарандык согуш тутанган. Ошондо Цвингли Цюрихтен аскерлерди баштап, согуш талаасына аттанган. Анан ошол согушта набыт болгон. Ал кезде ал 47 жашта болчу.
Цвингли калтырган мурас
Ульрих Цвингли, чын эле, тарыхта из калтырган инсан. Ошентсе да ал Мартин Лютер жана Жан Кальвин сыяктуу протестант реформаторлоруна тең келе албайт. Цвингли, Мартин Лютерден айырмаланып, Рим-католик чиркөөсүнүн окууларын дароо эле четке каккан. Ошондой эле Цвинглинин иш-аракеттеринин аркасында көптөргө Жан Кальвиндин көз карашын кабыл алуу жеңил болгон. Андыктан анын реформацияда үчүнчү киши деп эсептелгени бекеринен эмес.
Ооба, Цвингли жакшы да, жаман да мурас калтырган. Ал өзүнүн көз карашын жайылтыш үчүн саясатка, согушка баш оту менен кирип кеткен. Ошон үчүн аны Иса Машаяктын изи менен баскан деп айтканга болбойт. Иса саясатка аралашкан эмес. Шакирттерин да душмандарын өлтүргөнгө эмес, сүйгөнгө үндөгөн (Матай 5:43, 44; Жакан 6:14, 15).
Ошентсе да Цвингли Ыйык Китепти кылдат изилдеген жана окуп-билгендерин башкаларга айткан киши катары таанымал. Ал Ыйык Китепти казып, көптөгөн чындыктарды тапкан. Башкаларга да ошондой кылганга көмөк кылган.
a Индульгенция бул чиркөө төбөлдөрү чыгарган буйрук болгон. Алардын айтымында, индульгенцияны сатып алгандар өлгөндөн кийин күнөөдөн тазалануучу жайга барганда жазасы же жеңилирээк болмок, же андан толугу менен кутула алышмак.
b Бул китеп Ыйык Китептен тандалган аяттардан турчу. Ал аяттарды бир жыл бою окушчу.