Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Marek M. Berezowski/Anadolu Agency via Getty Images

СЕРГЕК ТУРГУЛА!

Украинадагы согуш экинчи жылга кетти. Ыйык Китепте үмүт байлаткан кандай кабар бар?

Украинадагы согуш экинчи жылга кетти. Ыйык Китепте үмүт байлаткан кандай кабар бар?

 2023-жылдын 24-февралында, жума күнү, Украинадагы кандуу согуштун башталганына туура бир жыл болот. Айрым билдирүүлөргө ылайык, Украина менен Орусиянын жоокерлерин кошкондо набыт болгондор менен жаракат алгандардын саны дээрлик 300 000ге жетти. Ошондой эле, эсептөөлөргө ылайык, 30 000дей бейкүнөө киши өмүрүнөн айрылды. Бирок жабыр тарткандардын саны мындан да көп болушу мүмкүн.

 Өкүнүчтүүсү бул согуштун качан бүтөрү белгисиз.

  •   «Орусиянын аскер күчтөрүнүн Украинага кирип барганына бир жылдай болуп калды. Согуштун бүтөр-бүтпөсү арсар. Же бул тарап, же тиги тарап жеңет деп ачык айтыш азырынча кыйын. Ошондой эле эки тарап тең эпке-сөзгө келип, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарары да күмөн» (Улуттук элдик радио, 2023-жыл, 19-февраль).

 Дүйнө жүзүндөгү бейкүнөө кишилердин ушул жана башка согуштардын азабын тартып, көңүлү чөгүп жатканы түшүнүктүү. Ыйык Китепте үмүт байлаткан кандай кабар бар? Согуштар качандыр бир күнү бүтөбү?

Согуш отун өчүрө турган согуш

 Ыйык Китепте адам баласын тукум курут кылбай, тескерисинче, сактап кала турган бир согуш тууралуу айтылат. Ал — Армагедон согушу. Армагедон «Кудурети Күчтүү Кудайдын улуу күнүндө боло турган согуш» деп сыпатталат (Аян 16:14, 16). Армагедондо Кудай адамдар башкарган өкмөттөрдү тыптыйпыл кылат. Анткени кан суудай төгүлгөн согуштарга так ошол өкмөттөр себепкер. Армагедон согушу түбөлүккө созулган тынчтыкты кантип орнотору жөнүндө билгиңер келсе, төмөнкү макалаларды окуп көргүлө: