«Дүйнөгө таандык эмес»
«Дүйнөгө таандык эмес»
«Дүйнө болсо аларды жек көрдү, анткени... алар... дүйнөгө таандык эмес» (ЖАКАН 17:14).
Бул эмнени билдирет? Иса бул дүйнөгө таандык болбогондуктан саясий иштерге жана улут аралык кагылышууларга катышкан эмес. Ошондуктан: «Менин Падышалыгым... бул дүйнөгө таандык болсо, жолдоочуларым жүйүттөрдүн колуна өткөрүлүп берилбешим үчүн күрөшүшмөк. Менин Падышалыгым бул дүйнөгө таандык эмес»,— деп айткан (Жакан 18:36). Ошондой эле ал жолдоочуларын Кудайга жакпаган көз караштан, сөздөрдөн, жүрүм-турумдан качканга үндөгөн (Матай 20:25—27).
Машаяктын алгачкы жолдоочулары бул дүйнгө таандык болгон эмес. Диний темадагы макалаларды жазган Жонатан Даймонд Исанын алгачкы жолдоочуларынын «шылдыңдалганына, камалганына, өлтүрүлгөнүнө карабай, кыскасы, кесепети кандай болбосун, [согушка] катышуудан баш тартышканын» баса белгилеген. Алар бейтараптуулугун сакташ үчүн согушка катышкандан көрө, азап тартууну туура көрүшкөн. Адеп-ахлактуулугу менен да башкалардан айырмаланып турушкан. Элчи Петир: «Алар азыр өздөрү менен кошо ошондой жаман иштерди жасабай калганыңарга таң калып, силерди жамандап жатышат»,— деген (1 Петир 4:4). Тарыхчы Уилл Дюрант: «Машаяктын жолдоочулары адеп-ахлак нормаларына бек карманып, кумарга баш-оту менен берилген бутпарастардын дүйнөсүн айыптаган»,— деп жазган.
Бүгүнкү күндө кимдер бул дүйнөгө таандык эмес? Машаяктын жолдоочуларынын бейтараптуулукту сактаганы жөнүндө «Жаңы католик энциклопедиясында»: «Абийири жол бербегендиктен эле согушка баруудан баш тартууну актаганга болбойт»,— деп жазылган. Бир гезитке африкалыктардын укугун коргоо боюнча бир уюмдун билдирүүсү чыккан. Анда 1994-жылы Руандада болгон кызыл кыргынга Жахабанын Күбөлөрүнөн башка диндердин баарынын катышканы жазылган («Reformierte Presse»).
Нацисттик Холокост жөнүндө айтып жатып жогорку класстарды окуткан бир мугалим: «Жарандардын арасынан бир да топ, бир да уюм жалган жалааларга, төбө чачты тик тургузган иштерге, жырткычтыкка каршы эч нерсе дей алган эмес»,— деген. Кошмо Штаттардагы Холокост мемориалдык музейине баргандан кийин ошол мугалим: «Мен эми билдим»,— деп жазган. Ал Жахабанын Күбөлөрүнүн Холокост маалында ырайымсыз мамилеге карабай, ишенген нерселерине бек карманганын билген.
Адеп-ахлактуулук жөнүндө эмне дешке болот? Бир журналда: «Католик динин туткан жаштардын басымдуу бөлүгү чиркөөнүн никеге турганга чейин чогуу жашаганга болбойт деген окуусун жактырышпайт»,— делген («U.S. Catholic»). Ошол эле журналга чиркөө дин кызматчысынын: «Көптөр, менимче, 50 пайызынан көбү үйлөнгөнгө чейин эле чогуу жашашат»,— деген сөздөрү жазылган. Ал эми «Жаңы Британ энциклопедиясында» айтылгандай, Жахабанын Күбөлөрү «бийик адеп-ахлак нормаларына карманууну маанилүү деп эсептешет».