Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

БИРИНЧИ БӨЛҮМ

Үй-бүлөлүк бакыттын сыры барбы?

Үй-бүлөлүк бакыттын сыры барбы?

1. Эмне себептен бекем үй-бүлөлөрдүн коом үчүн мааниси зор?

 ҮЙ-БҮЛӨ — жер үстүндөгү эң байыркы түзүлүш. Анын адамзат коомунда ойногон мааниси зор. Бекем үй-бүлөлөр тээ алмустактан эле коомдун бекем болушуна негиз түзүп келген. Үй-бүлөдө гана балдар жетилген адамдардан болуп чоңоёт.

2—5. а) Бактылуу үй-бүлөдө бала өзүн канчалык коопсуз сезет? б) Кээ бир үй-бүлөлөрдө кандай кыйынчылыктар бар?

2 Бактылуу үй-бүлө — байсалдуу, коопсуз жай. Бир азга ойдогудай, бактылуу үй-бүлөнү элестетип көрөлүчү... Камкор ата-энеси менен балдары күндүз болуп өткөндөр жөнүндө кобурашып, кечки тамакты ичип олтурушат. Балдары мектепте болгондорду жарыша айтып берип жатышат. Минтип чогуу убакыт өткөрүүдөн алардын ар бири күч-кубат алып, эртеси кайрадан өз иштери боюнча жөнөшөт.

3 Бактылуу үй-бүлөдө бала, эгер ооруп калса, ата-энеси түнү бою болсо да төшөгүнүн жанынан кетпей кам көрөрүн билет. Кандай кыйынчылыгы менен апасына же атасына кайрылбасын, зарыл кеңеш, жардам аларына шектенбейт. Ооба, сыртта кандай гана сестүү, шум дүйнө жатпасын, бала өзүн коопсуз сезет.

4 Ал эми чоңоюп уядан учкан соң балдар, адатта, өзүнчө түтүн булатып, үй-бүлө күтүшөт. Эл оозунда: «Балам, балалуу болгондо билесиң»,— деген макал бар эмеспи. Анын сыңары, балдар кийин ата-энесинин мээнетин баалап, өз үй-бүлөсүнүн, бала-чакасынын телегейи тегиз болушу үчүн, сүйүүсү менен далалат кылып, неберелери менен баарлашуунун бакытына баткан улгайган эне-атасына кам көрөт.

5 Балким, сен: «Мен үй-бүлөмдү абдан жакшы көрөм, бирок биз азыркы сүрөттөлгөн үй-бүлөдөй эмеспиз: жубайым экөөбүз жумушка эки башка маалда кетип, бири-бирибиз менен жөндөп көрүшпөй да калабыз. Сүйлөшсөк, көбүнесе акчанын азабын сүйлөшөбүз»,— деп ойлоп жаткандырсың. Дагы бирөөлөр, мүмкүн: «Балдарым менен неберелерим башка шаарда турушат, алар менен көп көрүшмөк кайда»,— деп ойлошоттур. Ооба, азыр үй-бүлөлүк жашоо көбүнесе бизден көзкаранды эмес себептерден улам ойдогудай болбой калат. Ошентсе да үй-бүлөсү менен бактылуу жашагандар аз эмес. Аларга эмне жардам берүүдө? Үй-бүлөлүк бакыттын өзүнчө сыры барбы? Ооба. Бирок анын эмне болгон сыр экенин талкуулаардан мурда, маанилүү бир суроого жооп алып алышыбыз абзел.

ҮЙ-БҮЛӨ ДЕГЕН ЭМНЕ?

6. Бул китепте кандай үй-бүлөлөр тууралуу сөз жүрөт?

6 Батыш өлкөлөрүндө үй-бүлөлөр, адатта, атасы, апасы жана балдарынан турат. Ал эми чоңенеси менен чоңатасы же таенеси менен таятасы тың болушса, өзүнчө жашашат. Андай үй-бүлөлөр алыс тууган-туушкандары менен катышып турса да, аларга карата милдеттери чектелүү. Бул китепте негизинен ушул өңдүү үй-бүлөлөр тууралуу сөз жүрмөкчү. Бирок акыркы маалда башкача үй-бүлөлөр көбөйдү. Алар — энеси же атасы жок, же экинчи никенин натыйжасында пайда болгон, же ар кандай себептер боюнча жубайлар эки башка жашаган үй-бүлөлөр.

7. Чоң үй-бүлөлөр, адатта, кандай болот?

7 Кээ бир маданияттарда үй-бүлөлөр чоң болот. Андай үй-бүлөлөрдө балдары карыган ата-энелерине колунан келген жардамын берип турушат; алар алыс туугандары менен да тыгыз карым-катнашта болушкандыктан, аларга карата да тууганчылык милдеттери бар. Мисалы, кээ бирөөлөр жээн-бөлөлөрүн, аталаш туугандарын же башка туугандарынын уул-кыздарын багып-өстүрүүгө жардамдашып, атүгүл окуусуна акча төлөп турушат. Бул китепте карала турган принциптерди ушул өңдүү чоң үй-бүлөлөрдө да колдонууга болот.

ҮЙ-БҮЛӨЛӨР КАБЫЛЫП ЖАТКАН КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР

8, 9. Айрым өлкөлөрдөгү кандай көрүнүштөр үй-бүлөнүн өзгөрүп баратканын айгинелейт?

8 Айтпаган менен болобу, учурда үй-бүлөлүк жашоо жакшы жагына өзгөрүп жаткан жок. Буга мисал — Индия. Аякта келин кайындары менен жашап, алардын башкаруусу менен үй иштерин аткарат. Бирок азыр индиялык зайыптардын да үйдөн тышкары жумуш издеп калышы таң калтырбайт. Ошол эле учурда алардан баягыдай эле үй ичиндеги милдеттерин аткарып жетишүү талап кылынат көрүнөт. Бирок буга байланыштуу көптөгөн өлкөлөрдө мындай суроо көтөрүлүүдө: эгер аял жумушта иштесе, үйүндөгүлөрүнө салыштырмалуу үй иштеринин канчасын аткарууга тийиш?

9 Чыгыш өлкөлөрүндө ынтымактуу чоң үй-бүлөлөр кеңири таралган. Бирок Батыш маданиятынын таасиринен жана экономикалык кыйынчылыктардан улам алардын да өз ара мамилелери бошоп барат. Ошондуктан карыган жакындарын багууну парыз же сыймык катары эмес, башка түшкөн азап катары санагандар көп. Кай бирлери карыган ата-энесине ташбоор мамиле жасашат. Карыларга кайдыгер кароо, ырайымсыз мамиле кылуу — бүгүнкү күндө көп өлкөлөрдүн элдерине таандык көрүнүш.

10, 11. Европа өлкөлөрүндө үй-бүлөлүк жашоонун өзгөргөнү эмнеден көрүнүүдө?

10 Ажырашуу эрөөн көрүнбөй калды. Испанияда ХХ кылымдын аягында ажырашуулардын саны бир кыйла өскөн, тагыраак айтканда, ар бир 8 үй-бүлөнүн 1и бузулган. Ал эми андан 25 эле жыл мурун 100 үй-бүлөнүн 1и гана ажырашчу. Эсептерден аныкталгандай, ажырашуулардын көптүгү боюнча Европада биринчи орунду ээлеген (10 үй-бүлөнүн төртү ажырашат) Улуу Британияда энеси же атасы гана бар үй-бүлөлөрдүн саны болуп көрбөгөндөй өсүүдө.

11 Германияда көптөр тийиштүү түрдө үй-бүлө курууну каалабайт шекилдүү. 1990-жылдары бардык немис түтүнүнүн 35 пайызын жалгыз бой жашагандар жана 31 пайызын эки адамдан турган үй-бүлөлөр түзгөн. Францияда да үйлөнгөндөр аз, ал эми үйлөнгөндөр мурдагыдан тез жана көп ажырашууда. Никеге туруунун аркасында пайда болуучу жоопкерчиликтерден качып, никесиз чогуу жашай берүүнү каалагандар көбөйдү. Мындай көрүнүштөр бүткүл дүйнө жүзү боюнча байкалууда.

12. Азыркы үй-бүлөлөрдөгү өзгөрүүлөр балдарга кандай таасир тийгизүүдө?

12 Балдар тууралуу эмне дешке болот? Америка Кошмо Штаттарында жана башка көптөгөн өлкөлөрдө никесиз төрөлгөн балдардын саны өсүп барат; кээ бир энелер өздөрү бала эле бойдон. Андай энелердин көбүнүн ар башка эркектерден төрөгөн бир нече баласы бар. Дүйнөнүн чар тарабынан түшкөн билдирүүлөрдө миллиондогон үйсүз балдардын көчөдө каңгып жүргөнү маалымдалат; алардын көбү үйүнөн ырайымсыз мамиле көргөндүктөн качып кетишкен же болбосо үй-бүлөсү бага албай кууп жиберген.

13. Кандай кыйынчылыктар үй-бүлөлөрдүн бактысыз болушуна алып келүүдө?

13 Ооба, үй-бүлө ар тараптан сокку жеп жатат. Жогоруда айтылгандардан тышкары, өспүрүмдөр ата-энелерине баш ийбегендиктен, балдарга ырайымсыз мамиле жасалгандыктан, жубайлардын бири экинчисине зордук-зомбулук көрсөткөндүктөн, аракечтиктен жана башка орчундуу көйгөйлөрдөн улам нечендеген үй-бүлөлөр бактысыз болуп келет. Андыктан көптөгөн жаш балдар жана чоң адамдар үчүн үй-бүлөсү байсалдуу жай деп айта албайсың.

14. а) Айрымдардын оюнча, үй-бүлөлүк кыйынчыктардын себеби эмнеде? б) Биринчи кылымдагы бир адам азыркы дүйнөнү кандайча мүнөздөгөн жана анын айткандарынын аткарылышы үй-бүлөгө кандай таасир этүүдө?

14 Үй-бүлөнүн минтип запкы тартышынын себеби эмнеде? Айрымдардын ою боюнча, себеби аялдардын өндүрүштө иштеп жатышында. Башкалар адеп-ахлактыктын төмөндөшүнөн көрүшөт. Булардан бөлөк да бир топ себептер келтирилет. Мындан эки миңдей жыл мурун бир атактуу киши үй-бүлөлүк жашоого көп кыйынчылыктар таасир этерин минтип айткан: «Акыркы убакта оор күндөрдүн келерин бил. Анткени адамдар өзүн өзү сүйүүчү, акчаны сүйүүчү, бой көтөргөн, менменсинген, заар тилдүү, ата-энесине баш ийбес, жакшылыкты билбеген, ыймансыз, таш боор, элдешпес, ушакчы, өзүн өзү кармай албаган, кара мүртөз, жакшы нерсени жек көргөн, чыккынчы, кара өзгөй, көөдөнүн көтөргөн, Кудайга караганда, ыракатты сүйгөн [болот]» (2 Тиметейге 3:1—4). Азыркы кезде ушул сөздөрдүн аткарылып жатканын ким тана алат? Дүйнөдө жогоруда айтылгандай шарттар өкүм сүрүп жатса, кыйынчылык тарткан үй-бүлөлөрдүн көптүгүнө таң калабызбы?

ҮЙ-БҮЛӨЛҮК БАКЫТТЫН СЫРЫ

15—17. Бул китеп үй-бүлөлүк бакыттын сыры камтылган кайсы булакка негизделет?

15 Үй-бүлөнүн бактылуу болушуна байланыштуу кеңештер туш-туштан жаайт. Батыш өлкөлөрүндө да андай кеңештер өзүн өзү окутууга арналган сансыз китептерге, журналдарга байма-бай чыгып турат. Бирок кыйынчылык туудурган нерсе — кеңешчилердин өзүлөрү да адам экени жана алардын ой-пикирлеринин бири-бирине карама-каршы келиши. Ошондуктан бүгүн дурус делген кеңеш эртең жараксыз көрүлүп калышы ыктымал.

16 Анда үй-бүлөлүк жашоо боюнча ишенимдүү кеңешти кайдан таба алабыз? Мындан 1 900 жылча мурун жазылган китепке кайрылат белеңер же ал силерге эскилиги жеткендей сезилмекпи? Бирок так ошол китепте үй-бүлөлүк бакыттын нагыз сыры ачылат.

17 Ал — Ыйык Китеп. Анын Кудайдын жетеги астында жазылганы бардык жактан далилдүү. Ыйык Китептен биз: «Ыйык Жазуунун бардыгы Кудайдын Рухунун жетеги менен жазылган жана үйрөтүү үчүн, ашкерелөө үчүн, оңдоо үчүн, адилеттүү болууга тарбиялоо үчүн пайдалуу»,— дегенди окуйбуз (2 Тиметейге 3:16). Колуңардагы китеп үй-бүлөңөр кабылган кыйынчылыктарга туруштук берип, бардыгын «оңдоого» Ыйык Китеп кандайча жардам берери тууралуу ойлонууга түрткү берет.

18. Эмнеге үй-бүлөлүк жашоого байланыштуу эң жакшы кеңеште Ыйык Китепте берилген деп эсептөө туура?

18 Ыйык Китептин үй-бүлөдө бакыт уялашына шарт түзө аларына күмөн санасаңар, анын жазылышын шыктандырган Кудайдын Өзү никенин Негиздөөчүсү экенин ойлоп көргүлөчү (Башталыш 2:18—25). Ыйык Китепте анын ысмы Жахаба экени айтылат (Забур 82:19). Ал — Жараткан жана Ата, «жердеги... бардык үй-бүлө Ким аркылуу аталса, Ошо» (Эфестиктерге 3:14, 15). Жахаба үй-бүлөлүк жашоого адамзат жаралгандан тартып көз салып келатат. Ал үй-бүлөдө кандай кыйынчылыктар пайда болушу мүмкүн экенин билет жана аларды чечүүнүн жолун көрсөтөт. Тарых ырастап тургандай, Ыйык Китептин принциптерин колдонууга чын дили менен аракеттенгендердин үй-бүлөсү башкалардыкынан бактылуураак болгон.

19—21. Ыйык Китептин никедеги көйгөйлөрдү чечерин кайсы мисалдар көрсөтүп турат?

19 Мисалы, Индонезияда иштебей үйдө олтурган бир аял кумар оюндарына кынык алып алган. Ал бир нече жыл бою үч баласына кам көрбөй, күйөөсү менен чатакташа берген. Анан бир күнү Ыйык Китепти изилдөөнү чечкен. Бара-бара Жазмада айтылгандарга карата ишеними өсүп, андагы кеңештерди колдонгон сайын өзгөрүп, жакшы зайып боло баштаган. Ошентип, анын ыйык китептик принциптерге карманып жасаган иш-аракеттери бүтүндөй үй-бүлөсүнө бакыт алып келген.

20 «Үйлөнгөнүбүзгө бир жыл тогошкондо эле ортобузда олуттуу кыйынчылыктар пайда болгон»,— дейт испаниялык бир аял. Күйөөсү экөөнүн жалпы кызыкчылыктары дээрлик жок болчу, бири-бири менен талашып-тартышкандан башка тыңгылыктуу да сүйлөшө алышчу эмес. Ошондуктан, кичинекей кызы бар болсо да, ажырашып кетүүнү чечишкен. Бирок аларга Ыйык Китепке кайрылып көрүүнү кеңеш кылышат. Алар Ыйык Китептен күйөөлөр менен аялдарга берилген кеңештерди билип, жашоосунда колдоно башташкан. Көп өтпөй экөө тынч пикир алмашууга үйрөнүшкөн. Натыйжада, алардын кичинекей үй-бүлөсүнө ынтымак уялап, бакыт конгон.

21 Ыйык Китеп улгайгандарга да жардам берет. Мисалга Жапониядагы бир жубайларды алалы. Күйөөсүнүн мүнөзү кырс эле, атүгүл кээде ал ырайымсыз да болуп кетчү. Адегенде кыздары, ата-энеси каршылык көрсөтсө да, Ыйык Китепти изилдей башташкан. Анан аларга атасы кошулган, энеси болсо каршы боло берген. Бирок бир канча жылдар бою ал аял ыйык китептик принциптер үйүндөгүлөргө жакшы таасир этип жатканын байкап жүргөн. Кыздары ага жакшы каралашып, күйөөсү болсо мурдагыдан жумшагыраак болуп калган. Мындай өзгөрүүлөр аялга Ыйык Китепти изилдөөгө түрткү берген жана Ыйык Китеп ага да оң таасир тийгизген. Ал: «Биз эми бири-бирибизге анык жар болдук»,— деп айтып калат.

22, 23. Ыйык Китеп бардык улуттагы адамдарга үй-бүлөлүк жашоодо бактылуу болууга кандайча жардам берет?

22 Үй-бүлөлүк бакыттын сырын көптөр табышты. Жогоруда мисал кылынган адамдар алардын айрымдары гана. Алар Ыйык Китептин кеңешин кабыл алып, турмушунда колдонушат. Ооба, алар, башкалар сыяктуу эле, зордук-зомбулукка, адеп-ахлаксыздыкка, экономикалык кыйынчылыктарга баткан дүйнөдө жашап жатышса да жана өзүлөрү жеткилең эмес адамдар болушса да, никенин Негиздөөчүсүнүн эркин аткарууга аракеттенишкендиктен, өзүлөрүн бактылуу сезишет. Ыйык Китепте Жахаба Кудай «пайдалуу нерсеге үйрөткөн, сени жүрө турган жолуң менен алып жүргөн Кудай-Теңир» делет (Ышайа 48:17).

23 Ыйык Китеп жазылгандан бери дээрлик эки миң жыл өтсө да, анын кеңештери азыр да пайдалуу. Ыйык Китеп бардык адамдар үчүн жазылган, андыктан ал Американын же Батыштын китеби эмес. Жахаба «бир адамдан бүткүл адамзатты жараткан», ошондуктан Ал бардык адамдардын психологиясын беш колдой билет (Элчилер 17:26). Ыйык Китептин жол-жоболору, кандай адам колдонбосун, натыйжалуу. Эгерде аларды жашооңордо колдоно турган болсоңор, силерге да үй-бүлөлүк бакыттын сыры ачылат.