49-БӨЛҮМ
Үй-бүлөң канткенде бактылуу болот? (1-бөлүк)
Баш кошкон күн жубайлар үчүн эң бактылуу күн. Алар ошол бакыт түбөлүккө созулушун каалашат. Бул, чынында, мүмкүн. Үйлөнгөнүнө көп жыл болгон жана Ыйык Китептеги кеңештерди колдонгонго бүт күчүн жумшаган жубайлар буга толук кошулушат.
1. Ыйык Китепте күйөөлөргө кандай кеңеш берилет?
Жахаба күйөөнү үй-бүлөнүн башчысы кылып дайындаган. (Оку: Эфестиктер 5:23.) Ал күйөөдөн үй-бүлөсүнө пайда алып келе турган чечимдерди чыгарышын күтөт. Ыйык Китепте: «Күйөөлөр, аялыңарга болгон сүйүүңөрдү муздатпагыла»,— деп жазылган (Эфестиктер 5:25). Бул эмнени билдирет? Камкор күйөө аялына үйдөн да, элдин көзүнчө да жумшак мамиле кылат. Ошондой эле аны коргоп, ден соолугуна, эмоциялык саламаттыгына кам көрүш үчүн колунан келгендин баарын кылат (1 Тиметей 5:8). Андан да маанилүүсү, ал жубайынын рухий муктаждыгын канааттандырууда демилгени колго алат (Матай 4:4). Мисалы, аны менен чогуу тиленип, Ыйык Китепти чогуу окуйт. Ооба, аялына жакшы кам көргөн күйөөнүн Жахаба менен болгон мамилеси да чың болот. (Оку: 1 Петир 3:7.)
2. Ыйык Китепте зайыптарга кандай кеңеш берилет?
Кудайдын Сөзүндө аял «күйөөсүн терең урматташы» керектиги айтылган (Эфестиктер 5:33). Ал муну кантип кыла алат? Мисалы, күйөөсүнүн жакшы сапаттары жана үй-бүлөсүн бакканга бүт күчүн жумшап жатканы жөнүндө ой жүгүртсө болот. Ошондой эле күйөөсү Жахабага кызмат кылбаса да, анын чечимдерин колдоп, ага дайыма жумшак сүйлөсө жана башкаларга жамандабаса, аны урматтаарын көрсөтөт.
3. Жубайлар нике түйүнүн кантип бекемдей алышат?
Ыйык Китепте жубайлардын «бир дене болору» айтылган (Матай 19:5). Бул алардын мамилесин суута турган нерселерге каршы күрөшүшү керектигин билдирет. Ан үчүн дайыма чогуу убакыт өткөргөнү, ой-сезимдерин бири-бирине ачык, жумшак билдирип турганы маанилүү. Жубайлар Жахабадан башка эч кимдин жана эч нерсенин өмүрлүк жарынан маанилүү болуп калышына жол бербейт. Алар башка бирөө менен өтө ынак мамиле өрчүтүүдөн өзгөчө сак болушат.
ТЕРЕҢИРЭЭК КАЗ
Ыйык Китептеги кайсы принциптер никеңди бекемдээри жөнүндө көбүрөөк бил.
4. Күйөөлөр, аялыңарды сүйүп, ага жакшы кам көргүлө
Ыйык Китепте күйөөлөр «аялдарын өз денесин сүйгөндөй сүйүшү керектиги» айтылган (Эфестиктер 5:28, 29). Бул эмнени билдирет? ВИДЕОНУ көрүп, төмөнкү суроону талкуулагыла.
-
Күйөө аялын сүйөрүн жана ага кам көрөрүн кандай жолдор менен көрсөтө алат?
Окугула: Колосалыктар 3:12. Анан бул суроону талкуулагыла:
-
Күйөө бул сапаттарды үй-бүлөлүк жашоосунда кантип чагылдыра алат?
5. Зайыптар, күйөөңөрдү сүйүп, урматтагыла
Ыйык Китеп зайыптарды күйөөсү Жахабага кызмат кылабы, жокпу, аны терең урматтоого үндөйт. Окугула: 1 Петир 3:1, 2. Анан төмөнкү суроолорду талкуулагыла:
-
Эгер жолдошуң ишенимдеш болбосо, анын Жахабага кызмат кылышын каалаарың шексиз. Кандай деп ойлойсуң, анын чындыкка келишине эмне көбүрөөк түрткү бериши мүмкүн: ага кечке эле кабар айта бергениңби же жакшы мамиле кылып, урматтап-сыйлаганыңбы? Эмне үчүн?
Жубайлар чогуу кеңешип, жакшы чечимдерди чыгара алышат. Бирок кээде аялы күйөөсүнүн 1 Петир 3:3—5. Анан төмөнкү суроону талкуулагыла:
оюна кошулбашы мүмкүн. Андайда ал өз оюн жумшактык, урмат-сый менен билдирсе болот. Бирок үй-бүлөсү үчүн пайдалуу боло турган чечимдерди чыгаруу жоопкерчилигин Жахаба күйөөсүнө бергенин унутпашы керек. Ал жолдошунун чечимин колдогонго бүт күчүн жумшашы кажет. Ошондо үй-бүлөсүнүн бактылуу болушуна салым кошо алат. Окугула:-
Зайып күйөөсүн урматтаса, Жахаба кандай сезимде болот?
6. Никедеги кыйынчылыктарды жеңе аласың
Казан-аяк кагышпай койбойт. Андыктан жубайлар көйгөйлөрдү чечкенге чогуу-чаран аракет кылышы керек. ВИДЕОНУ көрүп, төмөнкү суроолорду талкуулагыла.
-
Видеодогу жубайлардын бири-биринен алыстап баратканы эмнелерден байкалды?
-
Алар нике түйүнүн бекемдеш үчүн эмнелерди кылышты?
Окугула: 1 Корунттуктар 10:24; Колосалыктар 3:13. Ар бир аятты окугандан кийин бул суроону талкуулагыла:
-
Бул кеңешти колдонуу никени кандайча бекемдейт?
Ыйык Китепте бири-бирибизге урмат көрсөтүшүбүз керектиги айтылган. Бул өз ичине терең сыйлоону, жумшак мамиле кылууну камтыйт. Окугула: Римдиктер 12:10. Анан төмөнкү суроолорду талкуулагыла:
-
Күйөөсү же аялы «тиги биринчи урмат көрсөтсүн» деп күтүшү керекпи? Эмне үчүн?
АЙРЫМДАР МЫНДАЙ ДЕЙТ: «Жубайым экөөбүз мурункудай ынак болбой калдык».
-
Аларга Ыйык Китеп жардам бере аларын кантип түшүндүрүп берет элең?
НЕГИЗГИ ОЙ
Жубайлар бири-бирин сүйсө, урматтаса жана Ыйык Китептеги принциптерди колдонсо, бактылуу боло алышат.
Кайталоо
-
Күйөө үй-бүлөсүнүн бактылуу болушуна кантип салым кошо алат?
-
Зайып үй-бүлөсүнүн бактылуу болушуна кантип салым кошо алат?
-
Эгер үй-бүлөлүү болсоң, Ыйык Китептеги кайсы принциптер никеңди бекемдегенге жардам берет?
КӨБҮРӨӨК БИЛ
Үй-бүлөңдүн бактылуу болушуна жардам берген кеңештерди окуп көр.
Бул ырды угуп жатканда никеде Кудайдын кеңештерин колдонуу мол баталарды алып келерине көңүл бур.
Күйөөгө баш ийүү деген эмнени билдирет?
«Аялдар, эмне үчүн башчылыкка баш ийишиңер керек?» («Күзөт мунарасы», 15-май, 2010)
Ыйык Китептеги принциптер никени сактап калганга жардам бере алабы?
«Кудайдын жардамы менен никебизди калыбына келтирдик» (5:14)