Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

20-БӨЛҮМ

Жахаба жыйналышты Иса аркылуу кантип жетектейт?

Жахаба жыйналышты Иса аркылуу кантип жетектейт?

Жахаба — тартипти жакшы көргөн Кудай (1 Корунттуктар 14:33). Ошон үчүн анын жыйналышында бардыгы өз орду, өз тартиби менен болот десек жаңылышпайбыз. Ал жыйналышты кантип жетектейт? Жыйналышта баары уюшкандыкта болушуна биз кантип салым кошо алабыз?

1. Жыйналыштын башчысы ким?

Жыйналыштын башчысы — Иса Машаяк (Эфестиктер 5:23). Ал дүйнө жүзүндөгү Жахабанын эли жүргүзүп жаткан ишке асмандан көз салып турат. Иса тажрыйбалуу аксакалдардын чакан тобунан турган «ишенимдүү жана акылдуу кулду» дайындаган. Ал Жетектөөчү Кеңеш деп да аталат. (Оку: Матай 24:45—47.) Бүгүнкү күндө Жетектөөчү Кеңеш, 1-кылымдагы Иерусалимдеги элчилер менен башка аксакалдарга окшоп, бардык жыйналыштарга жетекчилик берип турат (Элчилер 15:2). Бирок алар биздин уюмдун башчылары эмес. Алар Жахабадан жетекчилик алыш үчүн анын Сөзүн изилдешет жана Исага баш ийишет.

2. Аксакалдар деген кимдер жана алар эмне иш кылышат?

Аксакалдар — Машаяктын ишенимдүү, тажрыйбалуу жолдоочулары. Алар Жахабанын элин Ыйык Китептин жардамы менен окутуп, кайраттандырып турушат. Эмгеги үчүн акы алышпайт. Алар «арам жол менен пайда көрүш үчүн эмес, чын көңүлдөн», даярдуулук менен кызмат кылышат (1 Петир 5:1, 2). Аксакалдарга кызмат жардамчылары көмөк көрсөтүшөт. Убакыттын өтүшү менен алар да аксакал болууга жарактуу боло алышат.

Жетектөөчү Кеңеш айрым аксакалдарды райондук көзөмөлчү кылып дайындайт. Алар жыйналыштарды кыдырып, көрсөтмөлөрдү беришет, бир туугандардын ишенимин бекемдешет. Ыйык Китептеги талаптарга жооп берген эркектерди аксакал жана кызмат жардамчысы кылып дайындашат (1 Тиметей 3:1—10, 12; Тит 1:5—9).

3. Ар бир Жахабанын Күбөсүнүн кандай милдети бар?

Алардын баары «Жахабанын ысмын даңктай» алышат. Кантип? Жыйналыштан жооп берип, тапшырмалар менен чыгышат, мүмкүнчүлүгүнө жараша кабар айтышат. (Оку: Забур 148:12, 13.)

ТЕРЕҢИРЭЭК КАЗ

Иса кандай башчы? Аксакалдар аны кантип туурашат? Биз канткенде Исага баш ийип, аксакалдар менен кызматташа алабыз? Ушулар жөнүндө бил.

4. Иса — боорукер башчы

Ыйык Китепте Исанын чакырыгы жазылган. Окугула: Матай 11:28—30. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Иса кандай башчы? Анын жетекчилиги астында өзүбүздү кандай сезишибизди каалайт?

Аксакалдар Исаны кантип туурашат? ВИДЕОНУ көргүлө.

Ыйык Китепте аксакалдардын өз ишин кантип аткарышы керектиги так-айкын жазылган.

Окугула: Ышая 32:2; 1 Петир 5:1—3. Анан төмөнкү суроолорду талкуулагыла:

  • Аксакалдардын, Исадай болуп, башкаларга дем-күч бергени сага кандай таасир этти?

  • Аксакалдар Исаны дагы кантип туурап жатышат?

5. Аксакалдар жакшы үлгү көрсөтүшөт

Иса аксакалдардын өз милдеттерине карата кандай көз карашта болушун каалайт? ВИДЕОНУ көргүлө.

Иса аксакалдардын кандай болушу керектигин айткан. Окугула: Матай 23:8—12. Анан бул суроолорду талкуулагыла:

  • Ыйык Китепке ылайык, аксакалдар кандай болушу керек? Башка диндин жетекчилери Ыйык Китепте айтылгандай иш кылып жатышабы?

  1. А) Аксакалдар өзүнүн, үй-бүлөсүнүн Жахаба менен мамилеси бекем болушуна бүт күчүн жумшашат

  2. Б) Аксакалдар жыйналыштагылардын баарына кам көрүшөт

  3. В) Аксакалдар кабар айтуу ишине үзгүлтүксүз катышышат

  4. Г) Аксакалдар жыйналыштагыларды окутуп-үйрөтүшөт, жууп-тазалоого жана башка иштерге катышышат

6. Биз аксакалдарга баш иебиз

Ыйык Китепте аксакалдарга эмне үчүн баш ийишибиз керектигинин маанилүү бир себеби жазылган. Окугула: Еврейлер 13:17. Анан бул суроолорду талкуулагыла:

  • Ыйык Китептеги: «Жетекчиликти колго алгандарга тил алып, баш ийгиле»,— деген сөздөрдүн туура экенине кошуласыңбы? Эмне үчүн?

Окугула: Лука 16:10. Анан төмөнкү суроону талкуулагыла:

  • Анча маанилүү эместей көрүнгөн иштерде да эмне үчүн аксакалдарга баш ийишибиз керек?

АЙРЫМДАР МЫНДАЙ ДЕЙТ: «Кудайга өзүбүз каалагандай сыйына берсек болот».

  • Кудайга анын эли менен чогуу сыйынганыбыз эмнеси менен пайдалуу деп ойлойсуң?

НЕГИЗГИ ОЙ

Иса — жыйналыштын башчысы. Аксакалдар анын жетекчилигине ылайык иш кылышат. Алар бизге жакшы үлгү көрсөтүп, дем-күч бергендиктен, аларга тил алабыз.

Кайталоо

  • Жыйналыштын башчысы ким?

  • Аксакалдар жыйналышка кантип жардам беришет?

  • Жахабанын ар бир кызматчысынын кандай милдети бар?

Максат

КӨБҮРӨӨК БИЛ

Жетектөөчү Кеңештин жана башка аксакалдардын ишенимдештерине чындап кам көрөрүнө кандай далилдер бар?

«Ишибизге тыюу салынган өлкөдөгү ишенимдештерибизди бекемдөө» (4:22)

Райондук көзөмөлчүлөр кандай кызмат аткарат?

«Райондук көзөмөлчүнүн аралдагы кызматы» (4:51)

Аялдардын жыйналыштагы маанилүү ролу жөнүндө окуп көр.

«Жахабанын Күбөлөрүнүн уюмунда аялдар окутабы?» («Күзөт мунарасы», 1-сентябрь, 2012)

Аксакалдар ишенимдештерин кубаттап-бекемдеш үчүн талыкпай эмгектенишет. Ошол жөнүндө окуп көр.

«Аксакалдар — кубанышыбызга өбөлгө түзгөн кызматташтар» («Күзөт мунарасы», 15-январь, 2013)