20-САБАК
Натыйжалуу корутунду
Насаатчы 12:13, 14
НЕГИЗГИ ОЙ: Сөзүңдүн аягында угуучуларыңды уккандарын көңүлүнө сактоого жана иш жүзүндө колдонууга үндө.
МУНУ КАНТИП КЫЛСА БОЛОТ?
-
Корутунду сөзүңдү жалпы тема менен байланыштыр. Негизги ойлорду жана теманы кайтала же башка сөздөр менен баса белгиле.
-
Иш-аракет кылууга түрткү бер. Угуучуларга эмне кылыш керектигин жана ошондой кылууга кандай орчундуу себептер бар экенин айт. Ишенимдүү жана ынандыра сүйлө.
-
Корутунду сөзүң жөнөкөй жана кыска болсун. Айтылгандан башка негизги ойлорду кошпо. Акыркы сөздөрүң аз, бирок саз болсун жана иш-аракет кылууга түрткү берсин.