ТИРКЕМЕ
Ишкердик мамилелерге байланышкан талаштарды кантип чечүү керек?
1 Корунттуктар 6:1—8-аяттарда элчи Пабыл ишенимдештердин бири-бири менен соттошкону жөнүндө сөз кылган. Корунт шаарындагы жыйналыштын айрым мүчөлөрүнүн «соттошуу үчүн... адил эместерге барышканын» айтып, ал андай иш-аракеттердин туура эмес экенин көрсөткөн (1-аят). Пабыл Жахабанын кызматчыларынын өз-ара талаш-тартыштарын бул дүйнөдөгү соттордун жардамы менен эмес, жыйналышта бекитилген тартипке ылайык чечиши керектигине карата орчундуу себептерди келтирген. Кел, азыр ошол себептердин айрымдарын жана ал кеңешке кармануу талап кылынбаган кээ бир жагдайларды карап көрөлү.
Кайсы бир ишенимдешибиз менен ишкердик мамилелерге байланыштуу талаш пайда болсо, маселени өзүбүз эмес, Жахаба туура көргөн жол менен чечүүгө умтулушубуз абзел (Накыл сөздөр 14:12). Исанын сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, келишпестиктерди тез аранын ичинде, алар чоң көйгөйгө айланып кеткенге чейин, чечкен жакшы (Матай 5:23—26). Тилекке каршы, кээ бир ишенимдештерибиздин эпке-сөзгө келбеген, атүгүл бул дүйнөдөгү сотторго кайрылган учурлары болот. Пабыл: «Бири-бириңер менен соттошуп жатканыңардын өзү эле жеңилгениңерди билдирет»,— деп айткан. Эмне үчүн? Мунун негизги себеби, андай иш-аракеттер жыйналышка жана Кудайыбызга тил тийгизет. Андыктан Пабылдын: «Соттошкондон көрө, алданып калганыңар жакшы эмеспи?» — деген сөздөрүнө ылайык иш кылгыбыз келет (7-аят).
Пабыл Кудайдын жыйналышта ар кандай талаш суроолорду чечүүгө жардам берерлик тартип бекиткенин да айткан. Аксакалдар Ыйык Китепте камтылган чындыкты таанып-билгендиктен акылмандыкка ээ. Ошондуктан Пабыл алардын «турмуш-тиричиликке байланыштуу маселелерди чече» аларын айткан (3—5-аяттар). Иса ушак таратуу, алдоо сыяктуу нерселерге байланышкан олуттуу талаш-тартыштарды чечүүдө үч кадам жасоо керектигин баса белгилеген. Адегенде талашка катышы барлар маселени өз-ара чечүүгө аракеттенип көрүшү керек. Эгер биринчи кадам ийгиликсиз болуп калса, маселени бир же эки күбөнүн катышуусу менен чечүүгө аракет кылып көрүү кажет. Экинчи кадам да ийгилик алып келбесе, талаш жөнүндө жыйналышка, тактап айтканда, аксакалдарга билдирүү зарыл (Матай 18:15—17).
Албетте, аксакалдардын сөзсүз эле сот же ишкер адам болушу жана алардай иш-аракет кылышы талап кылынбайт. Алар бир туугандардын ортосундагы ишкердик мамилелерге байланышкан талашты чечүүнүн эреже-тартиптерин бекитишпейт. Анын ордуна, талашка катышы бар тараптарды ыйык китептик кеңештерди колдонууга үндөп, аларды элдештирүүгө, ынтымакка келтирүүгө умтулушат. Ал эми татаал жагдайларда райондук көзөмөлчү же Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалы менен кеңешүүнү туура көрүшү мүмкүн. Бирок кээде сотко кайрылууга туура келген жагдайлар болот. Алардын айрымдары кайсылар?
Мисалы, өз кызыкчылыгын көздөбөгөн жана тынчтыкты сактоого умтулган бир туугандар мыйзамга ылайык иш кылуу үчүн сотко кайрылышы мүмкүн. Алсак, ажырашууга, балага камкорчу болуп дайындалууга, алименттин өлчөмүн аныктоого, камсыздандыруу төлөмдөрүн алууга, карызкор банкроттукка учураганда насыя берүүчүлөрдүн катарында болуу укугуна ээ болууга же керээз катты бекитүүгө байланыштуу маселелерди чечүү үчүн сотко кайрылуу талап кылынат. Ошондой эле айрым бир туугандарга өзүн коргоо үчүн сотко карама-каршы доо-арыз менен кайрылууга туура келет *.
Эгер бир туугандын сотко кайрылышына атаандаштык, өчөшкөндүк себеп болбосо, Пабылдын кеңешине каршы иш кылган болбойт *. Ошентсе да Жахабанын кызматчылары, эң алды, анын ысмынын даңкталышын, жыйналышта тынчтык менен биримдиктин сакталышын көздөшү керек. Алар баарынан мурун бири-бирине болгон сүйүүсү менен айырмаланат. Ал эми «сүйүү... өз кызыкчылыгын көздөбөйт» (1 Корунттуктар 13:4, 5; Жакан 13:34, 35).
^ 2-абз. Өтө сейрек болсо да, кээде Кудайдын кызматчысы ишенимдешине каршы зордуктоо, кол салуу, киши өлтүрүү же чоң уурулук сыяктуу олуттуу кылмыш жасашы мүмкүн. Мындайда бул тууралуу бийликтегилерге билдирүү, атүгүл сот иши же кылмыш иши козголо турган болсо да, туура эмес болуп эсептелбейт.
^ 3-абз. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн «Күзөт мунарасынын» бул сандарын кара: 1997-ж., 15-март, 14—19-б., ор.; 1991-ж., 15-октябрь, 25—28-б., ор.