Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жараткан өзүнүн кандай экенин биздин пайдабыз үчүн ачып берүүдө!

Жараткан өзүнүн кандай экенин биздин пайдабыз үчүн ачып берүүдө!

Сегизинчи бөлүм

Жараткан өзүнүн кандай экенин биздин пайдабыз үчүн ачып берүүдө!

КҮН күркүрөп, чагылган жарк-журк этет. Синай жарым аралындагы улуу тоонун этегинде үч миллионго жакын эл турат. Тоону булут каптап, жер титиреп жатат. Ушундай эстен кеткис шарттарда Муса байыркы ысрайыл эли менен асман-жердин Жаратканынын ортосунда расмий мамиленин түзүлүшүндө арачынын ролун аткарган (Чыгуу 19-бөлүм; Ышайа 45:18).

Эмне үчүн Ааламдын Жаратканы бир эле жана салыштырмалуу аз сандагы элге өзүн ушундай өзгөчө жол менен көрсөткөн? Бул суроого Муса: «Теңир силерди сүйгөндүктөн, силердин ата-бабаларыңарга берген убадасын аткарыш үчүн»,— деп жооп берген (Мыйзам 7:6—8).

Бул сөздөр Ыйык Китепте Ааламдын пайда болушу жана жердеги тиричилик жөнүндөгү фактылардан тышкары, дагы көптөгөн маалыматтар камтылганын көрсөтүүдө. Ыйык Китепте Жараткандын адамдар менен өткөн убактардагы, азыркы кездеги жана келечектеги өз ара мамилеси тууралуу кеңири айтылат. Ал дүйнөдөгү эң кеңири таралган жана эң изилденген китеп болгондуктан, билимди баалагандар анда жазылгандар менен таанышып чыгышы кажет. Келгиле, анда бул китепте эмнелер айтыларын карап чыгалы. Адегенде анын көбүнчө Эски Осуят деп аталып жүргөн бөлүгүнө назар салалы. Бул Ааламдын Жаратканына жана Ыйык Китептин жаратманына кандай сапаттар мүнөздүү экенин тереңирээк түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет.

«Ааламдын жаралышы жөнүндөгү байыркы билдирүүгө ишенүүгө болобу?» деген алтынчы бөлүмдөн Ыйык Китептин ааламдын жаралышы жөнүндөгү билдирүүсүндө түпкү ата-энебиз тууралуу башка булактарда айтылбаган фактылар камтылгандыгын билдик. Бирок Ыйык Жазманын биринчи китеби андан да көптү камтыйт. Эмнелерди?

Гректердин жана башка элдердин уламыштарында кудайлар жана «жарымы кудайлар» адамдар менен байланышкан мезгил жөнүндө айтылат. Ошондой эле антропологдор жер жүзүнүн бардык элдеринде адамзатты дээрлик бүт кырган байыркы Топон суу жөнүндөгү уламыштар бар экенин айтышат. Аларга ишенбешиңер мүмкүн. Бирок ошондой түрдүү мифтер менен уламыштардын негизинде жаткан тарыхый фактылар тууралуу Башталыш китебинде гана айтыларын билесиңерби? (Башталыш 6, 7-бөлүмдөр) *.

Башталыш китебинде биздей эле ой жүгүрткөн, биздикиндей сезимдерге ээ болгон жана Жараткандын бар экенин билип, анын эрки менен жашаган байыркы адамдар жөнүндө да жазылган. Муса айтып кеткен «ата-бабалардын» арасындагы Ыбрайым, Ыскак жана Жакыпка окшогон адамдар тууралуу билгенибиз пайдалуу болот. Жараткан Ыбрайымды жакшы билген жана аны досу катары эсептеген (Ышайа 41:8; Башталыш 18:18, 19). Эмнеликтен? Жахаба Ыбрайымды байкап көрүп, ишеними бекем адам экенине көзү жеткен (Жакып 2:23; Эврейлерге 11:8—10, 17—19). Ыбрайымдын жашоосунан адамдар Кудай менен жакын мамиледе боло алары көрүнүп турат. Анын кудуреттүүлүгү жана жөндөмдүүлүктөрү кастарлоо сезимин пайда кылат, бирок ал — жөн эле күч же себеп эмес. Ал — касиет-сапаттарга ээ Кудай жана аны менен биздей эле болгон жеткилең эмес адамдар достук мамилелерди өрчүтө алышат. Бул бизге түбөлүк пайда алып келет.

Жахаба Ыбрайымга: «Сенин тукумуң аркылуу бүт жер жүзүнүн элдери бата алышат»,— деп убада берген (Башталыш 22:18). Бул сөздөр Адам ата жашаган маалда берилген болочок «тукум» жөнүндөгү убаданы уланткан, же толуктаган (Башталыш 3:15). Жахабанын Ыбрайымга айткандары кийинчерээк бардык элдерге бата алып келе турган Тукум келерине үмүттөнүүнүн негиздүү экенин көрсөткөн. Бул — Ыйык Китептин башынан-аягына чейин өткөн негизги тема. Ал Ыйык Жазманын жөн гана ар кандай адамдардын чыгармаларынын жыйнагы эмес экенин дагы бир жолу далилдейт. Ыйык Китептин негизги темасын билүү Кудайдын байыркы бир элди бүт жер жүзүндөгү элдерге бата бериш үчүн колдонгонун түшүнүүгө жардам берет (Забур 147:8, 9).

Жахабанын ысрайыл эли менен дал ушул максатта мамиле түзгөнү «Кудайда бет карамалык жок» экенин көрсөтөт (Элчилер 10:34; Галатиялыктарга 3:14). Андан тышкары, Кудай көбүнчө Ыбрайымдын урпактары менен мамиле түзгөн болсо да, аларга башка элдин өкүлдөрү кошулуп, Жахабага кызмат кыла алышкан (1 Падышалар 8:41—43). Бүгүнкү күндө ата-тегибизге жана улутубузга карабай баарыбыз Кудай менен таанышып, аны менен өз ара мамиле түзө аларыбыз Кудайдын чынында эле беткарама эмес экенин далилдейт. Бул тууралуу кийинчерээк да билебиз.

Жараткан менен кылымдар бою жакын мамиледе болуп келген элдин тарыхынан биз көп нерселерге үйрөнө алабыз. Эмесе, ал элдин тарыхын үчкө бөлүп карап көрөлү. Аларды талкуулап жатканда Жахабанын «Болтурат» деген маанини туюнткан ысмына жараша кантип иш кылганына жана адамдарга жасаган мамилесинде анын сапаттары кантип чагылдырылганына көңүл буралы.

Биринчи бөлүк: Жараткан башкарган эл

Ыбрайымдын урпактары Мисир кулчулугунда эле. Акыры, б.з.ч. 1513-жылы Кудай Мусаны жиберип, аларды эркиндикке алып чыгат. Ысрайыл улут катары уюшулганда, ага Кудай башчы болот. Бирок б.з.ч. 1117-жылы алар адамдардан падыша шайланышын каалай башташат.

Эмнеге ысрайыл эли Мусаны ээрчип Синайдын этегине барган? Бул окуяга чейинки тарых Башталыш китебинде жазылган. Мурдараак аты Ысрайыл деп өзгөртүлгөн Жакып Мисирдин түндүк-чыгыш тарабында жашаганда, ошол кездеги дүйнөнүн баарын ачарчылык баскан. Үй-бүлөсү үчүн тынчсызданган Жакып Мисирден азык-түлүк суроого аргасыз болот: ал жакта буудай арбын эле. Ал эгинди бөлүштүрүү иши Жакыптын көп жылдар бою өлгөн деп эсептелип жүргөн уулу Жусупка тапшырылган болчу. Жакып үй-бүлөсү менен Мисирге жөнөйт, анан ага ошол жакта калуу сунуш кылынат (Башталыш 45:25—46:5; 47:5—12). Жусуп көз жумгандан кийин, жаңы фараон Жакыптын урпактарын кулга айлантып, «аларды ылай менен кышка салып... жашоосун азаптуу» кылып жиберет (Чыгуу 1:8—14). Ушул жана башка окуялар жөнүндөгү кызыктуу баяндоону Ыйык Жазманын Мисирден чыгуу китебинен окууга болот.

Ондогон жылдар бою ысрайыл эли катаал мамиледен запкы жеп келет, ошондуктан «алардын боздогон үнү Кудайга жеткен». Алардын Жахабага кайрылышы акылмандык болгон. Кудай Ыбрайымдын урпактары эмне болуп жатканына көңүлкош караган эмес, ошондой эле келечекте бардык элдерге бата берүү максатын унуткан эмес. Кудайдын ысрайыл элинин «боздогон үнүн» укканы анын эзилген, кыйналып-кысталган адамдарга боор ооруурун көрсөтөт (Чыгуу 2:23—25). Ысрайыл элин кулчулуктан бошотуш үчүн, ал Мусаны тандаган. Бирок Муса биртууганы Арун менен Мисирдин фараонуна кулчулуктагы элдин бошотулушун сурап келгенде, фараон бой көтөрүп: «Мен Аны угуп, Ысрайылды коё бергидей, Теңир [«Жахаба», МАК] ким экен?» — деп жооп берген (Чыгуу 5:2).

Мындай сөздөрдү ошол мезгилдеги эң күчтүү аскери бар башчы айтса да, Ааламдын Жаратканы андан коркуп калганбы? Кудай фараонго жана мисирликтерге ар түрдүү жаза жиберген. Акыры, онунчу жазадан кийин, фараон ысрайыл элин коё берүүгө аргасыз болот (Чыгуу 12:29—32). Ошентип, Ыбрайымдын урпактары Өзү каалаган учурда боштондукка алып чыга турган чыныгы Кудай Жахаба менен таанышкан. Ооба, ысмы көрсөтүп тургандай, Жахаба өз убадасын укмуштуудай жол менен аткарган (Чыгуу 6:3). Бирок фараон да, ысрайыл эли да бул ысым жөнүндө келечекте дагы көбүрөөк билишмек.

Анын себеби фараондун кайра айнып калышында. Ал кетип бара жаткан кулдарын аскерлери менен кууп жөнөйт да, Кызыл деңиздин жанынан аларга жеткени калат. Ысрайыл эли деңиз менен Мисир аскерлеринин ортосунда камалып калат. Ошондо Жахаба кийлигишип, Кызыл деңизден жол ачат. Кудайдын жеңилгис күчүн фараон ушундан деле билсе болмок. Бирок ал аскерлери менен ысрайыл элинин артынан сая түшөт. Натыйжада Кудай деңизди мурдагы абалына келтиргенде, фараон да, анын аскерлери да бүт бойдон чөгүп кетет. Муну Кудай кантип жасаганы Мисирден чыгуу китебинде майда-чүйдөсүнө чейин айтылбайт. Анын жасагандарын керемет деп атаса болот, себеби ал иштерге да, алардын аткарылышына да адам эч кандай таасир эте алган эмес. Албетте, мындай иштер Ааламды жаратып, андагы бардык мыйзамдарды орноткон Кудайдын колунан келет (Чыгуу 14:1—31).

Ушул окуя ысрайыл элине Жахабанын өз ысмына жараша иш кылган Куткаруучу экенин көрсөткөн. Буга биз да ынанып келүүдөбүз. Бул билдирүүдөн Кудайдын кандайча иш жүргүзөрү тууралуу дагы көбүрөөк биле алабыз. Ал, мисалы, эзүүчүлөргө адилеттүү түрдө өкүм чыгарган, өз элине болсо мээримдүү боорукердик көрсөткөн. Ошол элден Тукум келиши керек болчу. Тукум жөнүндө айтсак, Мисирден чыгуу китебинде байыркы тарых эле эмес, андан да маанилүүрөөк билдирүү жазылган. Ал китепте Кудайдын бардык адамдарга бата берем деген ниети жөнүндө айтылат.

Убадаланган жерди көздөй

Мисирден чыгып Муса эл менен чөл аркылуу Синай тоосун көздөй жөнөйт. Ошол жерде болгон окуя Кудайдын ал эл менен кылымдарга созулган мамилесин шарттаган. Кудай аларга мыйзамдарды берген. Албетте, ал миллиарддаган жылдар мурун эле Ааламдагы материяны башкарып келген жана ушул убакка чейин иштеп келаткан мыйзамдарды негиздеген. Ал эми Синай тоосунун этегинен ал Муса аркылуу улуттук мыйзамдарды берген. Кудайдын иш-аракеттери жана анын берген мыйзамдар жыйнагы жөнүндө Мисирден чыгуу китебинен жана андан кийинки Лебилер, Сандар жана Мыйзам китептеринен окуса болот. Окумуштуулардын оюнча, Аюб китебин да Муса жазган. Андагы көңүлгө аларлык кээ бир жерлери ушу китептин 10-бөлүмүндө талкууланат.

Бүгүнкү күндө да дүйнөнүн чар-тарабындагы миллиондогон адамдар Он осуятты — ошол мыйзамдар жыйнагындагы негизги адеп-ахлактык көрсөтмөлөрдү — колдонууга аракеттенишет. А бирок ал жыйнакка жеткилеңдиги таңдандырган дагы көптөгөн көрсөтмөлөр кирет. Көрсөтмөлөрдүн көбү, мисалы, гигиена, санитария жана ооруларга байланышкан эрежелер ошол кездеги ысрайыл элинин жашоосу үчүн берилген. Ал мыйзамдар байыркы элге берилсе да, окумуштуулар, балким, өткөн кылымда эле ачкан илимий фактылар чагылдырылып турат (Лебилер 13:46, 52; 15:4—13; Сандар 19:11—20; Мыйзам 23:12, 13). Андыктан мындай суроо пайда болушу мүмкүн: ысрайыл элине берилген мыйзамдарда ошол учурдагы башка элдердин билиминен жана акылмандыгынан кыйла ашып түшкөн билим менен акылмандык чагылдырылып турганы эмнеден? Акылга сыярлык жооп — ал мыйзамдарды Жараткан берген.

Мыйзамдар тукум-уруу санжырасын сактоого жардам берген жана ысрайыл элинин Тукум келгенге дейре аткарууга тийиш болгон диний милдеттерин бекиткен. Кудайдын талаптарынын баарын аткарууга макул болушу алардан ошол Мыйзамга жараша жашоо милдетин алууну талап кылган (Мыйзам 27:26; 30:17—20). Албетте, алар Мыйзамды толук аткара алышкан эмес. А бирок бул да аларга пайда алып келген. Кийинчерээк мыйзамды мыкты билген бирөө Мыйзам «кылмыштардын айынан, Урпак келгенге чейин берилгенин» түшүндүргөн (Галатиялыктарга 3:19, 24). Демек, мыйзамдар жыйнагы ысрайыл элин обочо эл кылып, алардын Урпакка же Тукумга, тагыраак айтканда, Мессияга муктаж экенин айгинелеп, аларды анын келишине даярдап турган.

Синай тоосун этектеп чогулган ысрайыл эли Кудай берген мыйзамдар жыйнагына ылайык жашоого макул болушат. Ошентип, алар, Ыйык Китепте айтылгандай, Кудай менен келишим түзүшкөн. Ысрайыл эли буга өз эрки менен макул болушса да, кежирлик көрсөтүшкөн. Мисалы, алтын музоо жасап, ага сыйынышкан. Бул күнөө эле, анткени жасалма кудайларга сыйынуу Он осуятты түздөн-түз бузгандыкка жаткан (Чыгуу 20:4—6). Андан тышкары, алар тамак үчүн наалышкан, Кудайдын дайындаган жетекчисине (Мусага) каршы чыгышкан жана жалган кудайларга сыйынган башка элдердин аялдары менен бузукулук жасашкан. Бирок мунун баары Мусанын күндөрүнөн ушунча убакыт өткөн мезгилде жашап жаткан бизди эмне үчүн кызыктырышы керек?

Себеби бул жөн гана байыркы тарых эмес. Ысрайыл элинин жакшылыкты билбестиги, ага Кудай кандай мамиле кылгандыгы жөнүндөгү билдирүүлөр Кудайдын чын эле камкор экендигин көрсөтүүдө. Ыйык Китепте ысрайыл элинин Жахабаны кайра-кайра «каардантышканы» жана ага «акарат келтиришкени» айтылат (Забур 77:40, 41). Демек, биз Жараткандын сезимдери бар экенине жана адамдардын жүрүш-турушуна көңүлкош карабай турганына шек санабасак болот.

Адамдын көзкарашы боюнча, Кудай ысрайыл элинин күнөөгө батканы үчүн алар менен түзгөн келишимин бузуп, өз убадасын аткаруу үчүн, башка элди тандап алса болмок. Бирок Кудай анткен эмес. Ал оңолбос күнөөкөрлөрдү жазалаган, бирок өзүнүн адашкан бүтүндөй элине ырайымдуу мамиле кылган. Ал ишенимдүү досу Ыбрайымга берген убадаларына туруктуу болгон.

Бир канча убакыттан кийин ысрайыл эли Ыйык Китепте Убадаланган жер делген Канаан жерине келет. Ал жакта бузуктукка баткан күчтүү элдер жашачу. Жараткан алардын иштерине 400 жыл бою кийлигишкен эмес, эми болсо ал жерди ысрайыл элине берүүнү чечкен. Бул адилеттүү чечим болчу (Башталыш 15:16; ошондой эле карагыла: «Кызганчаак Кудай деп кандай мааниде айтылган?», 132, 133-беттер). Ошол жерди ээлөөгө даярдык көрүп жатканда Муса 12 чалгынчыны жиберет. Алардын ону Жахабанын куткаруучу кудуретине ишенишпегенин көрсөтүшөт. Ал чалгынчылардын айтып келгенин уккан эл Кудайга наалып, Мисирге кайтып барууну каалай баштайт. Ошол себептүү, Кудайдын өкүмүнө ылайык, эл 40 жыл бою чөл кезет (Сандар 14:1—4, 26—34).

Мындай жазанын жыйынтыгы кандай болгон? Муса өлөр алдында ысрайыл уулдарын Жахабанын аларды жоошуткан жылдарын эстен чыгарбоого чакырган. Муса: «Атасы баласын үйрөткөндөй, Кудай-Теңириң сени үйрөтүп жатканын эсиңден чыгарба»,— деген (Мыйзам 8:1—5). Ысрайыл эли Жахабага акарат келтирсе да, Кудай аларды колдоп, алардын жашоосу Өзүнөн көзкаранды экенин көрсөткөн. Мисалы, ошол маалда алар Кудай бал кошулган нан даамданган манна берип тургандыктан тирүү калышкан. Алардын чөлдө тентиши көп нерсеге үйрөтмөк. Эл ырайымдуу Кудайынын тилин алуу жана ага таянуу канчалык маанилүү экенине ынанышы керек болчу (Чыгуу 16:13—16, 31; 34:6, 7).

Муса өлгөндөн кийин, Кудай жетекчиликти Нундун уулу Жашыяга тапшырган. Эржүрөк жана Кудайга берилген Жашыя элди Канаан жерине алып келип, ал жерлерди кайрат менен басып ала баштайт. Ал кыска мөөнөттүн ичинде 31 падышаны жеңип, Убадаланган жердин көбүн ээлейт. Бул кызыктуу тарых Жашыя китебинде жазылган.

Ысрайылдын адамдардан дайындалган падышасы жок кезде

Ысрайыл элин чөлдө жүргөндө Муса, кийин Убадаланган жерге келген алгачкы жылдары Жашыя жетектеген. Ысрайылдыктар адамдардан шайланган падышага муктаж болгон эмес: алардын Эгедери Жахаба өзү эле да. Ал шаар дарбазасынын жанында сот иштерин жүргүзгөн аксакалдардын дайындалышына кам көргөн. Алар тартиптин сакталышына көз салып, элге рухий жактан жардам берип турушкан (Мыйзам 16:18; 21:18—20). Рут китебинде ошондой аксакалдардын Мыйзам 25:7—9-аяттардагы мыйзамдын негизинде бир ишти чечишкени жазылган.

Көптөгөн жылдар бою эл кайра-кайра тил албай жана Канаан кудайларына сыйынып, Кудайды көп жолу нааразы кылган. Кыйынчылыкка кабылган ысрайылдыктар жардам сурап Жахабага кайрылышканда, ал аларды кайра эстечү. Ысрайыл элин кысым көрсөткөн коңшу элдерден бошотуу үчүн, ал башкаруучуларды дайындаган. Башкаруучулар китебинде ошол эржүрөк башкаруучулардын 12синин эрдиги кызыктуу баяндалат (Башкаруучулар 2:11—19; Некемия 9:27).

Ыйык Китепте: «Ошол убакта Ысрайылда падыша болгон эмес. Ар ким өзү туура көргөндү кылчу»,— деп айтылат (Башкаруучулар 21:25). Берилген Мыйзамда адеп-ахлак нормалары жазылган, ошондуктан аксакалдардын жана ыйык кызмат кылуучулардын жардамы менен эл шектенүүсүз «туура көргөндү кылчу». Андан тышкары, Мыйзам боюнча жыйын чатыры — көчүрүп жүрмө ийбадаткана — караштырылган. Ал кезде жыйын чатыры элдин биримдүүлүгүнө өбөлгө түзгөн чыныгы сыйынуунун борбору болчу.

Экинчи бөлүк: Падышалардын башкаруусу алдында гүлдөө

Шемуел ысрайылдыктардын башкаруучусу болуп турганда эл адамдардан падыша шайлап берүүнү талап кылган. Биринчи үч падыша: Шабул, Дөөт жана Сулайман ар бири 40 жылдан, б.з.ч. 1117—997-жылдары, падышачылык кылган. Ысрайыл байлык менен атактын туу чокусуна жеткен. Ошол убакта Жараткан болочок Тукумдун падышачылык кылышы үчүн көргөн даярдыгында маанилүү кадам жасаган.

Башчы жана пайгамбар катары Шемуел Ысрайылдын рухий жыргалчылыгына жакшы кам көргөн, ал эми уулдары анын жолун жолдошкон эмес. Акыры, эл андан: «Башка элдердикиндей эле, биздин үстүбүзгө падыша кой, ал бизди башкарсын»,— деп талап кылган. Жахаба Шемуелге: «Эл сага эмне десе, ошонун бардыгын кыл, анткени алар сенден баш тартышкан жок, Мен падыша болбошум үчүн, Менден баш тартышты» — деп, элдин талабынын маанисин түшүндүргөн. Анын кандай кайгылуу жыйынтыктарга алып барарын Жахаба жакшы билген (1 Шемуел 8:1—9). Ошентсе да ал, элдин талабын аткарып, Шабыл аттуу кичипейил адамды Ысрайылга падыша кылып шайлайт. Башында ишенимдүү болгону менен, кийин Шабул өзүн ээнбаш падыша катары көрсөтүп, Кудайдын мыйзамдарын буза баштаган. Андыктан Кудайдын пайгамбары падышалык бийликтин Жахабага жаккан башка адамга берилерин айтып эскертет. Мындан Жараткандын чын жүрөктөн көрсөтүлгөн тил алууну жогору баалаарын түшүнүүгө болот (1 Шемуел 15:22, 23).

Ысрайылдын кийинки падышасы боло турган Дөөт Жүйүт уруусундагы бир үй-бүлөнүн кенжеси эле. Дөөттүн таң калыштуу тандалуусу тууралуу Кудай Шемуелге мындай деген: «Адам өңүнө карайт, ал эми Теңир жүрөгүнө карайт» (1 Шемуел 16:7). Жараткандын биздин өң-келбетибизге эмес, ички сапаттарыбызга көңүл бурары кайрат бербейби? Ал эми Шабулдун көзкарашы башкача болчу. Жахаба Дөөттү падыша катары тандаган кезден баштап Шабулга бир ой тынчтык бербей калган — анын ою Дөөттү өлтүрүү эле. Жахаба антүүгө жол берген эмес, акыры, Шабул уулдары менен кошо пелиштиликтер менен болгон салгылашта өлөт.

Дөөт Хеброн шаарынан падышачылык кыла баштаган. Кийин Иерусалимди каратып, аны борбор шаар кылган. Андан тышкары, Кудай Ыбрайымдын тукумдарына убада кылган жердин баарын ээлеп, Ысрайылга таандык жердин чегин кеңейткен. Ошол маал тууралуу жана кийинки падышалардын башкаруусунун тарыхы жөнүндө да Ыйык Китептин алты тарыхый китебинен окууга болот *. Бул китептер Дөөттүн жашоонун көйгөйлөрүнөн кутулуп кетпегендигин көрсөтүп турат. Мисалы, дененин кумарына берилип, ал Бат-Шеба деген сулуу аял менен ойшоштук кылган, анан ошол күнөөсүн жашырып-жабуу аракетинде башка да күнөөлөрдү жасап жиберген. Жахаба адилеттүүлүктүн Кудайы болгондуктан, Дөөттүн күнөөсүнө көңүл бурбай коё алган эмес. Бирок Дөөттүн чын жүрөктөн өкүнгөнүн көрүп Кудай анын Мыйзам боюнча жазаланышын талап кылган эмес. Анткен менен ошо кылгандарынан улам Дөөттүн үй-бүлөсүндө көптөгөн кыйынчылыктар пайда болгон.

Ошол азаптардын баарын башынан өткөрүү менен Дөөт Жахабанын сезими бар Кудай экенин түшүнгөн. Ал: «Теңир Өзүн чакыргандардын бардыгына жакын... алардын зар-муңун угат»,— деп жазган (Забур 144:18—20). Дөөттүн акниеттиги жана берилгендиги чыгарган көркөм ырларынан ачык-айкын көрүнүп турат, анын ырлары Забур китебинин жарымдайын түзөт. Миллиондогон адамдар ал ырлардан сооронуч, күч алышат. Дөөттүн Кудай менен жакын мамиледе болгону Забур 138:1—4-аяттарда кандайча чагылдырарына көңүл бурсаңар: «Теңир! Сен мени сынадың, баарын билесиң. Сен менин качан олтуруп, качан турарымды билесиң. Сен менин ойлорумду алыстан эле билесиң... Мен айта электе эле, Сен, Теңирим, айтар сөзүмдү толугу менен билесиң».

Жахабанын куткарууга кудуреттүү экенин Дөөт айрыкча жакшы билген (Забур 19:7; 27:9; 33:8, 10; 36:39). Кудайдын күчүн сезген сайын, Дөөт ага улам бекем таянган. Ал Забур 29:6; 61:9 менен 102:9-аяттардан көрүнөт. Же Дөөттүн Бат-Шеба менен кылган күнөөсү ачылганда чыгарган 50-забурду окуп көрсөк болот. Биз Жаратканыбызга түпөйүл санаабыздын баарын айтып бере аларыбызды, анын бой көтөрбөй, кичипейилдик менен угууга даяр экенин билүү кандай гана кубат берет! (Забур 17:36; 68:34; 85:1—8). Аны Дөөт өз башынан өткөргөндүктөн гана эмес, башка мисалдардан да билген. «Сенин бардык иштериң жөнүндө ойлоном,— деп жазган ал,— колуңдун иштери жөнүндө ой жүгүртөм» (Забур 62:7; 142:5).

Жахаба Дөөт менен түбөлүк падышалык үчүн өзгөчө келишим түзгөн. Дөөт ал келишимдин маанисин түпкүрүнө чейин түшүнө бербеген чыгар. Ошентсе да, Ыйык Китептеги кийинчерээк жазылган кошумча маалыматтардан көрүнүп тургандай, Кудай убадаланган Тукум Дөөттүн урпактарынан келерин билдирген (2 Шемуел 7:16).

Кеменгер Сулайман падыша жана жашоонун маңызы

Дөөттүн уулу Сулайман кеменгерлиги менен атагы чыккан, ошондуктан Накыл сөздөр жана Насаатчы китептерин окуп чыгуу пайдалуу * (1 Падышалар 10:23—25). Айрыкча, бул китептердин экинчиси, кеменгер Сулайман падышага окшоп, жашоонун маңызын издегендер үчүн кызыктуу болот. Падыша үй-бүлөсүндө төрөлгөн Ысрайыл падышаларынын биринчиси Сулайман эле, ошондуктан чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон. Ал укмуштуудай чоң курулуш ишин жүргүзгөн, берекелүү тойлорду уюштурган, ыр-күүлөр менен көңүлүн ачкан жана атактуу адамдар менен пикир алышкан. Ошого карабастан ал: «Колум жасаган иштердин баарын... карап, мындай чечимге келдим: бардыгы курулай убаракерчилик»,— деп жазган (Насаатчы 2:3—9, 11). Ушунун натыйжасында Сулайман кандай жыйынтыкка келген?

Ал мындай деп жазган: «Баарынын жыйынтыгын угалы: Кудайдан корк, Анын буйруктарын аткар, анткени бул адамга өтө керек. Анткени Кудай ар бир ишти соттойт, ар бир жашыруун ишти, ал жакшы иш болобу же жаман иш болобу, Кудай соттойт» (Насаатчы 12:13, 14). Айтканына жараша, Сулайман жети жыл ичинде Кудайга сыйынуу үчүн зор ийбадаткана курган (1 Падышалар 6-бөлүм).

Сулаймандын көп жылдарга созулган башкаруусу бейкуттугу жана молчулугу менен айырмаланган (1 Падышалар 4:20—25). Ошентсе да ал Жахабага Дөөттөй болуп жүрөгү менен толук берилген эмес. Сулайман башка жактардан көп аял алып, аларга жүрөгүн өзүлөрүнүн кудайларына буруп кетүүгө жол берип койгон. Акыры, Жахаба: «Сенден падышачылыкты тартып алып... Өз кулум Дөөт үчүн, Өзүм тандап алган Иерусалим үчүн уулуңа бир урууну берем»,— деген (1 Падышалар 11:4, 11—13).

Үчүнчү бөлүк: падышалыктын бөлүнүшү

Сулайман өлгөн соң, б.з.ч. 997-жылы он уруу өзүнчө бөлүнүп кетет. Алар Ысрайыл түндүк падышалыгын түзүшөт. Б.з.ч. 740-жылы аны ашурлуктар басып алат. Иерусалимдин падышалары эки урууну башкарган. Ал падышалык — Жүйүт падышалыгы — б.з.ч. 607-жылга чейин турган; ошол жылы бабылдыктар Иерусалимди басып алып, тургундарын туткунга айдап кеткен. Жүйүт падышалыгына таандык жерлер 70 жыл бою ээн калган.

Сулаймандын көзү өткөн соң, бийликке анын уулу Рехабам келген, ал элдин жашоосун абдан оордотуп жиберет. Натыйжада көтөрүлүш чыгып, он уруу өзүнчө Ысрайыл падышалыгын түзүп, бөлүнүп кетет (1 Падышалар 12:1—4, 16—20). Жылдар бою түндүк падышалык чыныгы Кудайга берилгендигин сактабай келген. Эл жасалма кудайларга, мисалы, алтын музоого табынган жана жалган сыйынуунун башка да түрлөрүнө катышкан. Кээде бийликти тартып алууну көздөгөндөр падышаларды өлтүрүшүп, тукумдарын кырышкан. Жахаба чоң сабырдуулук көрсөтүп, элге жалган кудайларга сыйынуусун токтотпосо, кырсыкка кабыларын эскертүү үчүн улам пайгамбарларын жиберип турган. Түндүк падышалыкка тийиштүү билдирүүлөрдү жарыялаган пайгамбарлар Ошуя жана Амос китептерин жазышкан. Акыры, б.з.ч. 740-жылы, Кудайдын пайгамбарлары эскерткендей, ашурлуктар алаамат алып келген.

Түштүктөгү Жүйүт падышалыгында б.з.ч. 607-жылга чейин Дөөттүн тукумунан 19 падыша алмашкан. Аса, Жошапат, Хиския жана Жошия падышалар чоңатасы Дөөттөй болуп падышалык кылышкандыктан, Кудайга жагышкан (1 Падышалар 15:9—11; 2 Падышалар 18:1—7; 22:1, 2; 2 Жылнаама 17:1—6). Ошол падышалар башкарып жаткан кездерде Жахаба элине батасын берчү. Бир эмгекте: «Ж[үйүттүн] айырмачылыгы Кудай орноткон ийбадаткана, ыйык кызмат кылуучулар, жазма түрүндөгү мыйзамдардын бар болушу жана чыныгы теократиялык падышасы катары жалгыз Жахаба Кудайдын кабыл алынышы болгон... Ал мыйзамга бекем кармануудан улам... бир катар падышалар чыккан, алардын көпчүлүгү акылман жана берилген монархтардан болгон... Ошондуктан Ж[үйүт] саны жагынан басымдуулук кылган түндүк „эжесинен“ узагыраак жашаган»,— деп айтылат («The Englishman’s Critical and Expository Bible Cyclopædia»). Андай берилген падышалар Дөөттүн жолу менен жүрбөгөн падышаларга салыштырмалуу кыйла аз болгон. Ошого карабастан Жахаба «Өзүмдүн ысымым болуп турушу үчүн тандап алган Иерусалим шаарында, Менин алдымда кулум Дөөттүн чырагы түбөлүккө жаркырап турушу үчүн» деп, бардыгын жетектеген (1 Падышалар 11:36).

Кыйроого алып барган жол

Чыныгы динден баш тартып кеткен падышалардын бири Менаше эле. Ал «өз уулун курмандыкка өрттөп, төлгө салып, сыйкырчылык кылып, өлгөндөрдү чакырчуларды жана сыйкырчылык кылгандарды колдоду. Теңирди каардантып, Ага жакпаган иштерди көп кылды» (2 Падышалар 21:6, 16). Менаше падыша өз элин «Теңир кууп салган элдердин иштеринен да жаман иштерди кылууга» түрткөн. Жараткан ага жана элге нечен ирет эскертүү берген, акыры: «Иерусалимди идишти сүрткөнсүп сүртүп коём»,— деген чечимин жарыялаган (2 Жылнаама 33:9, 10; 2 Падышалар 21:10—13).

Жахаба Менашени адегенде ашурлуктарга колго түшүрүп, кишендеп, туткунга алып кетүүгө жол берет (2 Жылнаама 33:11). Менаше туткунда жүргөн кезинде ойлонуп, «ата-бабаларынын Кудайынын алдында толук моюн сунат». Аны Жахаба кандай кабыл алган? «[Кудай] сыйынуусун угуп, аны Иерусалимге, өз падышачылыгына кайра алып келди. Ошондо Менаше Теңирдин Кудай экенин тааныды». Менаше падыша жана анын небереси Жошия тийиштүү өзгөрүүлөрдү жасашкан. А бирок бүтүндөй элдин адеп-ахлактык жана диний наркынын бузулушу токтотулган эмес (2 Жылнаама 33:1—20; 34:1—35:25; 2 Падышалар 22-бөлүм).

Жахаба болуп жаткан иштерге өзүнүн кандай көзкарашта экенин дилгирлүү пайгамбарлары аркылуу айтып турган *. Мисалы, Жеремия Жахабанын мындай сөздөрүн элге жеткирген: «Ата-бабаларыңар Мисир жеринен чыккан күндөн тартып бүгүнкү күнгө чейин Мен силерге Өзүмдүн бүт кулдарымды — пайгамбарларымды жиберип турдум». Бирок эл анын тилин албай койгон. Алар бабаларынан да жаман иштерди кыла беришкен! (Жеремия 7:25, 26). Кудай аларга нечен жолу эскертүү берген, «анткени өз элин... аяган». Алар болсо баары бир кулак каккысы келген эмес. Ошол себептүү Кудай б.з.ч. 607-жылы бабылдыктарга Иерусалимди талкалашына жана жердин ээн калышына жол берип койгон. Жер 70 жыл бою ээн жаткан (2 Жылнаама 36:15, 16; Жеремия 25:4—11).

Кудайдын иш-аракетин кыскача болсо да карап чыгуунун аркасында анын өз элине камкор мамиле кыларын көрүүгө болот. Ал эч нерсеге тийиштиги жоктой, адамдар эмне кылат болду экен деп, обочолонуп карап турган эмес. Кайра, жардам берүүгө аракеттенген. Ошондуктан Ышайанын эмне себептен: «Теңир, сен биздин Атабызсың... биз баарыбыз Сенин колуңдун ишибиз»,— дегени түшүнүктүү (Ышайа 64:8). Бүгүнкү күндө да көптөр Жаратканга «Ата» деп кайрылышат, анткени ал мээримдүү, кайдыгер эмес Атадай көңүл бурат. А бирок ал өз жүрүм-турумубуз үчүн жана алардын жыйынтыктары үчүн жооп берүүгө тийиш экенибизди унутпайт.

Элдин Бабыл туткунунда жүргөнүнө 70 жыл болгондо, Жахаба Иерусалимдин кайра тургузулары жөнүндөгү пайгамбарлыгын аткарган. Ошондуктан ысрайылдыктар азаттыкка чыгып, «Иерусалимдеги Кудайдын үйүн» курууга уруксат алат (Эзра 1:1—4; Ышайа 44:24—45:7). Ыйык Жазмадагы бир катар китептерде * Иерусалимдин, ийбадаткананын кайра тургузулушу жана андан кийинки окуялар баяндалат. Ал китептерден айрыкча Даниел кызыктуу, анткени анда Тукум же Машайак качан келүүгө тийиш экени, ошондой эле биздин күндөрдөгү окуялардын жүрүшү алдын ала айтылган.

Ийбадаткана курулуп бүткөн, бирок Иерусалим аянычтуу абалда эле. Анын дубалдары менен дарбазалары кыйрап жаткан. Кудай эврейлерге кайрат берип, ишти уюштуруп туруу үчүн, Некемия сыяктуу эркектерди дайындаган. Жахабанын бул элге жасаган мамилесин Некемиянын 9-бөлүмүндө жазылган тиленүү жакшы чагылдырат. Ал тиленүүдөн Жахабанын «кечиргенди сүйгөн, жакшы, боорукер, чыдамдуу, абдан ырайымдуу Кудай» экени көрүнүүдө. Ошондой эле анын өзүнүн адилеттүү жеткилең нормаларына жараша иш-аракет кылары айкын болот. Өкүмүн аткаруу үчүн күчүн пайдаланууга орчундуу негиздер бар болсо да, ал адилеттүүлүгүн сүйүүсү менен жумшартууга даяр. Аны тең салмактуулук менен, эң мыкты жол менен жасоо үчүн акылмандуулук талап кылынат. Жараткандын ысрайыл элине жасаган мамилеси бизге Ага жакындоого жана Анын эркин аткарууга түрткү берери айгине.

Ыйык Китептин бул бөлүгү (Эски Осуят) Жүйүт падышалыгы менен Иерусалимдеги ийбадаткана тургузулуп, бирок бутпарастардын бийлиги алдында калышы менен аяктайт. Кудайдын Дөөт менен түбөлүк бийлик жүргүзүүгө тийиш болгон «тукум» жөнүндөгү келишими канткенде аткарылышы керек эле? (Забур 88:4, 5; 131:11, 12). Эврейлер Кудайдын элин боштондукка чыгарып, жер бетине теократиялык (Кудай башкарган) падышалыкты орното турган «Эгедер Машайактын» же Мессиянын келишин күтүп жатышкан (Даниел 9:24, 25). Бирок Жахабанын ой-ниети ошондой беле? Андай эмес болсо, убадаланган Мессия куткарууну кантип алып келмек? Булардын бизге кандай тийиштиги бар? Ушул маанилүү суроолор эмки бөлүмдө талкууланат.

[Шилтемелер]

^ 7-абз. Ыйык Жазмадагы китептердин аттары, алардын мазмуну тууралуу түшүнүк алууга оңой болуш үчүн, кара тамгалар менен жазылды.

^ 37-абз. Ал китептер: 1 Шемуел, 2 Шемуел, 1 Падышалар, 2 Падышалар, 1 Жылнаама жана 2 Жылнаама.

^ 42-абз. Ал Ырдын ырын, бир селкинин момун койчуга болгон берилгендиги макталып ырдалган сүйүү поэмасын, да жазган.

^ 52-абз. Кудай шыктандырган мындай пайгамбарлык маалыматтар Ыйык Жазманын бир нече китебинде камтылган. Аларга Ышайа, Жеремия, Жеремиянын ыйы, Жезекиел, Жоел, Михей, Хабакук, Сепания китептери кирет. Обадия, Жунус жана Наум китептеринде Ысрайылды курчаган элдерге көңүл бурулган, себеби алардын кылгандары Кудайдын элине терс таасир тийгизген.

^ 54-абз. Андай тарыхый жана пайгамбарлык китептерге Эзра, Некемия, Эстер, Акай, Захария жана Малахия китептери кирет.

[126-беттеги кутуча]

Кереметтерге ишенүүгө болобу?

«Электр күчү менен радиону, азыркы медицинанын жана хирургиянын жетишкендиктерин колдонуп жатып, Жаңы Осуяттагы рухтардын жана кереметтердин дүйнөсүнө ишенүү мүмкүн эмес». Немец теологу Рудольф Бултмандын айткан ушул сөздөрүндө замандаштарыбыздын көбүнүн ою чагылдырылат. Ыйык Китепте жазылган кереметтерге, мисалы, Кудайдын Кызыл деңизди экиге бөлгөнүнө ошондой көзкараштасыңарбы?

«Советтик энциклопедиялык сөздүктө» «керемет» деген сөз «касиеттүү күч аркылуу жасалган ажайып көрүнүш» деп аныкталат. Мындай ажайып көрүнүш кадимки тартипке кийлигишүүнү билдирет, ошондуктан көптөр кереметтерге ишене беришпейт. Бирок табияттын кандайдыр бир мыйзамы бузулгандай көрүнгөндө, аны табияттын башка мыйзамдары менен оңой эле түшүндүрүп берүүгө болот.

Мисалы, «Нью сайентист» журналында Токио университетинин эки физигинин горизонталдуу жайгаштырылган, ичинде жарым-жартылай суусу бар түтүктүн айланасында абдан күчтүү магнит талаасын пайда кылышканы айтылган. Суу алиги түтүктүн эки четине бөлүнүп кеткен, ал эми ортосунда кургак орун калган. Бул 1994-жылы ачылган кубулуш суунун бир аз диамагниттүү экендиги — магниттен кача тургандыгы — менен түшүндүрүлөт. Ал сууну абдан күчтүү магнит талаасы бар аймактардан магнит талаасы начар аймактарга сүрүп чыгаруу кубулушу «Мусанын таасири» деп аталган. Журналда: «Чоңураак магнитиңер бар болсо, сууну сүрүп чыгаруу кыйын эмес. Эгерде ошентүү мүмкүн болсо, демек, дээрлик баарын жасоого мүмкүн»,— деп белгиленген.

Албетте, Кудайдын ысрайыл эли келатканда Кызыл деңизди экиге бөлүүгө кандай процессти колдонгонун эч ким так айта албайт. А бирок Жараткан табияттын бардык мыйзамдарын мыкты билет. Ага белгилүү бир мыйзамдын кандайдыр бир тармагын өзү жараткан башка мыйзамы менен башкарып коюу кыйын эмес. Асыресе ошондо катышкан мыйзамдарды адамдар толук түшүнүшпөсө, көрүп жатканын керемет деп эсептешмек.

Ыйык Китепте айтылган кереметтер тууралуу Киото (Жапония) университетинин кызмат ордунан бошонгон профессору Акири Ямада мындай деген: «[Кереметти] бүгүнкү күндө ал таандык болгон илимий тармактын көзкарашы боюнча (же илимдеги иштердин абалынан улам) түшүнүүгө мүмкүн эмес деп айтуу туура болсо да, аны, азыркы физика же биология илимдерине гана таянып, болгон эмес деп ырастоого болбойт. Азыр алдыңкылардан деп эсептелген илимий жетишкендиктер он жылдан кийин эскирип калат. Илим канчалык тез өнүксө, бүгүнкү окумуштуулар келечекте шылдыңга айланарынын ыктымалдыгы ошончолук өсөт, анан алар жөнүндө: „Он жыл мурун окумуштуулар тигини тигиндей деп, муну мындай деп ишенишкен“,— деп айтып калышат» («Gods in the Age of Science»).

Жахаба табияттын бардык мыйзамдарын башкара алган Жараткан болгондуктан, өз күчүн кереметтерди жасоо үчүн да колдоно алат.

[132-беттеги кутуча]

Кызганчаак Кудай деп кандай мааниде айтылган?

«Анын ысымы — „Кызганчаак“. Ал — кызганчаак Кудай». Бул сөздөр Чыгуу 34:14тө жазылган.

«Кызганчаак» деп которулган эврей сөзүнүн бир мааниси «жан-дили менен берилгендикти талап кылган, атаандаштыкка чыдабаган» дегенди билдирет. Жахаба бардык жаратууларынын пайдасы үчүн өз атына жана сыйынууга карата ушундай мааниде кызганчаактык көрсөтөт (Жезекиел 39:25). Анын кызганчаактыгы ысмына ылайык иш-аракет жасап, адамзатка байланыштуу ой-ниетин аткарарына кепилдик берет.

Мисалы, Канаан жеринде жашаган элдерди Кудай эмне үчүн жазалаганын карап көрөлү. Ал элдердин жийиркеничтүү жашоосун бир окумуштуу мындай деп сүрөттөгөн: «Баалга, Ашейрага жана Канаандын башка да кудайларына сыйынууга эң эле адепсиз, ыпылас иштер кирген; алардын сыйынуу жайлары бузукулуктун уюткусу болгон... Канаандыктардын сыйынуусу өз кумарларына жетеленүү менен коштолчу... жана кудайларына тун наристелерин түлөөгө чалышчу». Археологдор түлөөгө чалынган балдардын сөөктөрү салынган кумураларды табышкан. Кудай канаандыктардын күнөөгө терең батканын Ыбрайымдын күндөрүндө эле билсе да, аларга өзгөрүлүү үчүн жетишерлик убакыт берип, 400 жыл чыдаган (Башталыш 15:16).

Канаандыктар өз күнөөсүнүн оордугун түшүнүшкөнбү? Аларда укук билермандары жалпыда кабыл алынган адеп-ахлактуулуктун жана адилеттүүлүктүн негизи деп эсептеген, адамдардын баарына таандык абийир бар болчу (Римдиктерге 2:12—15). Ошого карабастан канаандыктар балдарды мыкаачылык менен түлөөгө чалышып, бузуку иштерин уланта беришкен.

Жахаба адилеттүү болгондуктан, алар жашап турган жерди тазалоону чечкен. Бул геноцид эмес болчу. Канаандыктардын айрымдары, мисалы, Рахап, атүгүл бүтүндөй эл, мисалы, Гибондун тургундары — Кудайдын адеп-ахлактык бийик нормаларын өз ыктыяры менен кабыл алгандардын баары — аман калтырылган (Жашыя 6:24; 9:3—15). Кийин Рахап Мессия келе турган падышалык тукумунун уланышына катышкан, гибондуктар болсо Жахабанын ийбадатканасында кызмат кылуу сыймыгына ээ болушкан (Жашыя 9:27; Эзра 8:20; Матай 1:1, 5—16).

Демек, биз фактыларга негизделген толук, так маалымат алууга умтулсак, Жахабанын эң сонун, адилеттүү, кызганчаак, өзүнүн берилген жаратууларынын жыргалчылыгына кам көргөн Кудай экенин көрө алабыз.

[123-беттеги сүрөт]

Жараткан кулчулуктагы элди боштондукка чыгарып, ой-ниетин аткарууга колдонгон.

[129-беттеги сүрөт]

Синай тоосунун этегинде байыркы ысрайыл эли менен Жараткандын ортосунда келишим түзүлгөн.

[130-беттеги сүрөт]

Жараткандын теңдешсиз мыйзамдарын аткаруу ысрайыл элине Убадаланган жерде жашоого жардам берген.

[136-беттеги сүрөт]

Дөөттүн падышалыгынын борбору жайгашкан Иерусалимдин түштүгүндөгү бул жерге барсаңар болот.