БЫЛТЫРКЫ ОРЧУНДУУ ОКУЯЛАР
Юридикалык отчёт
Расмий каттоо
Жахабанын Күбөлөрү диний ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн расмий каттоодон сөзсүз өтүшү керек эмес. Анткен менен каттоо имараттарды сатып алууга, ижарага алууга, диний адабияттарды өлкөгө алып кирүүгө жол берет.
-
2004-жылы Орусиянын соттору Москвадагы Жахабанын Күбөлөрүнүн юридикалык жагы жоюлсун деген чечим чыгарган. Ошондон тартып катуу каршылыктар көрсөтүлө баштаган. Милиция кызматкерлери кысым көрсөтсө, айрым жарандар кызматта жүргөн бир туугандарыбызга кол салышкан. Имараттарын ижарага бергендер келишимдерди бузгандыктан, бир туугандардын жолугушууларды өткөрүүгө жай издеп калган учурлары көп болгон. 2010-жылы Адам укуктары боюнча Европа Юстиция министрлиги Москвадагы жергиликтүү диний уюмубузду каттоодон өткөрдү.. Буга баарыбыз кубанып жатабыз.
Соту (АУЕС) Орусия мамлекетин Жахабанын Күбөлөрүнүн укуктарын бузду деп таап, юридикалык жакты кайра каттоодон өткөрүүгө милдеттендирген. Акыры, 2015-жылы 27-майда Орусиянын
Салык
Көптөгөн диний жана кайрымдуулук уюмдар сыяктуу эле, биздин юридикалык жактарыбыз, негизинен, салык төлөөдөн бошотулат. Бирок кээ бир өлкөлөр бул укугубузду сыйлоодон баш тартышат.
-
Швециянын өкмөтү Бейтелди диний уюм катары эмес, жумушчуларды жалдап иштеткен коммерциялык бирикме деп чыккан. Анан Бейтел аларды жалдаган бирикме катары, ал эми ар бир бейтелдик жалданган жумушчу катары он миңдеген евро салык төлөшү керек деп талап кылган. Жахабанын Күбөлөрү Швециядагы сотторго, ошондой эле АУЕСке 6 арыз менен кайрылышты.
Бейтараптуулук жана аскер кызматынан баш тартуу
Биз Ыйык Китептеги: «Алар кылычтарынан соконун тишин... жасашат... Согушууга үйрөнүшпөйт»,— деген сөздөргө ылайык жашайбыз (Ыш. 2:4). Айрым өлкөлөрдө аскердик кызматтын ордуна жарандык кызмат жок. Ошентсе да биз бейтараптуулугубузду сактап келебиз.
-
Түштүк Корея абийирине жетектелип аскер кызматынан баш тарткандардын укугун коргобой келет. Акыркы 60 жылдын ичинде аскердик кызматтан баш тарткан 18 000ден ашуун ага-инибиз соттолгон. Өлкөдөгү дээрлик ар бир Жахабанын Күбөсүнүн тууганы же досу ушул себептен улам түрмөгө камалган. 2004, 2011-жылдары өлкөнүн Конституциялык Соту мындай чара Конституцияга каршы келбейт деп чечим чыгарган. Бирок 2015-жылы июлда бул маселени кайра карап чыгыш үчүн ачык отурум өткөрүлгөн. Дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрү
көп жылга созулган ушул маселенин чечилиши жөнүндө тиленип жатышат. -
Эритреяда да ушул эле себептен улам үч Жахабанын Күбөсү 22 жылдан бери түрмөдө отурат. Паулос Ияссу, Негеде Теклемариам жана Исаак Могос бир туугандарыбызга расмий түрдө айып да коюлган эмес, сот алдында өздөрүн жактоого мүмкүнчүлүк да берилген эмес. Алар башка 50дөн ашуун бир тууган менен бирге катаал мамилеге, түрмөнүн адам чыдагыс шарттарына карабай, кынтыксыздыгынан жазбай келишет. Биз Жахабанын ишеними үчүн туткунда жаткандардын «үшкүрүгүн угарына», аларды калтырбай турганына ишенебиз (Заб. 79:11).
-
Украинадагы Виталий Шалайко, 2014-жылы августта өлкөдө жалпы мобилизация жүргүзүлгөндө, аскерге чакырылган. Ал буга абийири жол бербей турганын, анын ордуна альтернативалык жарандык кызматты өтөөгө даяр экенин билдирген. Прокурор аны мобилизациядан баш тартып жатат деп айыптаган. Бирок 1- жана 2-баскычтагы соттор аны актап чыккан. Соттун чечиминде мамлекеттик коопсуздук үчүн Конституция кепил кылган укуктарды тебелөөгө болбой турганы, тактап айтканда, «мамлекеттик коопсуздук үчүн аскер кызматын өтөөгө абийири жол бербегендердин укуктары чектелбеши» керектиги жазылган. Прокурор бул чечимге да каршы чыккан. 2015-жылы 23-июнда Украинанын Жогорку Соту төмөнкү баскычтагы соттордун чечимдерин колдогон. Ошентип, өлкөдө абал курч болуп турганда да аскер кызматын өтөөгө абийири жол бербегендердин укуктары тебеленбеши жана альтернативалык жарандык кызмат өтөөгө шарт түзүлүшү керектиги тастыкталган.
Буга кубанган Виталий бир тууган мындай деген: «Жеремия 1:19дагы сөздөр мага күч берип турду. Мен баарына даяр болчумун. Жахабага болгон ишенимдүүлүгүмдү сактаганым баарынан маанилүү болчу. Анын мени калтырбай турганына, ишенимдүүлүгүмдү сактаганга күч берерине шектенген эмесмин. Бирок баары мен күткөндөн да сонун болуп чечилди. Үч соттон тең акталып чыктым. Бир туугандарым мени колдоп, жанымда болушту».
Бейтараптуулук жана патриоттук каадалар
Патриоттук каадалар — Жахабанын Күбөлөрү үчүн дагы бир кыйынчылык. Жаш бир туугандарыбызды мугалимдери гимнди ырдоого же желекке таазим кылууга мажбурлаганда, алардын кынтыксыздыгы сыналат.
-
Руанданын Каронги аймагында Жахабанын Күбөсү болгон бир нече окуучуга гимнди ырдабаганы үчүн айып коюлган. Мугалимдер муну гимнди сыйлабагандыкка жатат деп ырасташкан. Ал балдар мектептен чыгарылып, ал тургай камакка алынышкан. 2014-жылы 28-ноябрда Каронгинин Баскычтар аралык соту балдарды актап, гимнди ырдоодон баш тартуу аны сыйлабагандыкка жатпайт деген чечим чыгарган. Камерундагы, Конго Демократия Республикасындагы, Экватордук Гвинеядагы жана Малавидеги жаштарыбыз да ушу сыяктуу кыйынчылыктарга туш болуп, айрымдары мектептен чыгарылышкан. Ал жактагы бир туугандарыбыз бийликтегилерге, мугалимдерге Жахабанын Күбөлөрүнүн бейтараптуулугу жөнүндө маалымат берип келишет.
-
2013-жылы декабрда Гондурастагы Лепаэра шаарындагы мектеп ушул эле себептен улам эки Жахабанын Күбөсүнө мектепти бүтүргөнүн тастыктаган күбөлүктү бербей койгон. Жахабанын Күбөсү болгон эки жактоочу Билим берүү министрлигинин өкүлүнө башка өлкөлөрдөгү Жахабанын Күбөсү болгон окуучулардын укугун коргогон сот чечимдерин беришкен. Ал киши Билим берүү департаментинин юридикалык бөлүмүнүн жетекчисине кат жүзүндө кайрылууну сунуш кылган. Ал иш боюнча 2014-жылы 29-июлда мындай чечим чыгарылган: «Коомдогу ар бир киши эч бир себеп менен кодулоого алынбастан, билим алууга укуктуу». Анан мектеп күбөлүктү тапшырууга милдеттендирилген.
Мамлекет тарабынан кодулоо
Жахабанын Күбөлөрү Иса пайгамбардын жакшы кабарды таратууга, сыйынуу үчүн чогулуп турууга, Кудайдын Сөзүн дайым изилдөөгө байланышкан буйруктарына баш ийишет. Биз балдарыбызга Жахабанын насааттарын Элч. 15:20; Мыйз. 6:5—7). Айрым бийлик өкүлдөрү эмне себептен ошентерибизди түшүнбөгөндүктөн бизге каршы чыгышат.
кайра-кайра айтуу милдетибизге олуттуу карайбыз. «Канды колдонуудан качкыла» деген буйрукту да аткарабыз (-
АКШнын Флорида штатындагы 1-баскычтагы сот үч баласына диний тарбия берүүгө Жахабанын Күбөсү болбогон энеси гана укуктуу деп чечим чыгарган. Ал эми Жахабанын Күбөсү болгон атасына католик чиркөөсүнө каршы келген диний окууларды окутуп-үйрөтүүгө тыюу салынган. Атасы 2-баскычтагы сотко кайрылган. 2014-жылы 18-августта 1-баскычтагы сот койгон чектөөлөр алынып салынган. 2-баскычтагы сот башка соттордун чечимине таянып, мындай деп жазган: «Диний тарбиянын балага зыян тийгизерине кандайдыр бир айкын далилдер болбосо, балдары менен чогуу жашабаган атага же энеге диний тарбия берүү жагынан чектөө койгон туура эмес».
Бул чечим ал балдарга Жахабанын акыл-насааттарынан пайда алууга мүмкүндүк берди. Учурда алар жыйналышка барып, рухий жактан ийгиликтерди кылып жатышат. Алардын атасы: «Мен оттон өткөндөй эле болдум. Ишенимим сыналды, бирок Жахаба мага бекем турууга жардам берди. Жахабага кызмат кылгандардын баары куугунтукталышы керек деп айтылган»,— деген.
-
Намибиядагы үч баланын энеси Евгения Сементенин кынтыксыздыгы сыналган. Үчүнчү баласын төрөп жатканда, төрөтү кыйынчылыктар менен коштолгондуктан, айрым доктурлар, Жахабанын Күбөсү болбогон туугандары Евгениянын эркине каршы кан куюуга уруксат берген сот чечимин алышкан. Евгения болсо дарылоо ыкмасын тандоо укугун жактоо үчүн сотко кайрылган. 2015-жылы 24-июнда Жогорку Сот Евгенияны жактап: «Дарылоонун кайсы бир ыкмасына макул болуу же андан баш тартуу — адамдын, ал ата-эне болобу же жокпу, негизги укуктарынын бири»,— деп чечим чыгарган. Евгения бир тууган: «Жахабанын колдоп жатканын өзгөчө сездик. Ушундай уюмдун мүчөсү болуу кандай сонун! Жахаба өз элин эч качан калтырбайт»,— деген.
-
Швейцариядагы бир туугандарыбыз чоң шаарлардын көчөлөрүндө ээн-эркин кабар айтышчу. Бирок Женевадагы бийлик өкүлдөрү «коомдук жерлерде адабият текчелерин коюп, диний мазмундагы маалыматты ачык же кыйыр түрдө таркатууга» тыюу салган токтом кабыл алышкан. Жахабанын Күбөлөрү бул токтомдун «адамдын дин тутуу жана көз карашын эркин билдирүү укугун бузарын» айтып, сотко кайрылышкан. Сот бизди жактаган. Эми алар адабият текчелерин коюуга ылайыктуу жерди жана убакытты аныктоо үчүн жергиликтүү бийлик менен кызматташып жатышат.
-
Азербайжандагы бийлик өкүлдөрү биздин ишти чектеш үчүн жасаган аракетин күчөтүүдө. Улуттук коопсуздук министрлиги Жахабанын Күбөлөрүн улам-улам чакырып, суракка алып жатат. Өлкөгө алып кирүүгө уруксат берилбеген диний адабияттарды табуу максатында бир туугандарыбыздын үйлөрүн да тинтип жатышат. 2015-жылы февралда эки Жахабанын Күбөсү, Ирина Закарченко менен Валида Жабрайилова, кошуналарына Ыйык Китепте жазылгандарды айтып берип жаткан жеринен камакка алынган. Муну укканда эл аралык коомчулуктун төбө чачы тик турган. Буга биз кайгырбай койбойбуз. Ошентсе да Азербайжандагы жарчылардын «жакшы кабарды» эр жүрөктүк менен ынталуу жарыялап жатканына кубанып жатабыз (Мт. 24:14).
-
Орусия өкмөтү негизсиз эле Жахабанын Күбөлөрүнө тоскоолдук кылып келет. Ушул тапта 80 адабиятыбыз «экстремисттик» деп табылды. Тизмеге кирген адабияттарга, алардын ичинде «Ыйык китептик аңгемелер» сыяктуу китептерге ээ болуу же таратуу мыйзамсыз иш-аракет болуп эсептелет. 2014-жылы декабрда Жогорку Сот jw.org сайтын да «экстремисттик» деп жарыялады. Ошондуктан Орусиядагы Интернет провайдерлер jw.org сайтына тосмо коюп коюшту. Бул сайтты колдонууга шарт түзүү да мыйзамсыз деп эсептелет. 2015-жылдын мартынан тартып бажы кызматы бир да адабиятыбызды, атүгүл Ыйык Китепти жана буга чейин Орусия соттору тарабынын изилденип, экстремисттик эмес деп табылган адабияттарыбызды да өлкөгө киргизбей жатат.
Таганрогдогу сот иши уланып жатат. 16 жарчы диний жолугушууларды уюштуруп, аларга катышканы үчүн бийлик тарабынан «кылмышкерлер» деп айыпталууда. Ал эми Самарадагы бийликтегилер экстремисттик деген айып коюп, юридикалык жакты жоюуга уруксат берген сот чечимин алышкан. Ушундай каршылыктарга карабай, бир туугандарыбыз «Кудайга тиешелүүнү» өкмөт башчыларына эмес, Кудайга берүүгө чечкиндүү (Мт. 22:21)