ЫЙЫК КИТЕП АДАМДЫ ӨЗГӨРТӨ АЛАТ
Бардык суроолорума Ыйык Китептен жооп алдым
-
ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1987
-
ӨЛКӨСҮ: АЗЕРБАЙЖАН
-
АТА-ЭНЕСИ: АТАСЫ — МУСУЛМАН, АПАСЫ — ИУДАИСТ
МУРУН.
Мен Баку шаарында туулгам. Биз эки бир тууганбыз, мен кичүүсүмүн. Атам мусулман, апам болсо иудаист болчу. Ата-энем бири-бирин жакшы көргөндүктөн, бири-биринин диний көз карашын сыйлачу. Атам рамазан айында орозо кармачу, апам болсо Пасха майрамын белгилечү. Үйдө Куран да, Тоорат да, Ыйык Китеп да бар болчу.
Мен өзүмдү мусулман деп эсептечүмүн жана Кудайдын бар экенине шектенчү эмесмин. Бирок айрым нерселерди түшүнө албай кыйналчумун. Мисалы: «Кудай адамдарды эмне үчүн жараткан? Ага аларды өмүр бою азап тарттырып, анан тозокто түбөлүк кыйноонун эмне кереги бар?» — деп ойлончумун. Көптөр «бардыгы Кудайдын буйругу менен болот» дешкендиктен: «Кудай адамдарды тактекедей кылып ойнотуп коюп, алардын кыйналганын көргөндөн рахат алабы?» — деп бушайман болчумун.
Он эки жашымда беш маал намаз окуй баштадым. Ошол кезде эжем экөөбүздү атам жүйүттөрдүн мектебине берип койгон. Ал жактан, башка сабактардан тышкары, Тоораттагы каада-салттарды жана еврей тилин үйрөтүшчү. Бизден күнүгө эртең менен сабакка чейин Кудайга иудаизмдин эрежелери боюнча сыйынуу талап кылынчу. Ошон үчүн үйдөн намаз окуп, ал эми сабакка барганда иудаизм эрежелери боюнча сыйынчумун.
Суроолорума жооп ала албай чаңкап жүргөндүктөн мугалимдердин жанын койбой: «Кудай адамдарды эмне үчүн жараткан? Кудайдын алдында атам кандай киши? Эмне үчүн ал жакшы киши болсо деле, таза эмес деп эсептелет? Анда Кудай атамды эмне үчүн жаратты?» — деп кайра-кайра сурай берчүмүн. Алар ар кандай жооп беришчү. Бирок алардын айтканы түшүнүксүз, жүйөсүз болгондуктан мени канааттандырчу эмес.
ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ.
2002-жылы бир окуядан улам Кудайга болгон ишенимимдин ташка тийген айнектей болуп бырын-чырыны чыкты. Биз ошондо Германияга жаңы көчүп барган элек. Бир жумадан кийин эле атам
инсульт болуп, комага түшүп калды. Мен бир нече жыл бою Кудайдан үй-бүлөмдүн аманчылыгын тилеп жүрдүм. Адамдын өмүрү да, өлүмү да кудуреттүү Кудайдын колунда экенине ишенгендиктен андан атамды айыктырышын сурап, күндө жалбарчумун. «Кымындай кыздын тилегин орундатуу Кудай үчүн оор деле эмес да»,— деп ойлогондуктан үнүмдү угарына күмөн санаган эмесмин. Бирок атам каза болуп калды.Башыбызга түшкөн каргашага Кудай кайдыгер карагандай сезилгендиктен, ошондо асманым жерге түшкөндөй эле болду. Мен: «Кудайга туура эмес сыйынып жатамбы? Же Кудай жок деген чынбы?» — деп шектене баштадым. Ошондон кийин намаз окуганга көңүлүм келбей калды, башка диндерди болсо туура эмес деп эсептечүмүн. Ошондуктан акыры Кудай жок деген жыйынтыкка келдим.
Атамдын көзү өткөнүнө алты ай болгондо үйгө Жахабанын Күбөлөрү келип калды. Эжем экөөбүз христиан дининдегилер Кудайга туура эмес сыйынышат деп ойлогондуктан, аларга адашып жүргөнүн сылык түшүндүргүбүз келди. Биз алардан: «Эмне үчүн Он осуяттын бири буркандарга сыйынууга тыюу салса да, христиандар Иса Машаякка, крестке жана Мариямга сыйынышат?» — деп сурадык. Алар Ыйык Китепти ачып, чыныгы христиандар бурканга сыйынбашы керектигин жана алар Кудайдан гана тилениши керектигин көрсөтүп беришкенде, аябай таң калдым.
Анан биз: «Троицагачы? Троицага ишенесиңерби? Эгер Иса Кудай болсо, ал кантип жерде жашап, адамдардын колунан өлмөк эле?» — деп да сурадык. Алар кайра эле Ыйык Китепти ачып, Исанын Кудай эмес экенин, Кудайга тең да эмес экенин окуп беришти. Ошондуктан Троицага ишенбей турганын айтышты. Мен аң-таң болуп: «Булар бир кызыктай христиандар экен»,— деп ойлоп койдум.
Мен адамдар эмне үчүн өлөрүн жана Кудай эмнеге азап-кайгыга жол берерин да билгим келчү. Жахабанын Күбөлөрү мага «Түбөлүк өмүргө алпаруучу билим» * деген китепти көрсөтүштү. Ал китепте суроолорума жооп берген бөлүмдөр бар экен. Ошентип, Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштадым.
Изилдеген сайын суроолорума Ыйык Китепке негизделген жүйөлүү жооп алып жаттым. Мисалы, Кудайдын ысмы Жахаба экенин, анын негизги сапаты сүйүү экенин (Забур 83:18; 1 Жакан 4:8), ал бизге өмүр тартуулаганын, ошондой эле азырынча адилетсиздикке жол берип жатса да, аны жек көрөрүн жана жакында түбөлүккө жок кыларын билдим. Андан сырткары, Адам ата менен Обо эненин Кудайга каршы чыкканы азыркыга чейин адамзатка залакасын тийгизип келатканын (Римдиктер 5:12) жана ал залакалардын бири, мага окшоп, жакынынан айрылуу экенин түшүндүм. Ошондой эле, бактыга жараша, Кудай жаңы дүйнөдө адамзатты ушу сыяктуу азап-кайгыдан арылтып, өлгөндөрдү тирилтерин да билдим (Элчилер 24:15).
Ыйык Китептен билгендерим купулума толгондуктан, кайрадан Кудайга ишене баштадым. Жахабанын Күбөлөрүн жакшыраак билген сайын, алар дүйнөнүн чар тарабында жашаса да бир эл экенин түшүндүм. Мени алардын бири-бирин жакшы көргөнү, ынтымагы аябай таасирлентти (Жакан 13:34, 35). Жахаба Кудай жөнүндө көбүрөөк билген сайын, ага кызмат кылгым келе баштады. Андыктан ал элге кошулууну чечип, 2005-жылы 8-январда Жахабанын Күбөсү болдум.
ПАЙДАСЫ.
Ыйык Китепте айтылгандар жашоого болгон көз карашымды түп-тамыры менен өзгөрттү. Мени бушайман кылган суроолорго жүйөлүү жоопторду алгандыктан жан дүйнөм тынчтанды. Ошондой эле мени атамды кайрадан көрөм деген үмүт сооротуп, кубандырат (Жакан 5:28, 29).
Турмушка чыкканыма алты жыл болду. Жолдошум Жонатан — Кудайдан корккон киши. Экөөбүз бактылуу жашап жатабыз. Экөөбүздүн тең Ыйык Китепте Кудай жөнүндө айтылгандар жөнөкөй, түшүнүктүү экенине, ошол эле учурда баа жеткис кенч экенине көзүбүз жетти. Ошондуктан бул нерселерди башкаларга айтып, үмүтүбүз менен бөлүшкөндү жакшы көрөбүз. Азыр мен Жахабанын Күбөлөрүн «бир кызыктай христиандар» деп эмес, Кудайдын чыныгы кызматчылары деп эсептейм.
^ абз. 15 Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган, учурда басылбайт.