МУКАБАДАГЫ ТЕМА
Кудайдан тиленишибиз керекпи?
Иса пайгамбар: «Кудай... эмнеге муктаж экениңерди сурай элегиңерде эле билет»,— деп айткан (Матай 6:8). Дөөтү пайгамбар да: «Оозуман сөзүм чыга электе эле, оо, Жахаба, сен баарын билесиң»,— деп жазган (Забур 139:4). Анда силер: «Кудай адамдын оюндагысын, эмнеге муктаж экенин билип турса, анда эмне үчүн баарын ага айтып, тиленишибиз керек?» — дешиңер мүмкүн. Муну билиш үчүн, келгиле, Ыйык Китепте тиленүү жөнүндө эмне деп жазылганын карап чыгалы *.
«Кудайга жакындагыла, ошондо ал силерге жакындайт»
ТИЛЕНҮҮ КУДАЙГА ЖАКЫНДАТАТ
Ыйык Китепте Жахаба * Кудайдын бардык нерсени билери айтылат. Андан ошондой эле Кудайдын ага сыйынгандар жөнүндө жөн гана маалымат топтогонго кызыкдар эмес экенин билүүгө болот (Забур 139:6; Римдиктер 11:33). Анын чексиз эс тутуму компьютердин маалымат сакталчу базасындай эмес. Жахаба Кудай, чынында эле, ички дүйнөбүздөгү терең катылган ойлорубузга абдан кызыкдар, ал ага жакын болушубузду абдан каалайт (Забур 139:23, 24; Жакып 4:8). Ичибиздегини төгүп айткан сайын, жараткан Кудайыбызга жакындай беребиз. Мына ошо себептен Иса Машаяк жолдоочуларын, Кудай алардын эмнеге муктаж экенин билип турса да, ага кайрылууга үндөгөн (Матай 6:6—8).
Кээде Кудайдан тиленгенде эмне деп айтышты билбей калышыбыз мүмкүн. Бирок Кудай сөз менен жеткире алгыс сезимдерибизди түшүнөт жана жагдайыбызды эң сонун билгендиктен жардам бере алат (Римдиктер 8:26, 27; Эфестиктер 3:20). Кудайдын бизге көңүл буруп, жардам берип жатканын, кээде анча байкалбаган жол менен да жардам берип жатканын, түшүнгөнүбүздө ага жакындагыбыз келе баштайт.
КУДАЙ ТИЛЕНГЕНДЕРДИН БААРЫН УГАБЫ?
Ыйык Китепте Кудуреттүү Кудайдын ишенимдүү кызматчыларынын тилегин кабыл кылары, ошондой эле айрымдардын үнүн эмне себептен укпай турганы жазылат. Мисалы, байыркы Ысрайыл элинде зордук-зомбулук күч алганда, Кудай Ышая пайгамбар аркылуу: «Көп тиленсеңер да, укпайм. Колуңар кан төккөн»,— деп айттырган (Ышая 1:15). Ооба, Кудай анын мыйзамдарын аткарбагандардын же жаман ниет менен тиленгендердин үнүн укпайт (Накыл сөздөр 28:9; Жакып 4:3).
Ошол эле учурда Ыйык Китепте: «Кудайдын эркине ылайык эмне сурабайлы, анын бизди угарына шектенбейбиз»,— деп айтылат (1 Жакан 5:14). Бул Кудай кызматчыларынын өтүнүчүн дароо эле аткарат дегенди билдиреби? Келгиле, денесиндеги «тикенди» алып салышын Кудайдан үч жолу сурап жалынган элчи Пабылдын мисалына токтололу (2 Корунттуктар 12:7, 8). Сыягы, ал көздүн өнөкөт оорусунан аябай кыйналса керек. Ал оорулууларды айыктырган, атүгүл өлгөн кишини да тирилткен. Анткен менен ага өзүнүн дартынан арылбай өмүр бою чыдап жүрүүгө туура келген (Элчилер 19:11, 12; 20:9, 10). Кудай элчи Пабылды айыктырып койбосо да, ага күч берген. Ал Кудайдын ошентип жардам бергенине абдан ыраазы болгон (2 Корунттуктар 12:9, 10).
«Биз Кудайдын эркине ылайык эмне сурабайлы, анын бизди угарына шектенбейбиз» (1 Жакан 5:14)
Бирок Кудайдын айрымдардын тилегин орундатыш үчүн керемет жасаган учурлары да болгон (2 Падышалар 20:1—7). Анткен менен андай учурлар ал тургай байыркы кезде да чанда эле болгон. Кудайга үнү жетпей жаткандай сезилгендиктен айрымдар бушайман болушкан. Мисалы, Дөөтү пайгамбар: «Оо, Жахаба, мени качанга чейин эстебейсиң? Түбөлүккөбү?» — деп сыздаган (Забур 13:1). Бирок Кудайдын ага көп жолу жардам бергени жөнүндө ой жүгүрткөндө ал аны эч качан таштабаганын түшүнүп, ишеними кайрадан бекемделген. Ошондуктан ал ошол эле тиленүүсүндө: «Мен болсо сенин мээримдүүлүгүңө таянам»,— деп айткан (Забур 13:5). Бүгүнкү күндө да Кудайдын көптөгөн кызматчыларына, Дөөтү пайгамбардай болуп, Кудай алардын үнүн укканын түшүнгөнгө чейин жалынып тилене бергенге туура келиши мүмкүн (Римдиктер 12:12).
КУДАЙ АГА ЖАЛЫНГАНДАРГА КАНТИП ЖООП БЕРЕТ?
Кудай биз чындап муктаж болгон нерселерди берет.
Ата-энелер дайыма эле баласынын сураганын бере бербейт, берсе да ал каалаган учурда бербеши мүмкүн. Анын сыңарындай эле, Кудай да бизге сураганыбызды бербеши мүмкүн, берсе да биз күткөн убакта эмес, башка учурда бериши ыктымал. Бирок Кудайдын, камкор атадай болуп, биз чындап муктаж болгон нерселерди өз убагында жана эң туура жол менен береринен шектенбесек болот (Лука 11:11—13).
Кудайдын жалынычыбызды укканын байкабай калышыбыз мүмкүн.
Эгер Кудайдан кайсы бир көйгөйдөн арылтышын сурап тиленсек, бирок ал көйгөй чечилбей жатса, Кудай үнүбүздү уккан жок деп жыйынтык чыгарганыбыз туура болобу? Анткендин ордуна: «Кудай мага башкача жол менен жардам берип жаткан жокпу?» — деп ойлонуп көргөнүбүз дурус. Мисалы, зарыл болуп турган учурда жакын досубуз бизге жардамга келиши мүмкүн (Накыл сөздөр 17:17). Балким, ага ошентүүгө Жахаба Кудай түрткү бергендир? Андан сырткары, Кудай бизге Ыйык Китеп аркылуу да жардам берет. Анткени аны окуп жатканда көйгөйүбүздү чечүүгө көмөк боло турган кеңеш табышыбыз ыктымал (2 Тиметей 3:16, 17).
Кудай көп учурда көйгөйүбүздөн арылтпайт, бирок аны жеңгенге күч берет (2 Корунттуктар 4:7). Алсак, Иса Машаяк Кудайдын аты булганып калышынан коркуп, алдыдагы сыноодон арылтышын сурап тиленгенде, Жахаба Кудай периштесин жиберип, аны кайраттандырган (Лука 22:42, 43). Ошол сыяктуу эле, муктаж болуп турганда, Кудай бизди жылуу сөз айтып жубаткан жакын досубуз аркылуу кайраттандырышы ыктымал (Накыл сөздөр 12:25). Кудайдын тилегибизди угуп, бизге ушу сыяктуу жол менен жардам берип жатканын байкабай калышыбыз мүмкүн болгондуктан, баамчыл болушубуз керек.
Кээде күтүш керек болот.
Ыйык Китепте Кудуреттүү Кудайдын момундарга «өз убагында» жардам берери айтылат (1 Петир 5:6). Андыктан өтүнүчүбүз көптөн бери орундалбай жатса, Кудай үнүбүздү укпайт деп ойлобошубуз керек. Анын ордуна, ал өтүнүчүбүздү качан орундатуу туура болорун эң жакшы билерин эсибизден чыгарбашыбыз кажет.
«Кудайдын кубаттуу колунун астында момун болгула, ошондо ал силерди өз убагында жогору көтөрөт» (1 Петир 5:6)
Маселен, кичинекей балаңар силерден велосипед алып беришиңерди суранды дейли. Ага дароо эле алып бересиңерби? Эгер али эрте деп ойлосоңор, алып бербей турууну чечишиңер мүмкүн. Бирок кийин балаңар чоңойгондо, өтүнүчүн орундатышыңар ыктымал. Анын сыңарындай эле, тилене берсек, Кудай жүрөгүбүздөгү өзү орундуу деп эсептеген ой-тилектерди убагы келгенде орундатышы этимал (Забур 37:4).
КУДАЙ ҮНҮБҮЗДҮ УГАТ
Ыйык Китепте Иса Машаяктын жолдоочулары тиленүүнүн маанилүү экенин эстен чыгарбашы керектиги айтылат. Силер: «Муну айтып коюу оңой, иш жүзүндө кылуу кыйын»,— дешиңер мүмкүн. Ырас, жүрөгүңөрдү өйүп келаткан көйгөй чечилбей жатса же адилетсиздикке кабылып жатсаңар, Кудай өтүнүчүңөрдү орундата турган убакты күтүү кыйын болушу ыктымал. Бирок Иса пайгамбар тиленүүнү токтотпоо керектигин айткан.
Ал адилетсиз сотко кайрылып, талашты адилеттик менен чечип беришин суранган жарды жесир аял жөнүндө мисал келтирген (Лука 18:1—3). Сот башында аялдын өтүнүчүн орундаткысы келген эмес, бирок акыры: «Ишин адилеттик менен чечип берейин. Болбосо жанымды койбой келе берет»,— деген (Лука 18:4, 5). Ыйык Китептин түп нускасында сот жесирдин арыз-муңун ал аны «көзгө урбаш үчүн», башкача айтканда, «аброюн түшүрбөш үчүн» укканы жазылат *. Эгер адилетсиз сот кадыр-баркын ойлоп, жесир аялга жардам берген болсо, анда адилеттүү Кудай ага «күнү-түнү жалынгандардын» үнүн кантип эле укпай койсун! Чынында, Иса Машаяк айткандай, Кудай «адилеттикти орнотууга шашат» (Лука 18:6—8).
«Cураганыңарды токтотпогула, ошондо силерге берилет» (Лука 11:9)
Кудайдан бир нерсени суранып жатып кээде ындыныбыз өчүшү мүмкүн, бирок ошондо да багынбашыбыз зарыл. Эгер багынбай тилене берсек, Кудайдын жашообузга дайыма багыт берип турушун чын ниеттен каалаарыбызды далилдейбиз. Ошондой эле Кудайдын өтүнүчүбүздү кантип орундатып жатканын аңдай билгенге үйрөнөбүз, анын аркасында Кудайга жакындайбыз. Ооба, Жахаба Кудайдан үмүт үзбөй тилене берсек, анын жакшы ой-тилектерибизди сөзсүз орундатарынан шектенбесек болот (Лука 11:9).
^ абз. 3 Кудай тилегибизди кабыл кылышын кааласак, анын талаптарын чын ниеттен аткарганга аракет кылышыбыз керек. Ошентсек, тилектин күчү зор экенине ынанабыз. Көбүрөөк маалымат алыш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» деген китептин 17-бөлүмүн карагыла же www.isa4310.com/ky cайтына киргиле.
^ абз. 5 Ыйык Китепте Кудайдын ысымы Жахаба экени айтылат.
^ абз. 22 Байыркы убакта Кудай Ысрайылдагы соттордон жетим-жесирлердин өтүнүчүнө өзгөчө көңүл бурууну талап кылган (Мыйзам 1:16, 17; 24:17; Забур 68:5).