Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Батага бай жакырлар

Батага бай жакырлар

 ӨМҮР БАЯН

Батага бай жакырлар

Айтып берген: Александр Урсу

Мен 1939-жылы, декабрь айында азыркы Молдавиянын түндүгүндө жайгашкан Котюжаны деген айылда төрөлгөм. Чоң атам менен атам ошол айылдагы бүтө элек үйдө турушчу экен. Алар 1930-жылдардын башына чейин эле Жахабанын Күбөсү болушуптур. Чоң атамдын Ыйык Китепти айылдын дин кызматчысына караганда жакшы билерин көргөндө апам да Жахабанын Күбөсү болууну чечиптир.

Үч жашымда чоң атамды, атамды, атамдын инисин согушка катышпаганы үчүн эмгек лагерине алып кетишиптир. Ал жактан Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин, 1947-жылы, атам эле кайтып келди. Анын бели сынгандыктан, акыбалы аябай оор болчу. Ошого карабай Кудайга болгон берилгендигинен жазган жок.

ЖАШООБУЗ ТҮП-ТАМЫРЫ МЕНЕН ӨЗГӨРДҮ

9 жашымда жүздөгөн молдавандар менен бирге биздин үй-бүлө да Сибирге сүргүнгө айдалды. 1949-жылы, 6-июлда бизди мал жүктөгөн вагондорго жүктөштү. 6 400 километрден ашык жолду басып өтүп, 12 күн дегенде Лебяжье темир жол бекетине токтодук. Ал жерде жергиликтүү бийликтен келген кишилер күтүп турушуптур. Баарыбызды чакан топторго бөлүп, дароо ар кайсы жактарга алып кетишти. Биздин топ бош турган кичинекей мектепке баш калкалай турган болду. Баарыбыз тең жүдөп, чарчап, суук сезим көөдөнүбүзгө уюлгуп, санаа тартып турган элек. Бир маалда бир апа Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Жахабанын Күбөлөрү чыгарган бир ырды кыңылдап ырдай баштады. Анан баарыбыз кошулуп ырдап кирдик. Ал мындай ыр эле:

«Алыс жакка сүргүнгө көп бир тууган айдалды,

Түндүк, чыгыш тарапка эрксиздиктен бет алды.

Кудай ишин аткарып, кечирди баштан азапты,

Өлүмгө тете сыноого Кудай үчүн чыдашты».

Кийинчерээк үйүбүздөн 13 километрдей алыс жерде өткөрүлгөн жыйналыш жолугушууларына ар бир жекшемби сайын бара баштадык. Таң азандан туруп, 40 градус суук болгон кыштын кыраан чилдесинде белден келген карды кечип жөнөчүбүз. 50 же андан көп киши тар бөлмөдө тыгылып отурар элек. Жыйналыштын башында бир же эки-үч ырды ырдачубуз. Анан бир бир тууган Кудайдан тиленгенден кийин, Ыйык Китепте жазылгандарды чогуу талкуулачубуз. Бул бир саатка же андан көп убакытка созула турган. Биз көп ыр ырдап, Ыйык Китепте жазылгандарга байланыштуу көптөгөн суроолорду талкуулаар элек. Ошол жолугушууларда Кудайга болгон ишенимибиз ого бетер бекемделчү.

БАШКА ДА КЫЙЫНЧЫЛЫКТАРГА КАБЫЛДЫК

Сүргүндө жүргөн Жахабанын Күбөлөрүнө 1960-жылга чейин көбүрөөк эркиндик берилип калган эле. Биз жакыр жашасак да, мен Молдавияга бардым. Ал жактан Нина деген кыз менен таанышып калдым. Анын ата-энеси да, таята-таенеси да Жахабанын Күбөсү экен. Кийинчерээк Нина экөөбүз баш кошуп, Сибирге көчүп кеттик. Ал жактан 1964-жылы Дина деген кыздуу болдук, 1966-жылы болсо уулдуу болуп, атын Виктор койдук. Ошондон эки жыл өткөндөн кийин, Украинага көчүп барып, Крым жарым аралындагы Жанкойдо,  Ялтадан 160 километр аралыкта жайгашкан шаарда, бир кичинекей үйдө туруп калдык.

Крымда, дегеле Советтер Союзунун бардык жерлеринде Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тыюу салынган болчу. Бирок катуу чектөөлөр коюлуп, куугунтукталган эмес элек. Ошондуктан Жахабанын Күбөлөрүнүн айрымдары мурункудай ынталуу болбой калышкан. Алар: «Сибирде жүргөндө аябай эле азап чектик, эми болсо бир аз оокат жыйнап, жакшыраак жашаганыбыздын жаман деле жери жок»,— деген ойдо болушчу.

ЖҮРӨК ТОЛКУТКАН ОКУЯЛАРГА КҮБӨ БОЛДУК

1991-жылдын 27-мартында Советтер Союзунда ишибизге расмий түрдө уруксат берилди. Ошондо дароо өлкөнүн бардык жерлеринде эки күндүк атайын жети жыйын өткөрүү пландаштырылды. Биз августтун 24үндө баштала турган Одессадагы (Украина) жыйынга бармай болдук. Жыйын өткөрүлө турган стадиондо көп иштер кылынышы керек болгондуктан, даярдык көргөнгө жардам бериш үчүн бир ай эрте чыктым.

Кечке чейин иштеп, ошол стадионго түнөп калган учурларыбыз болду. Эже-карындаштарыбыз стадиондун айланасындагы сейил бакты тазалап чыгышты. Ал жактан 70 тоннага жакын таштанды чыгарылды. Жайгаштыруу бөлүмүндө кызмат кылган бир туугандардын жыйынга келе турган 15 000 кишиге турак жай издеп кыдырбаган жери калган жок. Анан эле баарыбызды нес кылган бир кабар уктук!

19-августта, жыйынга беш күн калганда, жыйын өткөргөнгө кайра уруксат бербей коюшуптур. Ошол күнү СССРдин президенти Михаил Горбачёв Ялтага жакын жерде эс алып жүргөн маалында үй камагына алынган экен. Жыйынга келе тургандар: «Автобуска, поездге алган белеттерибизди эмне кылалы?» — деп телефон чала башташты. Жыйынды уюштурууга жооптуу бир туугандар көп жолу Кудайдан жалынып тиленгенден кийин: «Эмнеси болсо да, келе бергиле!» — дешти.

Биз даярдык да көрүп, тиленгенибизди да токтоткон жокпуз. Түнөк жайга жеткирүүгө жооптуу бир туугандар жыйынга Советтер Союзунун ар кайсы өлкөлөрүнөн келгендерди тосуп алып, түнөй турчу үйлөргө жеткизүү менен алек болушту. Жыйындын комитети күндө эртең менен шаардык бийлик менен сүйлөшкөнү барып, кечинде уруксат бербей койгонун айтып келип жатышты.

КУДАЙ ҮНҮБҮЗДҮ УКТУ

22-августта, бейшемби күнү — жыйынга бир күн калганда — жыйындын комитети кубанычтуу кабар менен кайтып келди: бийликтегилер жыйындын өткөрүлүшүнө уруксат беришиптир! Жыйында алгы ырды ырдап жатканда жана тиленүү учурунда баарыбыз терибизге батпай сүйүнүп жаттык. Ишемби күнү жыйын бүткөндөн кийин, бири-бирибиз менен сүйлөшүп, таанышып, кеткибиз келбей жүрдүк. Жан чыдагыс оор кыйынчылыктарга туш болсо да берилгендигинен жазбай кызмат кыла берген бир туугандарга да жолуктук.

Ошол жыйындан бери, 22 жылдын ичинде, Украинадагы Жахабанын Күбөлөрү албан-албан ийгиликтерге жетишти. Көптөгөн Падышалык залдары курулуп, жарчылардын саны өстү. 1991-жылы 25 000 жарчы болсо, учурда 150 000ден ашты.

АЗЫР ДЕЛЕ «БАЙБЫЗ»

Учурда 40 000ге жакын киши жашаган Жанкой шаарындагы баягы эле үйүбүздө турабыз. Сибирден 1968-жылы келгенибизде, Жанкойдо Жахабанын Күбөлөрү аябай аз эле, бүгүнкү күндө болсо 6 жыйналыш бар.

Менин үй-бүлөм да чоңойду. Азыр биз, балдарыбыз, неберелерибиз, чөбүрөлөрүбүз болуп Жахабага кызмат кылып жатабыз.

[8-беттеги сүрөт]

Жанкой темир жол бекетинде, болжол менен 1974-жыл

[9-беттеги сүрөт]

Балдарыбыз, небере-чөбүрөлөрүбүз менен

[9-беттеги сүрөт]

Одессадагы жыйын, 1991-жыл