Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Билесиңерби?

Билесиңерби?

Иса пайгамбардын жолдоочулары Иерусалим б.з. 70-жылы талкаланганга чейин Жүйүт аймагынан чыгып кетишти беле?

«Иерусалимди аскер кошуундары курчап алганын көргөнүңөрдө анын кыйрай турган убагы жакын калганын билгиле. Ошондо Жүйүт жериндегилер тоого качсын. Иерусалимдин ичиндегилер шаардан чыгып кетишсин» (Лука 21:20, 21). Иса пайгамбар шакирттерине Иерусалим талкаланарда эмне кылышы керектигин эскертип, ушул сөздөрдү айткан. Алар анын эскертүүсүнө кулак какты беле?

Иса пайгамбардын өлгөнүнөн ондогон жылдар өткөндөн кийин, Цестий Галл жүйүттөрдүн козголоңун басыш үчүн Рим аскерин Палестинага баштап барган. Муну ошол учурда жашаган жүйүт тарыхчысы Иосиф Флавий ырастаган. Рим аскери Иерусалимди курчап алып, мына-мына басып алабыз деп турган. Бирок Цестий Галл күтүүсүздөн артка чегинген. Тарыхчы Евсевий жүйүттөрдүн ошол мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Декаполистеги тоолуу аймакта жайгашкан Пела деген шаарга качып кетишкенин айткан.

Ошондон бир нече жыл өткөндөн кийин, б.з. 70-жылы, Рим аскерин жетектеген Тит Иерусалимге кайтып келип, аны курчоого алган. Бул жолкусунда Рим аскери шаарды басып кирип, таш-талканын чыгарган. Ошондо жүз миңдеген жүйүттөр набыт болгон.

«Пайгамбар уулдары» деген кимдер болгон?

Ыйык Китепте Шемуел, Илияс, Элиша пайгамбарлар жөнүндөгү билдирүүлөрдө «пайгамбар уулдары» тууралуу айтылат. Мисалы, Элиша пайгамбар Жейуну ысрайыл элине падыша кылып майлаш үчүн «пайгамбар уулдарынын бирин» жиберген (2 Падышалар 9:1—4).

Окумуштуулар «пайгамбар уулдары» чынында пайгамбарлардын өз уулдары эмес, кимдир бирөөдөн билим алган же чогуу жашап, чогуу кызмат кылган адамдар болгон деп ырасташат. Ал эми бир журналда ал адамдар «өздөрүн Яхвеге [Жахабага] кызмат кылууга арнаган жана атасындай болуп калган пайгамбарларга кызмат кылгандарды» билдириши мүмкүн экени айтылган («Journal of Biblical Literature»; салыштыргыла: 2 Падышалар 2:12). Ыйык Китепте Элиша пайгамбар Жейуну падыша кылып майлаганы жиберген кишинин «пайгамбардын кызматчысы» болгону айтылат (2 Падышалар 9:4).

«Пайгамбар уулдары» жупуну жашаган көрүнөт. Ыйык Китепте Элиша пайгамбардын күндөрүндө алардын өздөрүнө үйлөрдү курганы жана «пайгамбар уулдарынын» биринин бирөөдөн убактылуу балта сурап алганы айтылат (2 Падышалар 6:1—5). Ошондой эле анда «пайгамбар уулдарынын биринин аялы» жесир калганы жөнүндө айтылганынан алардын айрымдары үй-бүлөлүү болгонун билүүгө болот (2 Падышалар 4:1). Кудайдан корккон ысрайылдыктар, кыязы, «пайгамбар уулдарын» абдан сыйлашкан жана Ыйык Китепте жазылган бир билдирүүгө ылайык, аларга тамак-аш тартуу кылып турушкан (2 Падышалар 4:38, 42).