Боорукердик Кудай жогору баалаган сапат
ЖАПОНИЯДА жашаган бир жаш жигитке улгайып калган бир миссионердин боорукердик менен мамиле кылганы жакшы таасир эткен. Ал кишинин Жапонияга келбегенине көп жыл болгондуктан, жапон тилинде жакшы сүйлөй албай калган. Ошондой болсо да ал ошол жигиттин үйүнө жума сайын барып, ага Ыйык Китепти изилдегенге жардам берчү. Ал киши анын Ыйык Китепте жазылгандарга байланыштуу көптөгөн суроолорунун баарына жооп берип, жылуу-жумшак мамиле кылчу.
Улгайган миссионердин мамилеси жигиттин жүрөгүн козгогондуктан, ал: «Эгер Ыйык Китепте жазылгандар адамга ушунчалык боорукер, мээримдүү болгонго жардам берсе, анда мен ал китепти сөзсүз окуп-изилдеп көрүшүм керек»,— деп ойлогон. Ошентип, улгайып калган кишинин ага кылган мамилеси жигитке буга чейин такыр билбеген китепти окуп-изилдеп көргөнгө түрткү берген. Ооба, боорукердик адамдын жүрөгүн козгоп, сөздөргө караганда алда канча күчтүү таасир эте алат.
Кудайга мүнөздүү сапат
Адатта, биз жакын адамдарыбызга боорукердик менен мамиле кылабыз. Негизинен, боорукердик туугандарыбызга, жакындарыбызга болгон ынактыкты билдирет *. Боорукердик — бул Кудайга мүнөздүү сапат. Иса пайгамбар Кудайдын аны сүйгөндөргө эле эмес, «жакшылыкты билбегендерге» да боорукердик менен мамиле кыларын айткан. Ал жолдоочуларын Кудайды туураганга чакырып: «Асмандагы Атаңар жеткилең болгондой, силер да жеткилең болгула»,— деген (Лука 6:35; Матай 5:48; Чыгуу 34:6).
Кудай адамдарды өзүнө окшош кылып жараткандыктан, адамдар боорукер боло алышат (Башталыш 1:27). Биз Кудайды туурап, жакындарыбыздан тышкары, башка адамдарга да боорукердик менен мамиле кыла алабыз. Ыйык Китепте боорукердик сапатынын Кудайдын иш-аракет кылганда колдонгон күчүнүн — ыйык рухунун — жардамынын аркасында өрчүгөн сапаттардын бири экени айтылат (Галатиялыктар 5:22). Андыктан Жараткан Кудайыбызды таанып-билип, аны менен ынак мамиледе болсок, ушул сапатты өрчүтө алабыз.
Кудай адам баласын бул сапатты өрчүтө алгыдай кылып жаратканы үчүн эле эмес, бул сапатты жогору баалаганы үчүн бизди «боорукер болгонго» чакырган (Эфестиктер 4:32). Ошондой эле ал «меймандостук көрсөтүүнү» же «чоочундарга боорукердик менен мамиле кылууну» унутпашыбыз керектигин айткан (Еврейлер 13:2).
Азыр биз мерез, жакшылыкты билбеген адамдардын арасында жашап жатабыз. Анда жакындарыбызга, атүгүл, өзүбүз тааныбаган адамдарга боорукердик менен мамиле кылуу мүмкүнбү? Боорукер болууга бизге эмне жардам берет? Эмне үчүн боорукер болушубуз керек?
Кудай баалаган сапат
Кызыктуусу, Кудайдын Пабыл деген кызматчысы бейтааныш адамдарга боорукердик менен мамиле кылгандар жөнүндө сөз кылып: «Өздөрү билбей периштелерди коноктошкон»,— деп айткан. Эгер силерге периштелерди коноктогонго мүмкүнчүлүк берилсе, кандай сезимде болот элеңер? Элчи Пабыл жогорудагы аятта «өздөрү билбей» деген сөздөрдү айткан. Эгер биз боорукер болуп, бейтааныш адамдарга да жакшылык кылсак, Кудайдан оюбузга да келбеген баталарды алышыбыз мүмкүн.
Ыйык Китептин кайчылаш аяттары бар көптөгөн котормолорунда элчи Пабылдын жогорудагы сөздөрүнө берилген кайчылаш аяттарда, тагыраак айтканда, Башталыш китебинин 18, 19-бөлүмдөрүндө Ыбрайым пайгамбар менен тууганы Лот жөнүндө жазылган. Ал бөлүмдөрдө Ыбрайым пайгамбарга жана Лотко адам кейпин кийген периштелердин келгени тууралуу айтылат. Алар Ыбрайым пайгамбарга да, Лотко да маанилүү бир кабарды айтыш үчүн келишкен болчу. Периштелер Ыбрайым пайгамбарга анын уулдуу болорун кабарлашкан. Ал эми Лотко Содом менен Амор деген шаарлардын кыйратыларын, аман калыш үчүн эмне кылыш керектигин айтышкан (Башталыш 18:1—10; 19:1—3, 15—17).
Ыйык Китептеги жогоруда айтылган бөлүмдөрдөн Ыбрайым пайгамбардын да, Лоттун да өздөрү тааныбаган адамдарга боорукердик менен мамиле кылганын көрүүгө болот. Албетте, байыркы убакта жолоочуларга, алар достору болобу, туугандары болобу же бейтааныш адамдар болобу, меймандостук көрсөтүү салт болчу жана парыз деп эсептелчү. Кудайдын Муса пайгамбар аркылуу берген Мыйзамында ысрайылдыктардын келгиндерге кам көрүшү керектиги айтылган (Мыйзам 10:17—19). Ал Мыйзам Ыбрайым пайгамбар менен Лот жашаган убакта жок болчу, бирок алар ошол Мыйзамда меймандостукка байланыштуу айтылгандардан да көптү кылышкан деп айтууга болот. Ыбрайым пайгамбар менен Лот колунан келгенин кылып, бейтааныш адамдарга боорукердигинен улам жакшылык кылганы үчүн мол бата алышкан.
Ыбрайым пайгамбар башка адамдарга боорукердик менен мамиле кылганынын аркасында Кудайдын батасын алып, уулдуу болгон. Анын аркасында биз да бата алып жатабыз. Кандайча? Кудайдын ой-ниети Ыбрайым пайгамбар менен уулу Ыскак аркылуу ишке ашмак, башкача айтканда, адамзатты күнөө менен өлүмдөн куткара турган Машаяк алардын тукумунан чыкмак. Алардын ишеним менен кылган иш-аракети Кудайдын сүйүүсүнөн, мээримдүүлүгүнөн улам адамзатты куткарыш үчүн кылган иш-аракетинин көлөкөсү болгон (Башталыш 22:1—18; Матай 1:1, 2; Жакан 3:16).
Жогорудагы билдирүүлөрдөн Кудай жакшы көргөн кызматчыларынан эмнелерди күтөрү жана боорукердик сапатын канчалык баалаары айкын көрүнүп турат. Ооба, боорукердик — Кудайдын көз алдында абдан баалуу сапат.
Боорукер болуу Кудайды жакшыраак билгенге жардам берет
Ыйык Китепте биз жашап жаткан убакта көптөрдүн «жакшылыкты билбеген, ишенимсиз, жакындарын сүйбөгөн» адамдардан болору айтылат (2 Тиметей 3:1—3). Мындай адамдарды күн сайын эле көрүп жатсаңар керек. Бирок бул боорукер боло албайбыз дегенди билдирбейт. Ыйык Китепте: «Жамандыкка жамандык менен жооп бербегиле. Баарынын алдында жакшылык кылууга умтулгула»,— деген кеңеш берилет (Римдиктер 12:17).
Биз өзүбүз жакшы билген адамдарга эле эмес, бардык адамдарга боорукердик менен мамиле кылышыбыз керек. Ыйык Китепте: «Ким сүйсө... Кудайды билет»,— деп жазылган. Сүйөрүбүздү далилдөөнүн бир жолу — башкаларга боорукердик менен мамиле кылуу (1 Жакан 4:7; 1 Корунттуктар 13:4). Жогорудагы аяттан көрүнүп тургандай, адамдарга боорукердик менен мамиле кылып, кайрымдуу болсок, Кудайды жакшыраак таанып-билебиз. Бул болсо бизди бактылуу кылат. Иса пайгамбар бир жолу: «Кайрымдуулар бактылуу, анткени аларга кайрымдуулук көрсөтүлөт. Жүрөгү тазалар бактылуу, анткени алар Кудайды көрүшөт»,— деп айткан (Матай 5:7, 8).
Эмне дешти же эмне кылышты билбей жатсак, жылуу сөз айтып, жакшы иш кылсак, жаңылбайбыз
Келгиле, Жапонияда жашаган, эки уулу бар Аки деген келиндин мисалын карап көрөлү. Апасы күтүлбөгөн жерден каза болуп калганда, ал аябай чөгүп кеткен. Абалы абдан начарлап кеткендиктен, ал доктурга көрүнүп турчу. Бир күнү Аки жашаган жерге беш балалуу бир келин көчүп келген. Анын күйөөсү кырсыкка учурап, каза тааптыр. Аки ошол келинге боору ачып, жакшылык кылган. Ал ошонун аркасында ал келин менен да, анын балдары менен да аябай ынак мамиледе болуп калган. Аки аларга тамак-ашын, балдарынын кийилбей калган кийимдерин берип, колдон келген жардамын берген. Бул болсо ага күйүтүн көтөрүп кеткенге күч берген. Ошондо Аки Ыйык Китепте жазылган: «Алганга караганда берген бактылуу»,— деген сөздөрдүн калетсиздигине ынанган (Элчилер 20:35). Ооба, кайрымдуу, боорукер болсок, кыйынчылыктарыбызды оңой көтөрө алабыз.
«Жахабага карыз берген» болобуз
Боорукердик менен мамиле кылуу үчүн көп нерсенин деле кереги жок. Ошондой эле ал үчүн аябай жөндөмдүү, күчтүү болуу талап кылынбайт. Жылмаюу, жылуу сөздөрдү айтуу, колдон келишинче жардам берүү, кичинекей белек тартуулоо же кезекте турганда кимдир бирөөнү биринчи өткөрүп коюу жакшы иш кылгандыкка жатат. Айрым учурларда эмне дешти же эмне кылышты билбей жатсак, жылуу сөз айтып, жакшы иш кылсак, жаңылбайбыз. Бул макаланын башында сөз кылынган, улгайып калган кишинин боорукердиги жаш жигитке аябай таасир эткен. Ал киши тилди жакшы билбесе да, боорукер, кайрымдуу болууга умтулган. Себеби Кудай өзүнүн кызматчыларынан «кайрымдуулукту жакшы көрүүнү» талап кылат (Микей 6:8).
«Бир ооз жылуу сөз кыш айларын жылытат». Чыгыш элинин бул макалы боорукердик менен кылынган кичинекей эле иш канчалык күчтүү таасир этерин көрсөтүп турат. Адам андай ишти жакшы ниет менен, айрыкча, Кудайга болгон сүйүүсүнөн улам кылса, өзүнүн да, өзү жакшылык кылган кишинин да жүрөгү жылыйт. Боорукер болгонубузду эч ким баалабаса да, боорукер болууга умтула бергенибиз маанилүү. Анткени Кудай боорукердикти абдан жогору баалайт. Ыйык Китепте боорукер болуп, жакшылык кылган кишинин «Жахабага карыз берери» айтылат (Накыл сөздөр 19:17). Андыктан адамдарга боорукердик менен мамиле кылганга аракет кыла берели.
^ 5-абз. Бир сөздүктө «боорукердик» деген сөздүн түпкү мааниси «жакындыкты, ынактыкты, жакын адамдарыбызга туйган назик сезимдерибизди» билдирери айтылат («The Oxford English Dictionary»).