Кудай деген ким?
Кудай Сөзүнөн билим ал
Кудай деген ким?
Бул макалада каралган суроолор сени ойлондуруп жүргөндүр. Макалада алардын жообун Ыйык Китептен тапса болору көрсөтүлөт. Жахабанын Күбөлөрү ал суроолорду сени менен талкуулоого кубанычта болушат.
1. Кудай деген ким?
Чыныгы Кудай — бардык нерсенин Жаратканы. Ыйык Китепте анын «Түбөлүктүктүн Падышасы» экени айтылат, бул анын башталышы болбогонун, аягы да болбой турганын билдирет (Аян 15:3). Кудай өмүрдүн Булагы болгондуктан, биз ага гана сыйынышыбыз керек (Оку: Аян 4:11).
2. Кудай кандай сапаттарга ээ, денеси кандай?
Кудайды эч ким көргөн эмес, анткени ал — Рух. Бул анын жашоо формасы жердеги жаратуулардыкынан жогору турарын билдирет (Жакан 1:18; 4:24). Кудайдын колунан бүткөн нерселерден анын касиет-сапаттары айкын көрүнүп турат. Мисалы, түркүн-дүйүм жер-жемиштердин, гүлдөрдүн түзүлүшүнө байкоо салганыбызда Кудайдын сүйүүсүн жана акылмандыгын көрө алабыз. Ааламдын сөз менен айтып жеткире алгыс кеңдиги Кудайдын кудуреттүүлүгүнөн кабар берет (Оку: Римдиктер 1:20).
Ошондой эле Ыйык Китептен Кудайдын кандай сапаттарга ээ экенин окуп-билүүгө болот. Алсак, анда Кудайга эмне жагары, эмне жакпай турганы, анын адамдарга кандай мамиле кылары жана ар кандай жагдайда кандай иш-аракет кылары айтылат (Оку: Забур 102:7—10).
3. Кудайдын ысмы барбы?
Иса: «Асмандагы Атабыз, ысмың ыйыкталсын»,— деген (Матай 6:9). Кудайдын наамдары көп болсо да, анын бир эле ысмы бар. Ар кайсы тилде анын айтылышы ар кандай. Кыргыз тилинде Кудайдын ысмы «Жахаба» деп айтылат (Оку: Забур 82:19).
Кудайдын ысмы Ыйык Китептин көптөгөн котормолорунан алынып салынып, «Теңир» же «Кудай» деген наамдарга алмаштырылган. Бирок Ыйык Китеп жазылганда Кудайдын ысмы анда 7000дей жолу кездешкен. Иса Ыйык Жазманы түшүндүргөндө Кудайдын ысмын колдонуп, аны адамдарга ачып берген. Андан тышкары, ал аларга Кудайды таанып-билүүгө жардам берген (Оку: Жакан 17:26).
4. Жахаба бизге кам көрөбү?
Жахаба биздин жыргалчылыгыбызга кызыкдар болгондуктан, ар бирибиздин тиленүүбүздү угат (Забур 64:3). Жашоонун азап-кайгыга толгону Кудайдын бизге кам көрбөй турганын билдиреби? Кээ бирөөлөр Кудай адамдарды сынаш үчүн азапка салат деп ырасташат, бирок чынында андай эмес. Ыйык Китепте: «Кудай эч качан жамандык кылбайт»,— деп айтылат (Аюб 34:10, «ЖД»; оку: Жакып 1:13).
Кудай адам баласына урмат көрсөтүп, өз алдынча чечим чыгаруу укугун берген. Кудайдын ага кызмат кылар-кылбасыбызды өзүбүз чечүүгө мүмкүнчүлүк бергенине ыраазы эмеспизби? (Жашыя 24:15). Көптөр чечим чыгаруу укугун кыянат пайдаланып, башкаларга жамандык кылгандыктан, азап-кайгы көп болууда. Жер жүзүндө болуп жаткан адилетсиздик Жахабанын жүрөгүн оорутпай койбойт (Оку: Башталыш 6:5, 6).
Жакында Жахаба Иса аркылуу азап-кайгыны жана ага себепкер болгондорду жок кылат. Ал эми Жахабанын азап-кайгыга убактылуу жол берип жатканына орчундуу себептер бар. Ушул рубриканын кийинчерээк чыга турган макаласында Кудайдын азап-кайгыга эмне үчүн жол берип жатканы түшүндүрүлөт (Оку: Ышайа 11:4).
5. Кудай эмне кылышыбызды каалайт?
Жахаба бизди аны таанып-билүүгө жана сүйүүгө жөндөмдүү кылып жараткан. Ырас, Кудай ал жөнүндөгү чындыкты билишибизди каалайт (1 Тиметей 2:4). Эгер Ыйык Китепти изилдесек, аны жакын Досубуз катары көрүп калабыз (Оку: Накыл сөздөр 2:4, 5).
Жахаба бизге өмүр бергендиктен, баарынан мурда аны жакшы көрүшүбүз керек. Кудайга тиленүү жана анын осуяттарын аткаруу менен аны сүйөрүбүздү көрсөтөбүз (Накыл сөздөр 15:8). Мисалы, Жахаба башкаларга сүйүү менен мамиле кылышыбызды каалайт (Оку: Марк 12:29, 30; 1 Жакан 5:3).
Жахабанын Күбөлөрү чыгарган бул китептин 1-бөлүмүндө көбүрөөк маалымат камтылат.
[17-беттеги сүрөт]
Кудайдын азап-кайгыга убактылуу жол берип жатканына орчундуу себептер барбы?